АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Акбалтай айткан кеп эле,

Абаң Кошой карыга

Кезиге көргүн деди эле.

«Арка Кошой чоң канга,

Амандаша кайтайын,

Берен Кошой абама,

Бет алыша келейин.

Ак буудай унун чайнашып,

Келеме шарип кармашып,

Көктөн жылдыз боз болуп,

Акыреттик дос болуп,

Кошойго акыл салайын,

Картайган Кошой абамды

Караан кылып алайын,

Кармашса кара кытайдан

Кетпеген кегим алайын.

Алтайдагы калмакты

Каңгай айдап сүрөйүн.

Кармашкан кара кытайды,

Карааным болсо кан Кошой

Бээжинге чейин сүрөйүн.

Береним Кошой абамды

Белиме таңуу кылайын,

Айза кармап, топ бузуп,

Тагдыр жетсе окко учуп,

Кылымга кыргын салайын,

Ушу кымбатым Кошой абама

Жүз көрүшө барайын».

Канкор шер айтып мындай кеп:

«Кошойго барам эми» - деп,

Козголуп төрө жол тартып,

Ал күнү Манас жол жүрүп,

Ат аябай мол жүрүп,

Түш кыйшайып ооганда

Өңгүл-дөңгүл тоо ашып,

Өөдө-ылдый бел басып,

Эрен Манас оолукту,

Ат-Башынын боюнда

Абаң Кошой карыга,

Дарбазалуу ордого,

Чеч-Төбөнүн боюнда,

Чоң Кошойдун коргондо,

Кең-Өзөндүн баткалда,

Керилип кыргыз жатканда,

Адыр-адыр бел экен,

Чеч-Төбө ата дээр экен.

Адырда жылкы алабаш,

Эр Кошойдун колунда

Аргымак, буудан аралаш,

Чеч-Төбөнү жайлаган,

Ченебеген эр Кошой

Тулпарларын байлаган.

Коштоп кийип суусар бөрк

Ыргап турган кези экен,

Эч кимге башын бийлетпей,

Абаң Кошой ошондо

Жыргап турган кези экен.

Кошойдун жайы ушундай:

Жети-Өзөндөй кайран жер -

Эби менен жер кылып,

Жети-Өзөндө кыргызды

Эптеп жүрүп эл кылып,

Абаң Кошой карыя,

Адамдан бөлөк олуя.

Батасы журтту байыткан,

Байгамбар чалыш карыя.

Жарды жүрүп байыган,

Жалгыз жүрүп көбөйгөн.

Кулаалы жыйып куш кылган,

Курама жыйып журт кылган.

Телик куш таптап куш кылган

Тентиген жыйып журт кылган.

Абаң Кошой артык эр -

Акылга дыйкан кеменгер.

Жолуккан куру калбаган,

Эңкейтип душман албаган.

Абаң Кошой карыя,

Бет алып душман албаган,

Беттеп адам барбаган,

Кабылан Кошой эр ошол,

Калыйпа кирип кат алган,

Канзаададан бата алган,

Он эки бирге кол берип,

Зайыппуруш аталган.

Кезиккен жерге кент кылган,

Кармаш кылган душмандын

Канчаларын мент кылган.

Кармашка балбан, сайышка эр,

Атышка мерген Кошой эр.

Ажалдан кайта тартпаган,

Беттешкен жоодон кайтпаган,

Кудайназар куу чокмор -

Курган Кошой жолдошу.

Угар кулак, көрөр көз,

Абаң Кошой ыктуусу.

Жазы жаак, жалпак тил,

Куу калпактуу Кутунай

Курган Кошой сөздөшү.

Чалгынчысы Чалыбай -

Ак буудайдын камыры,

Арслан Кошой тамыры.

Ордолууну чакырып,

Башта Кошой түш көрүп,

Башынан жакшы иш көрүп,

Түш жоручу билгичти,

Узун кулак баарыны

Жыйган экен эр Кошой,

Көптү көргөн карыны.

Даанышманды, чеченди,

Журт чогултуп ой кылып,

Жоруктуу Кошой той кылып,

Түш жорутту ошондо.

Бээ баштаган семизден

Берениң Кошой сойдуруп,

Кардай кантты опуруп,

Сары майдан томуруп,

Багылан козу, ширин баш,

Сүт бото, тайлак аралаш,

Аралаша салды, - дейт,

Бор кайнатып калды, - дейт.

Көргөн түшүн жорутуп,

Кан Кошой кепти салды, - дейт.

«Айзакерден даанышман,

Ыктууң мында турасың,

Ар түрлүү кыргыз эл элек,

Мыктууң мында турасың!

Чеч-Төбөнү жер кылдык,

Канча жоо менен алышып,

Аз үйлүүнү эл кылдык.

Түндө жатып түш көрсөм:

Кынсыз кылыч байланып,

Күн чыгышка шилтесем

Күн чыгышты өрттөдү,

Кайнап карга көп учуп,

Ал кылычка жетпеди.

Туура тарткан Кара-Тоо,

Тийсе эки бөлүндү,

Ошо турган Кара-Тоо

Болотко эки бөлүндү,

Бу кандай түш болучу,

Бул түшүмдү жоручу?!

Жана жатып түш көрсөм:

Муз мурут бүркүт алыпмын,

Колунда алтын боосу бар,

Төгөрөктүн төрт бурчун

Төрт айланта салыпмын.

Кайыр айтар бир жан жок,

Арысланды илиптир,

Жан-жаныбар, макулук

Кыргын салып жүрүптүр.

Көлөкөсүн көп кыргыз

Баана кылып жатыптыр,

Бул эмине болучу,

Бул түшүмдү жоручу?!

Кудайназар куу чокмор,

Курган Кошой сырдашы

Карчыгадай чамынып,

Кайыптан акыл табылып:

«Аты Кошой канзаадам,

Кындан тарткан кылычың

Күн чыгышты өрттөсө,

Уламадан уладык,

Билгичтерден сурадык,

Алтайга кеткен айдалып,

Айласын таппай сандалып,

Күнөөгө башы катылган,

Күйүткө жаны чатылган,

Өлдүк го - деп кайгырган,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.