АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Баабединге жабылып:

«Баатыр Манас келди», - деп,

Той кылууга камынып,

Кудайназар карысы,

Кызык болуп чуу турду

Келген журттун баарысы.

Кубанып журт жүгүрүп,

Журт моминтип калган соң.

Кер кабылан ат минип,

Кең ок өтпөс тон кийип,

Опол-тоодой чалкайып,

Чоң муруту калкайып,

Чоң абаң Кошой чалкайып,

Ак сакалы жаркылдап,

Абаң Кошой ошондо

Келгин каздай каркылдап,

Келбети башка абаңдын

Бой-келбети жаркылдап,

Чоңдугу тоонун теңиндей,

Кезиккенди жегидей,

Канкор Кошой кан абаң

Алагай көзү чолпондой,

Ай кулагы калкандай,

Жоо-жарагын шайланып,

Ач албарс кылыч байланып,

Жаратканга жалынып,

Алтын жаак айбалта

Билекке кынай чалынып,

Билимдүү Кошой абакең

Астынан чыкты Манастын

Көрүшүүгө камынып.

Абаң Кошой карыя,

Алдынан чыгып Манастын

Саламдашты олуя:

«Кабылан тууган кырааным,

Кырааным, сени көп издеп,

Убара болдум чунагым!

Алтайга барып туулган,

Кара калмак Бээжинге

Атагың уккан чуулаган.

Тоюңа тогуз жүз бээ союлган,

Атың Манас коюлган!

Он эки мүчөң тең кылган,

Алда Таалам шер кылган.

Көрбөсөм да, билбесем,

Бай Жакыптын жалгызы -

Балам, Манас, эсенби?!

Кашатка тиккен тал барбы,

Каргылуу шердин өзүсүң,

Калың журтуң издебей,

Калмакка жүрөр жөн барбы,

Эми, карангүн, көк жал, эл кайда?!

Бекзаада туулдуң Кытайда,

Безип жүрөр жөн барбы,

Мээнет күн, Манас, эл кайда?!

Канкор болдуң Каканга,

Кайрылбай жүрөр жөн барбы?!

Көчө чыгып Алтайдан,

Жериңе качан коносуң?!

Аз гана кыргыз элиңе

Качан караан болосуң?!

Ээн калган элиңди

Качан ээлеп аласың?!

Алтайда жүрүп кагышсаң,

Жал, куйругуң такыр жок

Бир балаага каласың!

Таап ал, Талас жериңди,

Күтүп алгын кулунум,

Күрдөлүү кыргыз элиңди!

Ай, кулунум, Манас кан!

Менин жайым сурасаң -

Медияндын чөлүндө,

Олуят өткөн жеринде,

Баабедин деген мазардын

Так ошондо туулдум.

Чоң атаң Каракан өлүптүр,

Ошол Каракан өлгөндө,

Ээрчиткени кырк жигит,

Эр абаң Кошой келгенде

Таш коргонун талкалап,

Өз билгенин кылыптыр,

Өңкөй элдин баарысын

Дөңгө, Жолой кырыптыр.

Каракандын сегиз уул

Кечээ кармап чогуу бөлгөндө,

Бирөөбүз кеттик эренге,

Бирөө кетти тереңге

Тукумду бөлдү кордуктап,

Туура кырды зордуктап,

Чоң Каракан өлгөндө,

Каракандын калың журт

Кара кытай, манжуулар

Камчыга ченеп бөлгөндө,

Жанымда бар кырк жигит,

Жетик белим курчандым,

Жер жайнаган манжууга

Жеке кирип кол салдым.

Өйүз-бүйүз турушуп,

Мылтык атып, жаа тартып,

Качып койбой урушуп,

Мыктап айза сайышып,

Мылгып кеткен айзаны

Тээп сууруп алышып,

Маңдай-тескей турушуп,

Мылтык атып, жаа тартып,

Былчылдашып урушуп,

Кайрат кылып кагышып,

Карсылдашып салышып,

Жекеде эчен эр өлүп,

Алптын уулу Жүгөрү

Ал алышта ал өлүп,

Айзакерден ыктуу өлүп,

Айбалта чабар мыктуу өлүп.

Мени менен жан-жоро,

Ээрчиткен кырк бир алп өлүп.

Жапаа салып тутулуп,

Салышканым кытайга

Элүү сегиз күн болуп,

Мекеге кеттим кутулуп.

Кыйырымдан чалдырдым,

Кыйындардын баарысын

Кытайга белек алдырдым.

Жетимиш күнү аралап,

Жаралуу болду эр Кошой.

Жетимиш жерден жара жеп,

Толкуган калмак, мен жалгыз,

Томугум жара ок тийип,

Кечээ толгоно албай калганда,

Элсиз ээн талаа бар,

Эрден жалгыз Кошойдун

Эчен жерде жара бар,

Селбип минер буудан жок,

Серпишип кирип кол салсам

Караан болор тууган жок,

Кармашып жүрүп кытайга

Канатым окко чалдырып,

Чалдырганым билгемин,

Коркоюп жалгыз калганда

Кокуй, Манас, кебимди ук,

Мекеге качып киргемин.

Чамам жок антип кайрылып,

Чалдырып салдым ошондо

Эрендерден айрылып,

Тукумдан бирөө чыгар, - деп,

Сени туу кылып жүргөмүн.

Туулса Манас болор, - деп,

Сени туулбастан мурун билгемин.

Мурадыма мен Кошой,

Жетпей кантип коёюн,

Кордук башка түшкөн соң

Кокуй болуп мен Кошой,

Кетпей кантип коёюн!

Кечээ, кара калмак, манжуу журт

Кечүүдөн чапты көчүмдү,

Кеңири башым барында,

Кежилдеген кытайдан

Алалбай келем өчүмдү.

Талаадан чапты көчүмдү,

Дардайган кара калмактан

Алалбай келем өчүмдү!

Кытай кыргын салганда,

Кыргын кылып кыргызды

Көз каратып алганда,

Кыйындарды кырганда,

Алсыз чабал адамды

Тирүү байлап алганда,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.