АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Ордолуу журттан айрылган,
Алтайга айдап камаган,
Мал-башына ээ кылбай
Кара калмак талаган.
Кордук менен күн өткөн,
Кейиш менен суу ичкен,
Түп атасы Түгөл кан,
Түбүнөн Кызыр даарыган,
Башкы атасы баары кан
Башынан кыдыр даарыган,
Ордо күтүп, кан болгон,
Укумунан тукуму
Олуязаада жан болгон.
Түп атасы Бөйөн кан,
Бөйөн кандан Чаян кан,
Чаян кандан Түмөн кан,
Түмөн кандан Огой кан,
Огой кандан Бала кан,
Бала кандан Тара кан,
Тара кандан Кара кан.
Балакандын баласы
Сурап ичип тойбогон,
Бул кыргыздын сарысы,
Кара ниет Жакыптан
Аты Манас коюлуп,
Кара көк жал тууду, - дейт,
Каарын салып калмакты
Каңгайга чейин кууду, - дейт.
Кочкусун кармап сойду, - дейт,
Кордук кылган кытайды
Тыйпыл кырып койду, - дейт.
Кас болгонго жаралган
Казат келе турганы,
Алты шердин кенжеси,
Алданын сүйгөн мендеси,
Жалгыз уулу Жакыптын
Манас келе турганы.
Кайрат берип сөзүңө,
Камчы болуп өзүңө,
Кара-Тоонун башына
Там көтөрөт экен го!
Баатыр Кошой абам, - деп,
Ай-ааламдын баарына
Кан көтөрөт экен го!
Катылышкан душманга
Азап кылат экен го,
Кырк капкалуу чоң Бээжин
Кара карга кууганың,
Кабылан Манас кырааның
Казат кылат экен го!
Кара карга качканы,
Кытайдын малын чачканы,
Кыргыздын жолун ачканы,
Кыраан Манас эр көк жал,
Арслан келе турганы.
Манас мында келгени,
Бизге кудай бергени.
Муз мурут бүркүт салганың,
Кыраан Манас эмеспи,
Каканчындын Чоң-Бээжин
Кандыгын тартып алганың!
Атаа, Кошой, кан абам,
Алтындан болуп тагыңыз,
Арслан эр колго бир тийсе
Ачылат экен багыңыз!
Аман-эсен биздерге
Арслан Манас табылып,
Ачылган абийир жабылып,
Үзүлгөнүң уланып,
Чачылганың жыйналып,
Өчкөн отуң тамат ко.
Өлгөн жаның тирилип,
Ушул түшүм чын болсо,
Арбактуу Манас келет ко!»
Кудайназар куу чокмор
Айтып оозун жыйгыча,
Угар кулак, көрөр көз -
Куу байталчан Кутунай
Ашып-шашып антаңдап,
Кошойго качып келди эми.
Түш жоруткан карыга
Кутунай айта берди эми:
«Оргуп чыккан чаң көрдүм,
Аба, Кошой, кебимди ук,
Орою суук жан көрдүм.
Чоңдугу тоонун өзүндөй,
Көзү көлдүн ордундай,
Көрүнгөндү соргудай.
Кабагы чуңкур быткылдай,
Кагышканды жуткудай.
Кабагы бийик, заары күч,
Катылганды кылат түз,
Айбаты ашык жан көрдүм,
Ал кишиден күдөр үз!
Түрү суук уңкуюп,
Түпкө чогуу жеткидей,
Эгерде душман жоо болсо
Бизди түк койбой кырып кеткидей!
Мен Кутунай болгону,
Баатыр Кошой карыя,
Өзүңө кароол болгону,
Мындай эрди көрбөдүм,
Боконо сөөгүм болкулдап,
Боктуу ичегим солкулдап,
Өзүңө качып келгеним!
Оң далысы кең экен,
Орою суук бир адам
Ойротту бузар шер экен!
Ач арслан төштөнгөн,
Аба, Кошой, бат камдан,
Адамдан мындай көрбөдүм,
Алгыр бүркүт көздөнгөн.
Кудай бетин көрсөтпө,
Кынсыз кылыч байланган,
Кайра жаар булуттай,
Каар бетине айланган.
Кыйындык түрү көрүнөт,
Кылымга чуу баштаган,
Комокойлуу сыр найза,
Колойтуп өөдө аштаган,
Жер жарылган кол келсе
Коркуп колтук ачпаган,
Койгулашкан адамды
Койдой жерге жанчтаган.
Ичсе канга тойбогон,
Беттешкенди койбогон,
Берендик жайы бар экен!
Каарына чыдабай,
Калайманды баштадым,
Куу байталдын үстүнөн
Кулап өлө таштадым!
Мен Кутунай болгону,
Кутунай атка конгону,
Мындай эрди көрбөдүм,
Көргөн жерде өлгөнүм,
Өлгөнүм эмей неткеним,
Жолобой качып келгеним!
Боконо сөөгүм болкулдайт,
Боктуу ичегим солкулдайт.
Чымындай жаным чырылдайт,
Аттай туйлап жүрөгүм
Керээли кечке былкылдайт.
Бир карасам бир киши,
Белестен караан көрүнөт,
Бир карасам миң киши,
Алып ийчү эмедей,
Кара чаар кабылан
Капталында чамынат.
Чолок көк жал арслан
Бет алдында камынат.
Алп кара куш - зымырык
Алып кетчү эмедей,
Асмандан бутун салыптыр.
Кырк чилтен, Ныязы
Кыскасын айтып берейин,
Кыйкырык салып артынан
Сүрөөн болуп калыптыр.
Асты жактан Шай атам
Жолун ачып экөөлөп,
Аты Кызыр дубана
Оңкоңдотуп көк жалдын
Торучаарын жетелеп,
Кылыгын көрүп ал жандын
Кымбатым, Кошой абакем,
Сени карай качканым,
«Кытайбы», - деп шашканым.
Кыйын болсоң чыгып көр,
Кымбатым, Кошой, арсланым!
Эгерде душман жоо болсо,
Айта-буйта дегиче,