АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Казат баштап урушуп,

Эми катылбай койбойм бириңе.

Тим жүргөн жанды тим койбой,

Тийдиңби менин жиниме?

Катыламын Каканчың

Басташканым Бакбурчун

Белди бекем бубамын,

Бездиң кара калмагым,

Сени Бээжинге чейин кубамын!

Жетчү болсом кокустан,

Кабыргаңдын бөксөсүн

Качыр-бучур сөгөмүн,

Каныңды койбой төгөмүн,

Кызыталак, ой, калмак,

Азапка эми чатылдың,

Жети миң балбан кол тартып,

Жергеме не - деп, катылдың.

Жергеме кол салгыдай,

Мени байлап алгыдай,

Бээжинден көчкөн кытайдын

Беш калаа сан көчү жок,

Бейилсиз калмак тура тур

Жети атаңдын өчү жок!»

Манас келет күүлөнүп,

Шер Жолойго сүйлөнүп,

Бакырып Манас кеп айтса,

Качкан Жолой калмактын

Көңүлү кетти бөлүнүп,

Аркасына көз салса,

Айкөл Манас кабылан

Кан ичер түрү көрүнүп,

Астындагы Торучаар

Көрүнгөндө көрүнүп,

Көрүнбөсө союлгур

Көк түтүн болуп бөлүнүп,

Омбул-домбул чуратып,

Тозоңун тоодой уратып,

Астындагы Торучаар

Булуттай учуп закымдап,

Калган экен кызыталак

Ачбууданга жакындап,

Жакын Манас барганда

Былкылдактын сары саз

Ичи токой, чилик аралаш

Айласын таппай шашты эми

Көзөл экен эр Жолой

Токойго кире качты эми.

Калмактардын кан Жолой

Өзү жайчы кул экен,

Токойго кирип барганы,

Күн жаадырчу жай ташты

Көтөрүп сууга салды эми.

Астыдан булут табылды,

Жер жүзүнө көгөрүп,

Жөө туман түшүп жабылды,

Туш-тушунан зыркырап,

Муздак шамал урду эле,

Тоо башына дүмпүйүп,

Кара булут турду эле.

Булут учуп кыбырлап,

Асмандан алты сай мөндүр куюлуп,

Ак ала жамгыр шыбыргак

Кудай бетин көргөзбө,

Тоо-тоонун башы жабылып,

Чуңкурдан туман табылды.

Бөксөнүн баары мөндүрлөп,

Жаканын баары жамгырлап,

Аңгектин баары тыгындап,

Арыктын баарын жыгындап,

Асман менен куюлган

Алты сай мөндүр шыбыргак,

Жердин үстү бузулуп,

Кыян жүрүп кыбырлап,

Коктудагы жыгачтын

Дүмүрү чыгып короюп,

Жаткан төөдөй, уйдай таш

Талаага токтоп короюп.

Жаткан төөдөй дөңгөчтөр

Каршы-терши сороюп,

Токойдун баары тутулуп,

Тоонун баарын карасаң

Кыян жүрүп бузулуп,

Кызык кылып күн жайлап.

Кызыталак Жолой кутулуп,

Аранын баары бузулуп,

Жайдын күн муздак кыш болуп,

Төрө Манас бетине

Төрт эли муздак муз туруп,

Кыбыладан

Муздак жел жүрүп зырылдап,

Чүмкөгөн булут чачылып,

Жапжарык болуп

Алданын күнү ачылып,

Жер үстүнөн кара буу чыгып буркурап,

Жолойду таппай кайгырып,

Кан ичер канкор зор Манас

Алтайга тартты кайрылып,

Жалгыз жолду жакалап,

Көрүнгөндө көрүнгөн

Тетиги Алтайдын тоосун бакалап,

Асмандан ак ала мунар тутулуп,

Көп балбанын кырдырып,

Баякы тозоку Жолой кутулуп.

Атаа, олжоңдогон кайран эр

Олоктоп тарткан ошол жер,

Ач арслан төштөнүп,

Ачуусу келип түнөрүп,

Алгыр бүркүт көздөнүп,

Оңураңдап кайран шер,

Олоңдогон курган эр

Урунарга тоо таппай,

Урушарга жоо таппай,

Жүрөрүнө жол таппай,

Тиерине кол таппай,

Алтайдын тоосун жакалап,

Асыл көк жал келатса

Алтымыш тулпар сан буудан

Астына айдап алыптыр,

Бет алдынан барбайып,

Каман алп чыга калганы.

Каман алпты көргөндө

Эрте сөзү кеч болуп,

Кан ичме Манас канкордун

Бир кагыша кетүүгө

Эки көзү төрт болуп:

«Кайчы кулак Каман алп

Кармалаша калайын,

Олжо кылган күлүгүн

Ортодон тартып алайын!

Күрдөлүү башым барында

Күлүктөрдү айдатып,

Олжого кантип берейин,

Күчтүүсүнгөн кул менен

Күпүлдөшүп көрөйүн

Туйгун башым барында

Тулпарым кантип берейин,

Бээжинден чыккан алп экен

Муну менен бет алышып көрөйүн!

Каарды катуу салайын,

Опол-тоодой алп менен

Бир кагышып калайын,

Тагдыр жетсе өлөйүн,

Опол-тоодой балбанга

Олоктошуп жолугуп,

Ойрондошуп көрөйүн!

Баатырсынган Каман алп

Качырып айза саяйын,

Камбылсынган ит менен

Бир кармалашып калайын.

«Тагдырда жоктур даба» - деп,

Талканды мыктап салайын,

«Кара калмак сага» - деп,

Капкайдагы өчүм алайын.

Кайчы кулак Каман алп

Кайраты мыктуу, заары күч

Бул бир тобунан жаман алп,

Айзакерден абыдан

Даңгылдыгы бар экен,

Алышканды жок кылган

Камбылдыгы бар экен.

Алышкан жоого кез келсе

Добушунан жан чыгат,

Ою менен болчу экен,

Колуна таамай тийгенин

Жаш камыш чөптөй орчу экен,

Кайраты келип, кол салса,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.