АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Шер экени чын болсо,
Каралдым Манас кабылан
Арка кылып алууга,
Кара курттай кытайга
Кагышты катуу салууга,
Карыган абаң Кошойду
Арка кылып алууга,
Кара кытай, манжууга
Кагышты мыктап салууга,
Келериңди билгемин,
Кабылан тууса канкорум
Ушу сөзү чын болсо,
Келет ко деп жүргөмүн!
Келбесең издеп барууга,
Азган-тозгон кыргыздын
Эрлерин жыйнап алгамын.
Чеч-Төбө бойлой конгомун,
Дардайып эркин болгомун.
Ат семирип ык болуп,
Эр ээлигип бук болуп,
Эрендин баары жык толуп,
Эрендин баары оолугуп,
Өлүмдөн кайра тартпаган
Көйкашкалар чогулуп,
Чеч-Төбөнүн боюна
Чуркурап конуп турганбыз,
Үйүрмөнүн сазына
Үч күн жыйын кылганбыз.
«Куу, кач!» - ташып, куушуп,
Тапкычташып табышып,
Ыраң сазга сойлошуп,
Ырас акыл ойлошуп,
Бекерге карап турбадым,
Кырк уруу кыргыз бөрүнүн
Кыйынын жыйып алгамын.
Алтайдагы калмакка
Кыргынды кыйла салсам - деп,
Ажал жетсе өлсөм - деп,
Айлам болсо кырк үйдү
Ажыратып келсем - деп,
Аргындан тандап ыктуудан,
Акылга дыйкан мыктуудан,
Кыргыздан тандап албандан,
Кылымга моюн бербеген
Жоон көкүрөк балбандан,
«Айт!» - дегенде токтолбой
Ааламга бузук салгандан,
Өзү өлөрүн билбеген
Ала көөдөн дардаңдан,
Кара мылтык карс этсе
Качпай турган эренден,
Чогоол мылтык чорт этсе
Чочубаган беренден:
«Тобокел» - деп, бакырып,
Токтобой жоого чапкандан,
Топту бузган эренден,
Токтоп октон коркпогон
Топту бузчу беренден,
Кайраты бар ыктуудан,
Эрдиги мол мыктуудан,
Билеги жоон балбандан,
Билими ашык зардалдан,
Кылычка кыйын ыктуудан,
Кылчайбай жоого тийүүчү,
Кызыл моюн мыктуудан,
Түгөл жыйып алгамын,
Уулум, Манас, сен үчүн,
Кары Кошой абакең
Ушунчаны камдадым.
Келериң эчак билгемин,
Кезигише кетсем, - деп,
Ушуну сурап жүргөмүн.
Кудайдын берген чагыбы,
Кыйналып эчен түш көрдүм,
Кырааным келген табыбы?!
Келе, Манас, колуңду,
Кубандым бүгүн десемби,
Курдашым Жакып, Акбалтай
Кургурларым эсенби?
Айдалган элдин башчысы,
Алтайга келген кырк түтүн
Өөдө кылар жакшысы,
Өпкө чабар бакшысы,
Аз айлалуу эр эле,
Азган журттун бели эле,
Акбалтай, Жакып аманбы»
Кол кармашып секеңдеп,
Кан Манастын кеби ошол,
Кабылан абаң Кошойго
Жооп кайтарган жери ошол:
«Аба, Кошой карыям,
Айла тапкыч олуям,
Өөдө тартсам өбөгүм,
Ылдый тартсам жөлөгүм.
Астыга салсам ак жолум,
Аркамда жүрсө сан колум!
Абам Кошой карыям -
Сиз окшойсуз болжолум!
Эр абам Кошой чын болсоң,
Кагышка кием тонуң бер.
Бир туткан бириң болом, - деп,
Билимдүү Кошой колуң бер!
Маңдайга чыксам бараан бол,
Байгамбар чалыш экенсиз,
Бадыша абам караан бол!
Арсланым - деп, чын билип,
Алакан жайып дуба кыл,
Өткөн айдын жайынан,
Аба Кошой айыңдан,
Алтайдан каалап чыккамын,
Байгамбар чалыш карыям,
Бир тутуп турган олуям,
Акбалтай кандан уккамын.
Алакан жайып дубаң кыл,
Абам Кошой, батаң бер!
Чын батаңды берсеңиз
Кармашарым Каканчын,
Басташарым Бакбурчун.
Кара курттай капырдын
Көп арамын чын билдим,
Ошо кытай баатырдын.
Азабы болду сөзүндө,
Арамы болду көзүндө,
Ачууланып Эсенкан
Алмак болду өзүмдү.
Бөлөгү болду сөзүндө,
Бөтөнү болду көзүндө,
Бөлөк шумдук чыгарып,
Кызыталак Эсенкан
Бөлмөк болду өзүмдү!
Чалгайы турду сөзүндө,
Чалгырты турду көзүндө,
Чамасы келсе Эсенкан
Чалмак болду өзүмдү,
Казмак болду орумду,
Чамасы келсе Эсенкан
Салганы турат сонунду.
Буурусунду бурдурбай,
Бузук кылды ал чочко
Бул Алтайга тургузбай.
Кочкусу жетти кордуктап,
Таш сайынган кытайдын
Тазалары чогулуп,
Атамды келди зордуктап.
Күрмөлөрүн күпчүйтүп,
Күчтүүсү каптап келгени:
«Бажы мал менен Манасты
Азыр бизге бергин», - деп,
Атамды кыстай бергени.
Өлүп-житип тырайбай,
Ажал жетип сырайбай
Сөзүнө кантип көнөйүн,
Күрдөлүү башым барында
Башымды кантип берейин!
Күчтүүсүнгөн ит менен
Күрпөңдөшө кеткеним,
Караан да жок, бел да жок,
Караан болуп берүүгө
Кабылан аба өзүңдөй
Белиме таңуу эр да жок.
Жетип кытай кордуктап,
Жергемди бузуп аларда
Жекене белге курчандым,
Жер жайнаган кытайга
Жеке кирип кол салдым.
Кыргынды кызык баштадым,