АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Берен Манас колунан

Бирөө тирүү калбады.

Торучаар ичин ачырып,

Топ балбанын кырдырып,

Топурак-Тикен жонунан

Тозоку Жолой балбанын

Бээжинди көздөй качырып,

Аябаган дүмөктү

Арслан салган жери экен.

Алтымыш буудан тулпарды

Айдап Манас келди эми,

Жанындагы кырк бала

Олжо кылып кетти эми.

Кырк баланын башчысы,

Кыйласынан жакшысы,

Айзага камбыл ыктуусу,

Жоо бөрүсү мыктуусу,

Куру сөздүн бекери

Куруп калган Кутубий -

Көк жал Манас жөкөрү.

Ободон жылдыз болжошу,

Байчоро менен Чалыбай,

Баатырыңдын жолдошу,

Жыйып алган кырк бала

Канкоруңдун жолдошу.

Манас салып кыргынды

Туурдугун май кылды,

Тушукканда кыргызды

Туш-туш жерге бай кылды.

Керегесин май кылды,

Кезиккенде кыргызды

Келберсиген бай кылды.

Санаасы менен болтурду,

Сандыгынын баарысын

Сары алтын мүлккө толтурду,

Көңүлү менен болтурду,

Көмүркөйдүн баарысын

Көп алтынга толтурду.

Ордо бузуп, олжо алып,

Орчун журтту байытты,

Телегейин тең кылды,

Катылганды тең кырды,

Кара калмак, манжууга

Кырк үйлүү кыргыз шордууну

Ошол журтка тең кылды.

Чоңсунганын сомдоду,

Зордук кылган адамды

Айбалталап токмоктоп,

Арслан Манас оңдоду,

Келип калса кокустан

Бирөө тирүү болбоду.

Жүрүшүнөн чаң чыгып,

Добушунан жан чыгып,

Кырк үйлүү кыргыз журтуна

Кабылан Манас туулган,

Кулак угуп, көз көрүп,

Аты угулган манжууга

Айкөлүң салды чуулган.

Жолоп адам барбады,

Жолборсуңдун астына

Жолуккан тирүү калбады.

Каттап адам барбады,

Канкоруңдун өзүнө

Катылган тирүү калбады.

Кырк үйлүү кыргыз карып журт:

«Манас атка минди - деп,

Кыйланып келген кырк үйлүү

Эгедер болуп, ээ болду

Маңдайга кудай бир жазган

Бизге ырыс дөө болду», -

Баабединге бат айтып,

Алда Таала жолуна

Ай туяктан ат айтып,

Өлө турган ой кылып,

«Кара калмак, манжуудан

Кутулуп жатып калдык» - деп,

Курган кыргыз той кылып,

Баабединин бат айтып,

Түлөө кылып буркурап,

Түгөл кыргыз чуркурап,

Мойнуна буурчак салынып,

Чурулдашып чуу туруп,

Жаратканга жалынып,

Күйүттүн баары ачылып,

Күптүнүн баары жазылып,

Ачылган арт жабылып,

Абийирдин баары табылып,

Үзүлгөнү уланып,

Үшүнтүп кыргыз кубанып:

«Өчкөн оттор тамды - деп,

Маңдайга Манасты кудай берди - деп,

Боз керешке булуң чер

Жел тийбеген жылууну

Кудай бизге берди - деп,

Ордолуу журттан айрылып,

Тентип келген эл элек,

Кара калмак, манжуу журт

Ортосунда калчу элек,

Каяшаяк биз берип,

Кайшалаңдап бир койсок,

Кыргын болуп калчу элек».

Киши тапкыс ой кылып,

Курган кыргыз той кылып,

Көк бөрү тартып чаң салып:

«Кутулдук калмак элден» - деп,

Кунан чаап, чаң салып,

Кутуруп кыргыз даң салып:

«Журт кутулуп калдык» - деп,

Эсепсиз кыргыз той кылып,

Элдин жаны тынды эми.

Манас, Манас болгон жер,

Манас атка конгон жер,

Ак калпакты кийди эми,

Алчайып атка минди эми.

Эки тизгин, бир чылбыр

Эми колго алды - дейт,

Ордо күтүп, кан болуп,

Олуязаада жан болуп,

Орунтуктуу эр болуп,

Он эки мүчө тең болуп,

Күйүттүү кыргыз кырк үйлүү

Күтүп алаар шер болуп,

Толкуган кара калмакка

Тоодой кара сел болду.

Ошондо Манас кабылан

Чалгын чалып, жер кайгып,

Буурукса бугу атышып,

Буурукпаса Алтайда

Кеңири ойноп жатышып,

Түздөн кулан куулган,

Каканчы менен кармашып,

Бээжинге салган чуулган,

Берен да ошол, бел да ошол,

Белгилүү Манас шер да ошол.

Дүнүйөнү жайнатып,

Багылан козу, ширин баш,

Бор кайнатып салышып,

Капанын баарын жоюшуп,

Бай Жакыптын кырк тайын

Бир сапарда союшуп,

Мал күндүү Жакып карыя:

«Кырк тайым бир күн сойду» - деп,

Чекесин түйүп тырышып,

Кайта айтууга чара жок

Ичинде Жакып урушуп.

 

Манаска кырк чилтен, Кызырдын жолукканы Акбалтайдын кеңеши

менен Манас Кошойду көздөй жөнөгөнү

Таң кашкайып сүргөндө,

Жерге жарык тийгенде,

Супа садак чалганда,

Таң сөгүлүп калганда,

Таң атардын муздак жели урганда

Камыштын башы зыркырап,

Балапан торгой чуркурап,

Жерге жарык тийди эле,

Жанындагы кырк бала

Кыраң жерди караса

Көңүлү кетип бөлүнөт,

Кыраң менен бир болуп,

Кырк бала менен Манаска

Бир карышкыр көрүнөт.

Карышкырды көргөндө

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.