АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Береке экен, бел экен,

Менде көрчү жер экен,

Жердегенде адамды

Кан кылуучу жер экен.

Жээк-жерге баарысын

Бай кылуучу жер экен,

Ортосу көпкөк көл экен,

Суусунда миңдей төр экен,

Жердеген адам бай болчу

Көлүндө ырыс бар экен!

Боз мойнокчо дөбөчө

Түшүп Манас жер чукуйт,

Касиеттүү жер экен,

Эки эли жерин оодарса

Түгөнгүс алтын бар экен.

Жаныбарым Ысык-Көл,

Жер соорусу турбайбы,

Жердеген киши тунбайбы,

Мындай кызык жер болбос,

Мындай кызык көл болбос!

Будур-будур бел экен,

Будурмак артуу жер экен.

Будурмак келип бурулуп,

Будурдан бугу куюлуп,

Жаткан экен жаныбар

Будурдун чөбү суюлуп,

Адырдан аркар куюлуп,

Адырдын чөбү суюлуп,

Ар коктудан шаркырап,

Миңден булак куюлуп,

Өйүз-бүйүз жери тар,

Ортосунда жайнаган

Көпкөк сонун көлү бар.

Жерине сан кол бата албай,

Айзанын башы чабышып,

Адамдын башы кагышып,

Алек болчу жер экен.

Кармашарым Каканчын

Кармашчу кытай зор экен,

Туш-тушунан кол салса

Өзөндүн баары жол экен.

Ысык-Көл ылдый жол жүрүп,

Ат аябай мол жүрүп,

Ойлосо эчен ой ойлоп,

Конгон жерге көк жалың

Ордо салып, оюн ойноп,

Көз кайкыган жер таппай,

Көлөкө кылып алууга

Көк жалың Манас эл таппай,

Күрдөлү тигер жер таппай,

Күптүнү жазар эр таппай,

Каптап конор жер таппай,

Кадырды билчү шер таппай,

Жердин үстүн кыдырып,

Булак койбой сыдырып,

Буудан Манас кабылан,

Жеткилең тууган олуяң

Он эки бирге кол берген,

Таалайы артык жаралган

Аты Кызыр дубана

Өзү коштоп жол берген.

Айбаты кыйын, заары күч,

Абаңдын жайы ушундай

Кагышканды кылат түз.

Сөлөкөтү, сөлбөтү,

Таалайы артык кайран эр

Мендеден артык келбети.

Майлаган буудай жүздөнгөн,

Күүгүм туман көздөнгөн,

Атасы Жакып айдалып,

Айласын таппай сандалып,

Кордуктан өлбөй кайгырып,

Сегиз экен тууганы -

Бирөөн таппай кайгырып,

Кордук менен түн көрүп,

Кордук менен күн көрүп,

Алтайды барып жер кылып,

Атагы манжуу калмакты

Аралашып эл кылып,

Бай Жакыптын өзүнөн

Манас көк жал туулган,

Он экиге келгенде

Катылганды өлтүрүп,

Калмакка салган чуулган.

Эрдиги элге билинген,

Канкор бурут экен - деп,

Он экиге келгенде

Бээжиндин каны Эсенкан

Даңзасына чийилген.

Өзү Алтайда туулган,

Ордо бузуп олжо алып,

Алтайда кара калмакка

Салган экен чуулган.

Качырса канга тойбоптур,

Кармашканды койбоптур.

Каарды катуу баштаптыр,

Катылганды тырайтып,

Такыр кырып таштаптыр.

Алтайдын тоосун четтептир,

«Байлап алам» дегенин

Кызыр чалган кырааның

Бирөөн койбой өрттөптүр.

Жүргөнүнөн чаң чыгып,

Катылган кытай алдырып,

Доошунан жан чыгып,

Канкоруңдун өзүнөн

Кармашкан балбан өтүптүр,

Катылгандын баарысын

Канкор канын төгүптүр.

Каканчылуу кытайга

Кармашканы билинип:

«Канкор бурут экен» - деп,

Бээжиндин Карыканынын

Даңзасына чийилип,

Жоболоңду салыптыр,

Жолуккандын баарысын

Таш-талканын чыгарып,

Такыр бойдон алыптыр,

Олжого кыргыз каныптыр.

Кара калмак, манжуунун

Калкынан коркуп кан Балтай:

«Түпкө чогуу жетет - деп,

Түптүү чочко каптаса

Кокусунан Манасты

Тирүү байлап кетет - деп,

Кызыкты кыйла салат - деп,

Караан кылган Манасты

Мерт таптырып салат - деп,

Кыжылдаган көп кытай

Ортосунда турабыз,

Ушу Манас жогунда

Кыжылдаган көп кытай

Кызыкты кыйла салчу эле,

Кыйратып сабап, күч кылып,

Бажысын санап алчу эле.

Ушу Манас жогунда

Омбутуп жатып туз алган,

«Каканчыга керек» - деп,

Эчен кыйын узду алган.

Манас чыгып багына

Зордук кылып жүрчү эле.

Кытай малын чачты, - деп,

Кыргызды кыйла бай кылып,

Умачтай көзүн ачты, - деп.

Таалайга Манас туулган,

Калмакка салган чуулган.

Акылман экен Акбалтай

Манасты кыйнап кеп айтып,

Тукумуң кыргыз деп айтып,

Акбалтай айткан бир сөздү

Көөдөнгө салган кир сөздү.

«Ала-Тоо сенин жериң, - деп,

Ал кыргыз сенин элиң», - деп,

Даанышман кандан кеп угуп,

«Кыйыры кыргыз», - деп угуп,

Акбалтай ачык кеп айтып,

Катагандын кан Кошой

Кырааның болор - деп айтып,

Эбиңди табар эр ошол,

Күрдөөңдү табар шер ошол.

Абаң Кошой артык кан,

Арка кылсаң бу бир жан.

Катагандын каны ошол,

Касиеттүү жан ошол».

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.