АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Арсландай чамынып,
Кайыптан акыл табылып,
Денеси үркүп чочунуп,
Коржоктогон шер Манас
Торучаар атты токунуп,
Кылычты кынай жайланып,
Чокморду туура байланып,
Береленип белсенип,
Берен Манас көк жалың
Бери ургандай теңселип,
Ар болотун шайланып,
Жабдык жасап байланып,
Жанындагы кырк бала
Каарланып таптанып,
Канкорго жөкөр болууга
Кыркынын баары аттанып,
Астында Манас кабылан
Журт баштаган төрөдөй,
Айгай салып, чуу тартып,
Кырк баланын баарысы
Кыргын тийген эмедей,
Карышкыр качты зирилдеп,
Тегеректеп кырк бала
Бөрүнү кууду бириндеп.
Айгай кулак тундурду,
Айкөл Манас баш болуп,
Астындагы бөрүнү
Бир эсебин эңкейип,
Таба турган болгондо,
Эми жетип бөрүнү
Чаба турган болгондо,
Оң жагына караса
Кыядан түштү кырк киши,
Кырк чилтендин өзү экен,
Бөрү болуп кубулган
Аты Алейкисалам өзү экен,
Өзү турмак береки
Караган кара көзү экен,
Карышкыр болуп кубулуп,
Манаска жолукканы жүргөнү
Белестен чыкты беш киши
Ак селдеси казандай,
Айкырса үнү азандай,
Зорлугу тоонун теңиндей,
Айбаты жанды жегидей,
Шай атамдын өзү экен,
Кырааның Манас көк жалга
Жолуга турган кези экен,
Кол алышып турду эми.
Аты Кызыр дубана:
«Колдодум» - деп, Манаска
Ичинен ыпча тон берди,
Кырк чилтендин баарысы,
Шай ата баштык карысы
Кыдырата кол берди.
Белекке берген көк күрмө,
Ок өтпөй турган бек күрмө,
Кийсең жоого ылайык,
Ок өтпөгөн кылайып,
Табылгы жаксаң чок өтпөйт,
Очогор атса ок өтпөйт,
Жакадан тартсаң кол өтпөйт,
Жакасы алтын, жеңи жез,
Кош бадана, торгой көз,
Келеме жака, кең күрмө,
Керишке кийсең ылайык.
«Кызыр атам берди - деп,
Алты шердин кенжеси,
Арсланым, кийгин бул тонду,
Балбандыгың башкача
Алда Таалам жаратты,
Сенин баатырлыгың бир канча,
Отко салса күйбөйсүң,
Сел каптаса акпайсың,
Арбагың артык, заарың күч,
Катылгандын баарысын
Алдам ысап бербесе,
Кыйратасың кылып түз.
Алда Таала жалгыздын
Мендеси болуп жаралдың,
Алты шердин артыкча
Кенжеси болуп жаралдың,
Зайыппуруш көк жалдын
Берени болуп жаралдың,
Калк баашасы кабылан
Эрени болуп жаралдың,
Султандасың, кандасың
Жараткан чындап жасаган
Арбагың бийик, атың оор,
Айкөл Манас өзүң зор
Бел байлаган белимсиң,
Алда Таала жараткан
Белгилүү көк жал шеримсиң.
Арбагың бийик, атың оор -
Эңкейтип душман жеңе албайт,
Сага эч ким туура келе албайт.
Айкашкан жоого киргенде,
Шыдыр жолуң төтөлөйм,
Ооздуктан алып, кулунум,
Өзүм кармап жетелейм.
Жараткан жалгыз кудайым
«Болжош бол - деп жиберди,
Жараткан жалгыз бир кудай
Көк жал Манас өзүнө
Жолдош бол» - деп жиберди,
Жылаңайлак, жылаң баш
Аты Кызыр өзүмүн.
Кулунум, Манас, көзүңдү ач!
Быягыңда кырк киши
Кырк чилтендин өзү ушул,
Кол бергени көк жалым,
Келип калган кези ушул,
Кыдырата дос болгун
Кырк чилтендин өзү ушул.
Кыдырата кол берип,
Кырк чилтен кирди чуркурап,
Белестеги беш киши
Белгилүү Шайдын өзү ушул.
«Беренге жолдош болом» - деп,
Бет алып келген кези ушул.
Түшө калып беш киши
Кучакташып калды эми,
Ошондо Манас кабылан
«Шер» атагын алды эми.
Дин түркүгү зор кансың,
Чындап кудай жараткан
Артык улук адамсың,
Кара дин болбой ак болгун,
Барлыгын билип кудайды
Чын бусурман бат болгун.
Балам, бүгүн көргөн, эртең жок
Жети күндүн бири өлүм,
Жеткилең динди билбесең
Уят болот мунуңуз,
Башыңа тоодой иш келсе
Шүкүр кылып туруңуз,
Акырет жолу такылдыр,
Акыры ыйман жакындыр,
Ал ыйманды билбеген
Дин билбеген капырдыр.
«Быссымылда» деген тилге кел,
Кудай - жалгыз, куран - чын,
Байгамбар ак, диниң ак,
Чачып ийчи жыйганды,
Каалагын жалгыз ыйманды.
Барлык бирлик иш билгин,
Кудайдын атын бүт билгин».
Кызыр мындай деген соң,
Кызырлуу Манас көк жалың
Асмандан жылдыз козголуп,
Кызыр менен Манас кан
Кырк эки сапар дос болуп:
«Өзүң улук шердирсиң», -
Кырк чилтен менен Шай атаң
Конуп калган жери ошол,
Чын бусурман Манас кан
Болуп калган жери ошол.
Каалаганы кадырдай
Түнгө келди зор Манас,
Кара динден ак болуп,
Динге келди зор Манас.
Зайыппуруш кайран шер