АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Ачып көздү жумгуча,
Айкырык салып жетет ко,
Таш коргонуң талкалап,
Кум коргонуң кулатып,
Такыр кырып кетет ко,
Эгерде душман жоо болсо
Түпкө чогуу жетет ко,
Айкырып колду салат ко,
Кыргын кылып баарыңды
Кылычтап башты алат ко,
Жоболоңду салат ко,
Сыягы суук эр экен!»
Угар кулак, көрөр көз
Ашып-шашып антаңдап,
Айтып турду мындай кеп.
Бийик салган коргондо,
Кан Кошойдун ордодо,
Абам Кошой карыя
Ак сакалдуу олуя,
Катагандын кан Кошой,
Касиеттүү ал Кошой
Чеч-Төбөнү жердеген
Челишкен адам жеңбеген,
Эңкейтип адам албаган,
Беттешкен аман калбаган,
Эч ким азар салбаган,
Беттешип адам барбаган.
Батасы журтту байыткан,
Байкаганды жарыткан,
Ошо кезде эр Кошой
Сакчы күтүп, эр жыйып,
Балбандарын тең жыйып,
Ат-Башыда Чеч-Төбө
Чеч-Төбөнү жер кылып,
Кайран Кошой абакең
Картайган башын эр кылып,
Туура тарткан Кара-Тоо
Мындан кароол каратып,
Баатыр Кошой абакең
Эрендерди жыйнаптыр.
Колдун баарын жаратып,
Койгулашкан адамдын
Алган экен баарысын
Абаң Кошой каратып.
Кайран Кошой абакең
Жети-Өзөндү жер кылып,
Азган-тозгон адамды
Абаң Кошой баш кылып,
Эр Кошойдун көп аскер -
Ал аскердин ичинде
Ободон жылдыз болжошуп,
Кудайназар куу чокмор
Курган Кошой достошуп,
Кошой кандын көп жолдош
Кабарчыдан кеп угуп:
«Катуу жан келет», - деп угуп,
Улук Кошой карысы
Уйгу-туйгу түшүшүп,
Жыйылган колдун баарысы.
Ал колунун ичинде
Эмине бар, нелер жок!
Кары Кошой алпы бар,
Кылыччаны жыйылып,
Каарланып таптанып,
Кан абаң Кошой баш болуп,
Алптан бир миң аттанып,
Жоо-жарагын алышып,
Берен Кошой абаң бар,
Белести тосуп калышып,
Белгилүү Кошой караса
Торучаар тулпар мингени,
Ок өтпөс торко кийгени,
Ок жетпес ат мингени,
Зордугу тоонун теңиндей,
Ким көрүнсө жегидей.
Колдогону бир тогуз,
Колдоп алган кези экен,
Жөлөгөнү бир тогуз,
Жөлөп алган кези экен.
Телегейи тең экен,
Шай колдогон шер экен,
Ичин карап отурса
Жер жүзүнөн кең экен.
«Оо, ботом, аты угулуп көп жүргөн,
Качан келер деп жүргөн,
Кудуреттин мендеси,
Курган Жакып жалгызы,
Кыргыз журттун коргону,
Кыйла журттун баатыры,
Түнөрүп жаткан Бээжинге
Түз кирип айза сунуучу
Манас шердин өзү экен,
Өзү турмак Манастын
Караган кара көзү экен,
Тууган, караан, жээк издеп,
Адам, туйгундун келген кези экен!
Аңкыган Манас табылып,
Аңдыган жооң чабылып,
Алакандай кыргыз журт,
Абийириң мындан жабылып,
Көрүнгөн жериң жабылып,
Убара болуп издөөчү
Көк жалың Манас табылып,
Көрүнөө кудай бериптир,
Калкың эңсеп тилеген
Кабылан Манас келиптир.
Нойгуттардан Акбалтай
Кабарын кыраан айткан го,
Ат арытып, жол чалып,
Арслан бери тарткан го!»
Муну Кошой айтканда,
Эр Кошойдон бөлөгү
Аттан түшүп чуркурап,
Салам айтты буркурап.
Ордо күтүп, журт билген
Алп, дөөлөрдүн баарысы
Тизеси жерге бүгүлүп,
Уйгу-туйгу жүгүрүп,
Сүйүнүшүп бакырып,
Сүйүнгөндөн чыдабай,
«Манастап» ураан чакырып,
Өөдө-төмөн дүргүшүп,
Энтеңдешип далай алп
Этегине мүргүшүп.
Манастын жайын сурасаң,
Каарданып көз жайнап,
Корккон журтту көргөндө
Кан ичмеси чын кармап,
Кабылан жайы ушундай,
Казандай кара бөркү бар,
Капыр менен бусурман
Соруп ийчү эрки бар.
Орто бойлуу, кең далы,
Ары балбан, ары шер,
Артык тууган көк жал эр.
Эр Манасты көргөндө
Бусурман журт муну айтат:
«Ары балбан, ары шер
Адамдан чыкпайт мындай эр.
Ала-Тоо күтүп жер кылсак,
Бирдикти коюп бир жерге,
Кабылан Манас канкорду
Кан көтөрүп таштасак,
Кыр жагында кытайга,
Кыргын салчу уул экен.
Маңдай жакта бараң бар,
Басташар жоо далай бар.
Какыр жерге орнотсо,
Оо, ботом, там болучу эме экен!
Ай-ааламдын баарына,
Кан болучу эме экен!
Ары балбан, ары шер,
Адамдан чыкпайт мындай эр.
Серпишкени сексен төрт,
Серп салган жагы кызыл өрт.
Алакандай аз журттун
Ырысына туулган,
Кармалашкан душманга
Катуу салар чуулган.
Он эки мүчө тең экен,
Оржоктогон көк жалың
Бусурмандын чеби экен,
Алда Таала бир кудай
Арслан Манас көк жалды
Айдап келген кези экен» -
Деп, ошонтип, бусурман.
Баабединге бээ союп,
Алдуулары төө союп,