АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Кагышкандын баарысын
Жөн эле аты менен сорчу экен,
Алышкандын эченин
Кыргын кылып койчу экен.
Кечээ жети Бээжин козголуп,
Кап-Тоонун бери бетинде,
Кытайдын ары четинде,
Кыяңгер, Капсаң-Тоосунда,
Суук-Капчыгай оозунда
Суук-Төр деген төрүндө,
Жалгыз көз деген элинде,
Кызыталак кытайдын
Уруусу эчен элинде,
Ошонун бер жак бетинде,
Шибе деген эл экен,
Жери майдан ээн экен.
Адам бөлгөн алыстан,
Катыны тууса ырымы -
Устара кылган камыштан,
Киндигин кесип ырымдап,
Тукуму шибе дээр экен,
Жалгызын көрсө карышкыр
Алыста койдой жээр экен,
Кайчы кулак Каман алп
Ошол шибе эл экен.
Шибе журттан туулуп,
Балбан болуп Каман алп
Боконо сөөгү толгондо,
Балбан атка конгондо,
Казынага алыптыр,
Тоюна токсон качыр союптур,
Муну менен чоң балбан атка конуптур.
Ошол Суук-Төрдүн жеринде,
Жалгыз көздүн элинде
Сазаңшаңдын өзүндө,
Жети Бээжин козголуп,
Жети жыл уруш салыптыр,
Ит жээр, бит жээр калкына
Согуш кылып барыптыр,
Кытайдын баары жыйылып,
Жалгыз көздүн элине
Согуш кылып барганда
Жалпы баары кырылып,
Атагы чыккан Бээжинге,
Жалгыз көздүн элине
Жапаны жалгыз салыптыр,
Калмактардын Жолою
Белге таңуу кылыптыр,
Жалгыз көз элин Каман алп
Жалгыз өзү кырыптыр.
Кайраттуусун жайлаптыр,
Канчаларын кул кылып,
Бээжинге тирүү байлаптыр.
Бейпайды мыктап салыптыр,
Бет каратып багынтып,
Жалгыз көз журтун алыптыр.
Кайчы кулак Каман алп
Катылганды кайсаган
Бул дагы атагы чыккан жаман алп.
Керишип канга тойбогон,
Үйүң күйгөн бул чочко
Кез болгонду койбогон,
Балбандыгы башкача,
Мунун баатырлыгы бир канча,
Жүрөгүнөн чаң чыгат,
Мунун добушунан жан чыгат.
Эчен төрдү жайлаган,
Эр Эсенкан баатырга
Тартуу кылып эчен дөөнү байлаган.
Балбандыгы билинген,
Белгиленип чоң кандын
Бичигине чийилген.
Кайчы кулак Каман алп
Манастын түрүн көргөндө
Каарланып бакырып,
«Какайлап» ураан чакырып,
Каарланып элеңдеп,
Жай-жарагын белендеп,
Керишүүгө ой кылып,
Керигин санга бир салып,
Түсү качып, көз жайнап:
«Түгөтөм бурут сени» - деп,
Айзасын түздөп бек кармап,
Айгайы кулак тундуруп,
Колундагы айзасын
Манасты көздөй сундуруп,
Жебеден мурун жетишип,
Жеткен жерден мушташып,
Айзалашып өтүшүп,
Айза сынып кеткенде
Айбалта менен кагышып,
Андан айла кеткенде
Кылыч менен чабышып,
Мындан айла кеткенде,
Чокмор менен кагышып,
Кезенишип турушуп,
Бет алышып урушуп,
Кез болгондун баарысын
Бөрүчө бөлүп жулушуп,
Карсылдашып урушуп,
Чоң Алтайда чыр салган,
Канкоруңдун жумушу
Карама карап калышып,
Кармай калып айзаны
Кез келген жерге малышып,
Кылыч башта жаркылдап,
Айбалта башта такылдап,
Жан аябай турушуп,
Жадаал салып урушуп,
Арслан Манас көк жалдын
Колдогону кырк чилтен
Шер экени белгилүү,
Ошондо Манас кабылан
Чымырканып чыңданды,
Бардыгер күчтүн баарысын
Колуна жыйып тыңданды,
Кайраттанып сабылып,
Кайыптан акыл табылып,
Каарланды Манас кан
Кудретке жалынып:
«Душманды кыраар шер кылдың
Он эки мүчө тең кылдың,
Бир капырга ал жетпей
Мынча неге кем кылдың?» -
Деп, ошондо муну айтып,
Арсландай көзү жайнады,
Канкор Манас шериңдин
Кан ичмеси кармады.
Каарланып урушту,
Каршылашып турушту.
Кыраан Манас кайран шер
Эңкейип эрдик салды эле,
Каман алптын
Кол токмоктой кара чач
Колуна тие калды эле,
Шамдагайы болжолсуз
Шапа-шупа бат кармап,
Үзөңгүнүн боолукка
Үч жол орой салды эле,
Жылкыдан тулпар Торучаар
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
«Чү» - деп жүрүп калды эле.
Торучаар жоого үйрөтүп,
Опол-тоодой шибени
Дыркыратып сүйрөтүп,
Бай Жакыптын чоң кылыч
Жанынан сууруп алды эми,
Кайчы кулак Каман алп
Койдой башы кесилип,
Коондой ичи жарылып,
Кан Манастын колунан
Өлүм болуп калды эми.
Колот жерди май кылып,
Каман алпты жай кылып,
Кыргын салып кытайга
Канга тоюп катыгып,
Канкор Манас атыгып,
Катылган тирүү калган жок,
Кудай сүйгөн кайран шер
Өлгөн менен арман жок.
Беттешкенди мент кылды,
Кез болгонду кармады,
Бет ала келген балбандан
Бирөө тирүү калбады,
Беттешкендин баарысын
Берен Манас жалмады.
Белсенип чыккан күчтүүнүн