АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Былкылдак куурай бышкыча,

Мыйзамдын гүлү учкуча

Мыктап алты ай салышып,

Жекене белге курчанып,

Жети түмөн кытайга

Жеке аралап кол салып,

Темир чопкут кийишип,

Кайнап жаткан кытайга

Кан абам Кошой киришип,

Кыйла журтту кырды - дейт,

Кыргынды кызык салды - дейт,

Айкожонун Билерик

Кытайдан тартып алды - дейт,

Ат-Башынын Чеч-Төбө

Мекен кылып калды - дейт,

Алты-Шаар, Маргалаң

Алымды мыктап алды - дейт.

Жети-Өзөндөй кайран жер

Эби менен жер кылып,

Азган-тозгон кыргызды

Эптеп жүрүп эл кылып,

Кулаалы багып куш кылып,

Курама жыйып журт кылып,

Тели куш багып куш кылып,

Тентиген элди жыйып журт кылып,

Катагандын кан Кошой,

Коргонун таштан салды - дейт,

Азган-тозгон ал элге

Абам Кошой карыя

Башчы болуп калды - дейт.

Бир тутуучу эр ошол

Билимдүү Кошой шер ошол

Абам Кошой карыя

Олуязаада артык кан,

Баатырлыгы башкача,

Көк жалдыгы көрүнөө -

Алагай көзү чолпондой,

Ай кулагы калкандай,

Көзү көлдүн ордундай,

Кез болгонду соргудай.

Белге таңуу бел ошол,

Мендеден артык эр ошол,

Балам, Манас, угуп ал,

Акбалтай айткан кеп ошол.

Биз айдалып кеткенде,

Бул Алтайга жеткенде,

Кыйла жыл баштан өткөндө,

Дагы сурап кеп уктум,

Эки-Кемин жердеген,

Эгиз кара ат байлаган,

Күрүчүн күздүк айдаган,

Күлүгүнө күрүчтүн

Күрмөгүн берип байлаган,

Кара тилин кайраган,

Кан алдында сайраган,

Кара токой мал эткен,

Кара үңкүрдү үй эткен,

Жалгыз жүрүп көбөйгөн,

Жарды жүрүп байыган,

Атасы Таздын эр Үрбү

Ал дагы кыргыздан чыгып эр болуп,

Конуш тапты - деп уктум,

Мына, белге таңуу бел ошол,

А да саа жолдош болчу эр ошол.

Буудан оозун бурбайлы,

Бул Алтайга турбайлы,

Бул Алтай бизге жер эмес,

Бул кытай бизге эл эмес», -

Акбалтай айтат ар кыл сөз.

Акбалтайдан кеп угуп,

Мунун урааны кыргыз - деп угуп,

Ээрчиткени кырк бала

Мунун кутмандуусу Кутубий:

«Мен табайын далай жеримди,

Мен да жолдош кылып алайын,

Ушул кебиң чын болсо

Кошой канга барайын».

Карчыгадай чамынып,

Торучаар минип камынып,

Арсландай чамынып,

Арслан Манас эр көк жал

Аттанып чыкты кыргызды көздөй камынып.

Ээрчиткени кырк бала

Адыр жерде жарышып,

Бөөт-бөөт бел ашып,

Бөтөнчө кара төр ашып,

Бөлөк тоону жакалап,

Көк жалың Манас жол жүрүп,

Ат аябай мол жүрүп,

Эрикпей эчен жол жүрүп,

Башындагы суусар бөрк,

Шер атанган кара көк

Сонун жер, сонун көл көрүп

Созулган үлкөн суу кечип,

Кыяз менен Текести

Кыркалай басып келди эми.

Жер соорусу турбайбы,

Жердеген адам тунбайбы,

Тоосунда кары бар,

Токоюнда чары бар,

Жан жараткан ар түркүн,

Жан-жаныбар баары бар.

Коңулунда коён бар,

Копшутунда жылан бар,

Тектиринде теке бар,

Будурунда бугу бар,

Адырында аркар бар,

Түзөңүндө түлкү бар,

Талаасында кулан бар.

Кескелдирик жыландай,

Куландары кунандай,

Жыландарын карасаң

Алты кулач аркандай,

Алда Таала кудурет

Жан жараткан ар кандай.

Булбул сайрап чуулдап,

Буруп-буруп сайраса

Муңдуу киши уккусуз,

Буркурап ыйлап эчен жан

Бул жайыңан чыккысыз.

Тоосунан күкүк сүйлөнүп,

Талынан тоту күүлөнүп,

Кайыңга тууп куштары,

Камынган экен учканы,

Терекке тууган куштары,

Теминген экен учканы.

Жер соорусу турбайбы,

Муну жердеген адам тунбайбы!

Талынын башы ийилип,

Тамашасы ушундай -

Кумунун үстү чийилип,

Чырпыктары чынардай,

Чымчыктары улардай,

Жер мыктуусу турбайбы,

Жердеген менде тунбайбы!

Муну көрүп кубанып,

Тоңурайган тоо кечип,

Толгон чуңкур коону өтүп,

Ашуу ашып, таш басып,

Арслан Манас жол тартып,

Эрениң кайдан аянды,

Үкүрчүнүн оюна,

Үч-Капкактын боюна

Көк жал Манас таянды.

Бел-Мойноктун белине,

Бет алып чыкты көк жалың

Үч-Каркыра жерине.

Бетеге менен тулаңы

Белден болуп чириптир,

Жылтыркан чөп, шыбагы.

Кенен конуп калайык

Жайлабай турган жер бекен?

Жалбырагы жаргактай,

Жаткан экен Каркыра

Кара курту бармактай,

Балтырканы билектей,

Маралы үркүп, чу койсо

Мала кашка инектей.

Муну көрүп кубанып,

Жер байкаган сыягы

Жеткилең Манас кырааны

Үч-Каркыра басты - дейт.

Кызыл-Кыя кымбат жол,

Кызыр чалган Манас эр

Кызык көрүп оолугуп,

Кылт этип ашып түштү эле,

Ысык-Көлгө жолугуп,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.