АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Оркон, Алтай тоосуна

Өзүм тосо барармын.

Жолум үй тиге конормун,

Канкорум, сенин жолуңа

Өлбөсөм курман болормун!

Кой, Манас кан, көк жалым,

Жети-Өзөн турам жер жайлап,

Колума тийген калың кол

Курган канкор сен үчүн

Айдап барам кембайлап,

Кабылан Манас шеримсиң,

Белиме таңуу эримсиң.

Медер кылып отурган

Каргылуу тоодой белимсиң!

Туулбастан алты жыл,

Тууларың билгемин,

Азган-тозгон аз элге

Туу болот деп жүргөмүн.

Көз көрөлек бала элең,

Жылкыдан каалап берейин,

Кер кабылан малымды ал,

Келипсиң Кошой абаңа

Аздык кылса азыгың,

Көөкөргө куюп канымды ал!

Түнөрүшсө кытайга

Түз кирип айза сайып кел,

Түйшүк көргөн кырк үйлүү,

Шер экениң чын болсо,

Азат кылып алып кел!

Кайнап жаткан кытайга

Кагышып кыргын салып кел,

Кайран Балтай, Жакыпты

Эр экениң чын болсо,

Жергеңе эсен алып кел!

Казылуу жаткан ору бар,

Кырк үйлүү кыргыз элинин

Өзүң караан болбосоң,

Кайнай турган шору бар!

Кордук көргөн чени бар,

Койбой каптап келүүчү

Ал кытайдын эли бар.

Эр жерине конуучу,

Канкор - деп, кудай жаратса,

Эл үчүн курман болуучу.

Атаа, Манас, кулунум,

Абаң Кошой өлбөсө,

А дүйнө жүзүн көрбөсө

Кыргынды кызык салармын,

Кылча көрбөй куу жанды

Ажыратып алармын!

Көк жалым, сага кебим бар,

Көп сөз айтар ченим бар!

Жана айтса мунум бар,

Канкор шерим, угуп ал!

Айкожонун Билерик

Кытайга элчи барыптыр,

Кыстоону кытай салыптыр,

Миң балбан менен чоң Жолой

Манжуунун каны Эзкара

Баланы сынап калыптыр.

Билерикти жактырып,

Чоң күрөң оозун буруптур,

Чоң калдай бар жанында,

Айкожонун Билерик

Жапааны Эзкара чочко кылыптыр.

Адам, далай алптын султаны,

Кыйласынын кыйыны,

Баарысынын баатыры,

Эрге ылайык эр экен,

Айкожонун уулу экен,

Алданын сүйгөн кулу экен.

Он экиде кези экен,

Өрттөнгүрдүн өзү экен,

Дин кулпусу эр экен,

Кармап алса бурутка

Кереги тийчү эр экен.

Айзакерден ыктуусу,

Жазы маңдай, жаргак көз

Бусурмандын мыктуусу.

Эңчегер бойлуу, өңү саз,

Маңдай чачы аз болот,

Тутанып өлгөн бул чочко

Каканчынга Бээжинге

Түбүндө бизге кас болот.

Үйүң күйгөн бурутту

Кол-аягын байлайлы,

Чынмачындын баашасы,

Чын Бээжинге айдайлы!

Карыкан бар, Эсенкан,

Тартуу кылып баралы,

Кырк аркан бою чоң зындан

Өлтүрбөстөн - житирбей,

Зындан-орго салалы

Жаңжалдашпай, урушпай,

Кызыталак буруттун -

Бурут деген журуттун

Билерикти бекитип,

Кандыгын сурап алалык,

Тил албаса жоёлук,

Эл баатыры Алөөкө

Эл четине апарып,

Ак үйлүү муну коёлук!

Алтындан салым көп алып,

Бажыга түмөн мал салып,

Бажыга малы жетпесе,

Беш көкүлдүү кызды алып,

Талаадан байлап дөөсүн,

Буйрукка бурут көнбөсө

Талкандай муштап мээсин,

Чыгаралы буруттун

Капкайдагы кээсин!

Кумдан кулан кубалап,

Кутуруп калган кези экен.

Өлчөөсүн алып кытайдын,

Далайын көрүп бул элдин.

Танабын тартып бул жердин,

Талкаланып бул бурут

Талаалап жүргөн кези экен», -

Деп, ошонтүп, Эзкара,

Талканды таамай салыптыр.

Доңуз мүнөз эр Жолой

Талкалашып урушуп,

Кандуу канга канышып,

Качпай туруп салышып,

Кызыкты кыйла көрүшүп,

Булак аккан эмедей

Кызыл канды төгүшүп,

Уйгу-туйгу турушуп,

Бир билген чырын кылыптыр,

Алпы кирип зордуктап,

Манжуу, кытай кордуктап,

Билерик колун кырыптыр.

Айкожонун Билерик

Билерик кармап алууга

Билген чырын Эзкара

Сынап туруп кылыптыр.

Билген чырын баштаптыр,

Баатырларын барбайтып,

Маңдайга кырып таштаптыр.

Кыйындарын кыйратып,

Кыйын мүшкүл салыптыр.

Жалгыз калып Билерик

Кытай жетип имерип,

Айзаларын сунуптур,

Айгай кулак тундуруп,

Аскерлерин Билерик

Эзкарага кырдырып,

Кечээ, Билерик кордук көргөндө,

Кыйла колу өлгөндө,

Жапаа көрүп жалгыз эр

Мүшкүл тартып күн көрүп,

Жар-жоросу өлүптүр,

Жалгыздыкты көрүптүр!

Айза сунуп турушуп,

Бой бербептир Билерик

Он эки күнү урушуп.

Ал Билерик байкушту

Курчап кытай толуптур,

Кургур жалгыз болуптур.

Маңдайында бараан жок,

Мендесине бербесин,

Бастырып чыгар караан жок.

Бел байлаган бели жок,

Бекип жаткан жери жок,

Каз айланбас зоосу жок.

Каргылуу кара тоосу жок.

Эш тутарга эли жок,

Кара кылар калкы жок,

Ажыратып алуучу,

Аңгеме-кыргын салуучу,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.