АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Болгон экен зор Манас,
Көкүрөккө көп ыйман
Толгон экен зор Манас.
Ошпурдун уулу Чеге экен,
Чакырып алып Чегени
Атасын сурап отурсаң,
Кара калмак уулу экен,
Чеге аттуу оңобу?
Бул бусурман бала эле,
Чеге аттуу болобу?
Чеге аты жоюлсун,
Кутубий атка коюлсун,
Куп уккун, балам, сөзүмдү,
Кутубий койдум өзүңдү,
Чынзаададан бата алдың,
Балам, сен Кутубий болуп аталдың!
Куп уккун, Манас, сөзүмдү,
Кутубий - дедим, бул бала
Кутман болот өзүңө,
Астыңа салса ак жолуң,
Сенин артыңда жүрсө сан колуң,
Өзү баатыр кыраакың,
Ушул турган Кутубий
Таалайга бүткөн мурапың.
Өйдө чыкса өбөгүң,
Ылдый тартса Кутубий
Белиңе таңуу жөлөгүң,
Маңдайга чыкса барааның,
Кармашып жоого кол салсаң
Кутубий болот карааның,
Жумшасаң канат кумарың,
Ушул турган Кутубий
Туу түбүнө турарың,
Кутман да ушул, бел да ушул,
Белге таңуу эр да ушул.
Ушул турган Кутубий
Чачып ийсе жыйгандаш,
Өлүп калса ыймандаш,
Кою бирге короолош,
Ашы бирге жороолош,
Анык жолдош чын болсоң
Арка болот Кутубий» -
Деп, ошонтүп турганда
Кутубий байкап кат билди,
Берен да экен, эр да экен,
Кудайдын атын жат билди.
Көөдөнгө толду ыйманы,
Көк жалга жолдош болууга
Бусурман болуп турганы.
Бурканынан адашып,
Эми келди Кутубий,
Бусурман динди талашып,
Кара динден ак болду,
Манас менен достошуп,
Калмак элден жат болду.
Кубат болду Кутубий
Манас шерди жандады,
Он эки бирге кол берип,
Камбылдардан кат алып,
Ошол жолдо зайыппуруш аталды.
Өзөнгө бойлой конушту,
Манас менен Кутубий
А дүйнөлүк болушту.
Ак буудай унун чайнашып,
Келеме шарып кармашып,
Адам өлөр шерт кылып,
Убаданы бек кылып,
Тулпар минип, туу уучтап,
Эрдик салып, жоо жоолоп,
Куп ынанып сөзүнө
Ошол турган Кутубий
Кубат болуп өзүнө.
Саналып жылдыз болжошу,
Кутубий баштап кырк бала
Кырааныңдын жолдошу.
Алтайдагы кырк үйлүү,
Акылманы Акбалтай
Жазы жаак, жалпак тил,
Жаңылбаган чоң чечен,
Акылга дыйкан эрени,
Кыргыздан Балтай берени,
Кырк үйлүү кыргыз чогулуп,
Кызык кылып той кылып,
Бала каздай баркылдап,
Ак сакалы жаркылдап,
Абам Балтай кеп баштап,
Акырын сүйлөп бек таштап:
«Журт баштыгы өлгөндө,
Кызык кылып биздерди
Кырк уруу кытай бөлгөндө
Биздин бирөөбүз кеттик Эренге,
Биздин бирөөбүз кеттик Каңгайга,
Биздин бирөөбүз кеттик оруска,
Жер таба албай конушка,
Биздин бирөөбүз кеттик казакка,
Моминтип түштүк азапка.
Каракандын сегиз уул
Кечээ, түпкө чогуу жеткенде,
Түгөл бойдон кордуктап,
Кара калмак, көп манжуу
Түпкө чогуу жеткенде,
Сегизинин кенжеси
Кайыпча качып жүрү - дейт,
Уламадан уласак,
Билгичтерден сурасак,
Ала-Тоону жер кылып,
Баякы Улак кан байкуш тирүү - дейт.
Кулак угуп, көз көрүп,
Биз Алтайга келгени,
Ээн басып чыкпадык,
Андан бөлөк туугандын
Эч кайсысын укпадык.
Же кырылып баары өлгөнбү?
Же кыстоону кыйын көргөнбү?
Же башына окто катылып,
Балаага башы чатылып,
Баарысы кордук көрдү - деп,
Баарысы малча сатылып,
Кыстоону кыйын көрдү - деп,
Тирүү калбай баарысы
Упат болуп өлдү, - деп,
Ушул жактан шек кылам.
Айтсам Алдага сөзүм зар эле,
Бай Жакып менен агининин баласы
Үсөн деген бар эле,
Айдап кетип Үсөндү
Кара калмак алды эле.
Бээжиндин ары жагында
Сазаңшаң деген жеринде,
Кара калмак элинде,
Кой артына салды - дейт,
Үсөн атын жойду - дейт,
Көзкаман атка койду - дейт,
Калмакча динге кирди дейт,
Жүк бурчунда бурканын
«Кудайым» - деп жүрөт дейт,
Туура калмак болду - дейт,
Балааны башка салды - дейт,
Калмактан катын алды - дейт.
Тууп берди катыны
Капанын баарын жойду - дейт,
Көкчөкөз атка койду - дейт.
Жана тууса катыны
Дөрбөлдөй атка койду - дейт.
Жана тууса катыны
Барбалдай атка койду - дейт.
Жана тууса катыны
Калмакча атты койду - дейт,
Кыргыздын атын жойду - дейт,
Калмактын атын койду - дейт,
Тууганды туура унутуп,
Баарысы калмак болду дейт.
Тулпар бактым арынап,
Айдасам бээден бөлүнбөйт,
Алыстап кеткен ал тууган,
Бизге туугандык түрү көрүнбөйт.
Кара адырмак чыбырдын
Аягы чыбыр коо чыгат,
Калмакка кеткен ал тууган
Түбүндө бизге жоо чыгат.
Жана мүшкүл иш кыйын