АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Кармашарың Каканчын,

Касташканың Бакбурчун,

Топон суу тоздоп тийбеген,

Ушул турган Бээжинге

Искендер изин салбаган,

Ушул турган Бээжинден

Эч ким сурак албаган.

Каарлуу кытай калың журт,

Мунун көптүгүн көрсөң кара курт,

Чарпышып чама келе албайт,

Күрөшкөн менен күч жетпейт,

Балам, Манас, кулунум!

Бул Бээжиндин элинде

Казылган калың ору бар,

Каны кабар кылганда

Каптап кетчү колу бар,

Бел байлаган бели бар,

Бекип жаткан жери бар.

Балам, Манас, кулунум!

Эрен чыктың, шок чыктың,

Эрдик менен шердигиң

Бул дүйнөдө жок чыктың,

Өлөңдүү жерди өрттөдүң

Тулаңдуу жерди тутанттың,

Кара сууга кан куйдуң,

Суу ич десе, уу ичтиң,

Бөрк ал десе, баш кестиң,

Кан төк десе, жин төктүң,

Каарды катуу баштадың

Ордолуу журтка кол салып,

Ойрон кылып таштадың,

Кезиккенди мент кылдың,

Шумдукту артык баштадың.

Эсенкандын элчисин

Жана кырып таштадың,

Капчалдуу жерге жол салдың,

Канчаларга кол салдың,

Калбаны катуу баштадың,

Кара калмак, манжууну

Катылганын кыйратып,

Бизди катүгүн кылып таштадың,

Ордо бузуп, олжо алдың,

Орчун журтка кол салдың,

Кыйынын кырып таштадың,

Балам, кытайга калба баштадың.

Кыйындарын кыйратып,

Кыргын кылып таштадың,

Ордо бузуп олжо алдың,

Кытайга мүшкүл кол салдың.

Канга тойдуң катыктың,

Каканчылуу Бээжинге

Канкор бурут атыктың,

Кыйырлуу журтка катылып,

Кымбатка минтип чатылдың,

Какандын журту каптаса

Түбүбүзгө жетет го,

Түптүү журт каптап бир кетсе

Бизди түгөл кырып кетет го!

Төрө Манас, кулунум,

Минте берсек бул кытай

Төбөбүздөн басат го,

Төрт түлүктү чачат го,

Каарды катуу баштайт го!

Кырк үйлүү кыргыз журт элек,

Каарланса бул кытай

Кыргын кылып таштайт го!

Кулунум, Манас, кебимди ук,

Жети бөрү бир койду

Таласа тарпын коёбу?

Жеткилең жерден кол чыгып,

Кырк үйлүү кыргыз журт элек

Сабаса тарпын коёбу?

Алтайга келдик айдалып,

Айланы таппай сандалып,

Алтайда келип жан бактык,

Күйүттү күчтүү баштадың

Күрмө кийген манжуунун

Күчтүүсүн кырып таштадың,

Бул күйүттү кантебиз?

Каканчылап чуу тартып,

Каптап кытай кетет го,

Каарлуу журтка катылдык,

Калайман салып бул элге

Түпкө чогуу жетет го.

Асманга учса топурак,

Аскер келсе топурап,

Чарпыша турган чама жок,

Алыша турган айла жок,

Качып кирер токой жок,

Караан кылар Огой жок,

Бел байлаган белиң жок,

Бекип жаткан жериң жок,

Бет алышып салышсак,

Белге таңуу кылууга

Белгилүү кыргыз элим жок,

Кырк үйлүү кыргыз калыкпыз

Кызылдай тозок, куу мүшкүл,

Кырк үйлүү кыргыз эл элек

Кыжылдаган кытайдын

Ортосунда калыппыз.

Кара таандай кол келсе,

Калайман баштап мол келсе,

Кандай айла кылабыз?

Катылып койдук кытайга

Алтайга кантип турабыз?

Сан кара малды чачалы,

Күн батыш көздөп качалы,

Алышып калдык кытайга

Алтайга туруп нетели,

Андан көрө, кулунум,

Бусурман көздөп кетели,

Отор-отор оюнчук

Ойлоп минтип көчөлүк,

Кыжылдаган кытайдын

Кыйынын мунун билели,

Кыдыра көчүп тынбастан,

Кыргызга көчүп кирели.

Ала-Тоо бойлой баралык,

Андан көрө, кулунум,

Жан бекитип калалык,

Кайыңдан айза кыялы,

Азган менен тозгон бар,

Ошолорду жыялы,

Белге таңуу кылалы!

Үйүз-бүйүз турушуп,

Каптап кетсе көп кытай

Мылтык атып, жаа тартып,

Качпай туруп урушуп,

Кечүүдөн айдап көчүңдү,

Кененип алып жолдошко

Кажылдаган калмактан

Анан алгын өчүңдү.

Уламадан уладым,

Билгичтерден сурадым,

Катаган кандын кан Кошой

Байгамбар чалыш карыя,

Адамдан артык тууган олуя

Батасы эрди байыткан,

Дубасы жанды жарыткан.

Беделин көргөн чочуган,

Он эки бирге кол берип,

Абаң Кошой кайран эр

Мекеден беш жыл окуган,

Калыйпадан кат алган,

Муну менен ал Кошой

Даанышман Кошой аталган.

Мисир менен Багдаттан

Мындан беш жыл окуган,

Белгилүү Кошой эр ошол,

Ал да белге таңуу шер ошол.

Кененче керчөө тон кийген,

Кер кабылан ат минген,

Азар түмөн кол чыкса

Айгай салып бир тийген,

Эрдиги бөлөк, заары күч

Эр абаң Кошой ошол бар,

Байланып калган базардын

Багын ачкан эр Кошой,

Бекип жаткан берендин

Колун чечкен эр Кошой.

Кечээ Айкожонун Билерик

Кытай кармап алганда,

Кырк аркан бийик оруна

Алып барып салганда,

Абам Кошой кайран эр

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.