АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Атаң Жакып, Балтайды

Олжо кылып Алтайга

Айдап кетип калганда,

Көктөн көк айман жылдыз тутулуп,

Көк жал Кошой абакең

Көрүнөө качып кутулуп,

Бу жеримди калтырып,

Булчуң этим алдырып,

Казылуу калың ор көрүп,

Капырдан мынча зор көрүп,

Кордукту койдой көргөндө,

Айзакерден колбашчы

Манжуулардан өлгөндө,

Меке кирдим курган жан,

Безип, тентип ошондо

Жеке кирдим курган жан.

Өлбөй-житпей кайрылып,

Өлчөөсү кетип абакең

Эрендерден айрылып,

Мекеге барып конгомун,

Беш жыл анда болгомун.

Мекеден беш жыл окудум,

Калыйпадан кат алдым,

Канзаададан бата алдым,

Он эки бирге кол берип,

Зайыппуруш атандым.

Мекеден ары барганда

Мисир кирдим кайран жан,

Беделин көрүп чочудум,

Мисирден беш жыл окудум.

Кайра тартып кайрылып,

Багдат кирдим кайран жан.

Багдатка туруп кайран жан,

Кара кытай, манжуудан

Абыдан жаман чочудум,

Багдаттан беш жыл окудум.

Ээк алды басканда

Тиккен кирдим курган жан,

Тиккенден беш жыл окудум.

Баба кары алдынан

Басып кирип бата алдым,

Баабедин чалдын тоюнда

Кырк балбанын бир жыгып,

Балбан Кошой атандым.

Кызыр чалган курган жан

Кыйын экениң билгемин.

Кымбатым Манас кырааным,

Качан чыгар экен, - деп,

Кудайдан тилеп жүргөмүн.

Эчен жакка кеткемин,

Кордук менен мен Кошой

Ушинтип күндү өткөмүн!

Керкабылан баспаган

Жерде бүтүн калбаган,

Курган Кошой тийбеген

Элде бүтүн калбаган.

Куу ылаачын теппеген

Кууда бүтүн бар бекен?

Курган Кошой тийбеген

Элде бүтүн бар бекен?

Элкин-ээн жерди издеп,

Караан болор элди издеп,

Мекеден чыккан суп көйнөк

Ич этимден кийиштим,

Кайра тартып оолугуп,

Кызылбашка жолугуп,

Ошону менен тийиштим.

Кызыкты кыйла баштадым,

Ордодогу кандарын

Обу жок кырып таштадым.

Олжого тартуу узду алдым,

Он эки сулуу кызды алдым.

Кайра тартып оолугуп,

Адамзаттын тунугу,

Бусурмандын улугу

Эрдигимден оолуктум,

Чабышып менде жеңбеген,

Чамбыл-Белди жердеген

Жанаалы, Карач эки кан,

Өзү түркмөн бусурман

Жамгырдай кылып жаа тартып,

Мөндүрдөй кылып ок атып,

Жана чыкты алдымдан.

Каарды катуу баштадым,

Кармаша кетип ошондо

Калкын кырып таштадым.

Көктөн булут тутулуп,

Чамбыл-Белдин ары жагы

Чоң тоого чыгып кутулуп,

Абаң Кошой карынын

Айтса сөзү дагы бар,

Кылмышы жок журт кырдым,

Таңда макшар күнүндө

Көп адамдын каны бар.

Эчен жерге киргемин,

Эчен жылы, эчен күн

Атактуу Манас акжолтой,

Астыга салса сан колдой

Арслан эр качан келет, - деп,

Сени күтүп жүргөмүн!

Кары абаң Кошой кайгырып,

Кайран элден айрылып,

Ашып-шашып жакалап,

Кас буудандын баарысын

Кайра баштан такалап,

Будурду тиктеп, белди издеп,

Бууданым, сендей шерди издеп,

Шер табалбай айла жок,

Чеч-Төбө күтүп жер кылдым,

Мен тентиген жыйып, эл кылдым!

Кулаалы таптап куш кылдым,

Курама жыйып журт кылдым!

Жарды жүрүп байыдым,

Жалгыз жүрүп көбөйдүм!

Жети-Өзөндөй кайран жер

Эби менен жер кылдым,

Жети-Өзөндүн кыргызын

Эптеп жүрүп эл кылдым.

Эрешен жыйдым, эр жыйдым,

Эл уулунан эр сынап,

Эчен түрдүү шер жыйдым.

Берен, Манас, сен үчүн

Бекерге карап турбадым,

Уламадан уладым,

Бекер жатпай мен Кошой

Билгичтерден сурадым.

Келгендерден кеп уктум,

Алтайда Манас туулган,

Он экиге келгенде,

Ордо бузуп, олжо алып,

Кытайга салдың чуулган.

Адырмак тоонун бетинен,

Аркайган Алтай четинен,

Алптарын союп кытайдын

Белинен кармап бүктөпсүң,

Олжо кылып алтынын

Атандап төөгө жүктөпсүң,

Аныңды уктум, эр Манас!

Ажал жетсе өлүүгө,

Алданын жазган буйругун

Төбөгө келсе көрүүгө,

Мен да сени билгемин,

Кечикпей келер бекен, - деп,

Ошону күтүп жүргөмүн.

Ажал жетсе өлсөм, - деп,

Айла болсо мен Кошой

Жакыптын жалгыз уулу Манаска

Караан болуп берсем, - деп,

Оо, ботом, оюм жүрөт, кулунум!

Алтайда кара манжуудан,

Кара калмак, тыргооттон,

Шибээ менен солодон,

Каканчындын Бээжинден,

Кара кытай ал журттун

Кайнап жаткан жеринен

Кагышты катуу салсам, - деп,

Чынмачындан, Алтайдан,

Чын-Бээжин журт каңгайдан,

Чын жаратып бууданды

Бээжинге сапар барсам, - деп,

Тууган үчүн, журт үчүн

Кыйратып кыргын салсам, - деп,

Акбалтай, Жакып, эр Манас,

Дарегин таап алсам, - деп,

Ушуну ойлоп жүргөмүн.

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.