АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Эсенкандын элчисин,

Бажы алуучу ченчисин,

Айзакерден ыктуусун,

Айла табар мыктуусун

Каарды катуу баштадым,

Жеке өзүм кол салып,

Жетигин кырып таштадым.

Кочку, Дөңгө алп өлдү,

Койгулашкан жалпы өлдү.

Кыргынды кызык баштадым,

Кызыл чоктуу кытайдын

Кыйынын кырып таштадым.

Тулундуусун тул кылдым,

Күрмө кийген күчтүүсүн

Отко жагып күл кылдым.

Кейишти кептеп баштадым,

Колума тийген кечилдин

Кекесин кесип таштадым.

Тозокту жаман бир салдым,

Тоодой алпын кыйратып,

Токсон төөнүн алтынын

Олжо кылып бир алдым,

Тозокту минтип бир салдым.

Турганым Алтай, жай кылдым,

Кырк үйлүүмдү бай кылдым.

Бадышадай мал союп,

Бай Жакып бай чыкты - деп,

Байлыгын угуп Эсенкан:

«Баласын байлап келгин» - деп,

Балбандын башы эр Жолой

Кабар алып канынан,

Каканчындын шаарынан

Каптап булар келгенде

Кытай илек, мен жалгыз,

Кылганым барбы кудайга

Ободон жылдыз болжошум,

Кутубий болду жолдошум.

Белге таңуу Кутубий

Белести карап турганда

Ачбуудан минген эр Жолой

Жамгыр кылып жаа тартып,

Мөндүр кылып ок атып,

Аркасында карааны

Туман түшүп бөлүнүп,

Айдарлары бир бөлөк

Артынан алпы көрүнүп,

Ал алпынын мыктысы -

Кайчы кулак Каман алп,

Жору куйрук Жоон алп

Такыр каптап өтөрдө

Каарды катуу баштадым,

Качып Жолой кеткенде,

Ошо келген калың кол

Такыр кырып таштадым.

Айза кармап имерип,

Жолойду кууп жиберип,

Көктөн көк ала булут тутулуп,

Балбан Жолой ошондо

Көрүнөө качып кутулуп,

Туура кырып калмакты

Тулпарын тийип бир алдым,

Тутанган кара калмакка

Туйгун аба, кулак сал,

Мына ушундай чыр салдым.

Туурдугун май кылдым,

Алтайдагы кырк үйдү

Тутушканда бай кылдым.

Кылычты сууруп кын кылдым,

Кырк уруу кытай Бээжинге

Айласыз кызык чыр кылдым.

Кан ичип жүрүп катыктым,

Кара калмак, манжууда

Канкор бурут атыктым.

Кытай түмөн, кыргыз аз,

Айылы кандай конуучу?

Кырылышсак кытайга

Качып кирер токой жок,

Кара кылар бир жан жок

Айла кандай болучу?!»

Угуп Кошой абакең,

Көңүлү кетип бөлүнүп,

Уугуп жаны чыдабай,

Көзүнүн жашы төгүлүп:

«Кокуй, Манас, не дейсиң?!

Бу кебиңди ким уксун,

Бир караңгы түн уксун!

Казба, Манас, орумду,

Ордолуу журтка катылып,

Кайнатпа менин шорумду.

Айтканым канча билип ал,

Арсланым Манас, тилимди ал!

Козголуп кетип Бээжин журт

Колун жыйнап калбасын,

Кордукту бизге салбасын!

Төрт түлүк малды чаппасын,

Төбөдөн кытай баспасын!

Билгенин кытай кылбасын,

Тукумду курут кырбасын!

Туш-туштан каптап аспасын,

Тутанып өлгөн капырлар

Дүмүрдүн баарын казбасын!

Кайра тартып сен кеткин,

Ашып-шашып Алтайга

Азырынча сен жеткин.

Айгырды бычып ат кылгын,

Кочкорду биттеп ирик кылгын,

Буканы бычып уй кылгын,

Алтайда кара калмакты

Алеңгир салып буй кылгын!

Буураны бычып төө кылгын,

Бузуктуу кара калмакты

Түп көтөрө жөө кылгын!

Уккан менен билгенге,

Отор-отор оюнчук,

Кырк үйлүү кыргыз элиңди

Ойнотуп көчкүн бери жакка.

Кара калмак, манжууну

Четтеп көчүп алганда,

Оркондун тоосун таянып,

Оркоюп чыга калганда,

Кечикпей жолуң чалармын,

Кызырдуу Кошой өлбөсөм,

Кыяматты көрбөсөм

Алты айдан кийин барармын!

Ок өтпөс темир тонум бар,

Эл эсебин алганда,

Элди катка салганда,

Оёнум сени тосууга

Он эки миң колум бар!

Дин бусурман тулпарын

Чубатууга саламын,

Ок өтпөгөн тон камдап,

Ок жетпеген ат камдап,

Маанисин көрүп жерди алып,

Басма ылоолоп эрди алып,

Кызыр чалган жол болуп,

Кыйланын баары козголуп,

Кызыкты кыйла саламын,

Кызыр чалган кабылан,

Кымбатың Кошой абакең,

Кыжылдаган кытайдан

Ажыратып аламын.

Чөп көгөрүп, жер жайнап,

Бетеге ыраң толгондо,

Эл өөдөлөп ошондо,

Жайлоого жаңы конгондо,

Ат кара тил болгондо,

Жети асаба туу алып,

Жер майышкан кол алып,

Астыңдан тосо барармын,

Жайнаган кара кытайга

Чунагым, сенин өзүңө

Жолдош болуп калармын.

Кара калмак каптаса

Өйүз-бүйүз турушуп,

Мылтык атып, жаа тартып,

Карсылдашып урушуп,

Кажылдаган калмакка

Кабылан Манас сен үчүн,

Качырып айза сунармын,

Канкорум, сенин айыңдан

Кара кытай, манжууга

Жанымды курман кылармын.

Түйшүктү түздөп салармын,

Түз болуп Кошой калбасам,

Өзүм тосуп алармын!

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.