АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Кошой, Манас алпы жок,
Кордукту артык көрүптүр.
Койгулашар чаркы жок,
Койгулашып Билерик
Кудай бетин көрсөтпө,
Мурундун баары бүлүнүп,
Кулактын баары кулжуюп,
Тарсылдактан жулунуп,
Туш-тушунан көргөндө
Менденин бою дүркүрөп,
Айза, кылыч, жаа огу
Туш-туштан тийип күркүрөп,
Кытай илек, ал жалгыз,
Кылганы барбы кудайга,
Чапчышышып турушуп,
Чамасы кетип ал бошоп,
Он беш күн тынбай урушуп,
Коюнуна кара кан толуп,
Караанга байкуш зар болуп,
Кайрат кылчу эки кол
Өөдө болбой шал болуп,
Дүйнөгө бергис кайран баш
Челектей кызыл кан болуп,
Билгендерден сурадым,
Билериктин жомогун
Азапты артык тартыптыр,
Мендеси мындай болобу?
Күрмө кийген баатыры,
Күчтүү Жолой капыры
Күчөп кирип келгенде
Дини ыслам адал дин,
Бусурмандын уулунан
Бир көргөнгө зар болуп,
Ал кытайдын огунан
Мендесине бербесин,
Кара макмал, ок өтпөс,
Үстүндөгү кийгени
Кат-катынан бөлүнүп,
Кыймылдаса Билерик
Жолум үйдөй жаа огу
Ар кайсы жерден төгүлүп,
Ошо согуш ичинде
Минген аты Кылжээрде,
Кылжээрде жүрбөй болкулдап,
Жүрбөй калган себеби -
Булчуңун булгай ок тийип,
Кылжээрде аксап жүгүрүп,
Кылча табар айла жок,
Билерик жандан түңүлүп,
Чама кетип, баш чайкап,
Чарчап булар турганда
Кытайлардын балбаны
Туш-тушунан кол салып,
Чабышты мыктап кылганда,
Чабышып чама жете албай,
Айкожонун Билерик
Чаркы кетип турганда,
Манжуулардын баатыры,
Жоо бөрүсү жонумдун
Жолу катуу капыры,
Эпсиз журттун эрени,
Эң акылман, чоң сынчы
Эзкарадай берени,
Калдайлардын капыры
Манжуулардын каны экен
Эр Эзкара баатыры.
Чоң күрөңгө камчы уруп,
Каарданып бакырып,
«Казыр байлап алгын», - деп,
Балбандарын чакырып!
Малакайчан ыктуусун,
Балбансынган мыктуусун,
Адамдын мойнун алуучу
Төө моюн кара оргогун,
Айдаган экен Эзкара
Дөөдүр кара соргогун.
Жаң-жуңун кууп токмоктоп,
Эзкара каарын төккөндө
Жалаң аскер көп колу
Жаны чыгып шокшоктоп,
Кызыкты кыйла баштаптыр,
Кыжылдаган кытайын
Чоң күрөңчөн Эзкара
Кырып ие таштаптыр.
Жер топосун сапырып,
Эзкара кайрат кылганда
Жер жарылган бакырык,
Айгай кулак тундуруп,
Калмактардын балбаны
Үйдөй чокмор колго алып,
Бир жактан чыгып булдурук.
Асманга учуп топурак,
Аскер кайнап топурап,
Айзанын башы кагышып,
Ат көрбөгөн жөө күлүк
Жөөлөрү аттай жарышып,
Каны каарын салган соң,
Каптабай кытай турабы,
Кыйыны буйрук кылган соң,
Кырат экен капырлар
Аянып кудай урабы?!
Кара жоолук түйгөн баш,
Аркасында болтоктоп,
Кол токмоктой өргөн чач,
Билерик каптап кеткенде
Калмактын калкы аралаш.
Маңдай жагы бакырык,
Кырк уруу кытай балбаны
Туш-туштан ураан чакырып,
Айла кетип турганда
Жаа тарткыч Дөөдүр жетиптир,
Билерик кармап алалбай,
Астындагы Кылжээрде
Сүбөөнүн бир жак бетине,
Көк боордун таамай четине,
Бармагынан май чыгып,
Күч менен тарткан доңуздун
Тырмагынан кан чыгып,
Тарткан жаасын карасаң
Боосу кылдай чоюлуп,
Каарданып турганы,
Кылжээрде кыйын тулпарды
Жаа менен урганы.
Жаанын огу дыркырап,
Кылжээрденин капталы
Тийген жери быркырап,
Кан төгүлүп зыркырап,
Кан-жин менен аралаш
Капталынан чочконун
Кара кан агып дыркырап,
Сүрдүгүп жээрде жыгылып,
Атаа, кытай алган Кылжээрде
Аңгекке башы тыгылып,
Бүгүн көргөн эртең жок,
Аласасы келгенде
Ушундай экен дүйнө шок!
Билерик айтып мындай кеп:
«Кожолорум короюп,
Мурда кыйла эр элем,
Кыйындардан айрылып,
Өзүм калдым сороюп!
Саят кылып, аң уулап,
Ууга кирген экемин,
Айыкпаган бир азап,
Чууга кирген экемин!
Кез болгон кайра тартпаган
Жолго кирген экемин,
Кесип адам өтө алгыс,
Шорго кирген экемин!
Жапаа, мүшкүл балааны
Көргөнү келген экемин,
Отура калып сийбеген,
Жеңи жерге тийбеген,
Дини кара капырдан
Өлгөнү келген экемин!
Кайнап жаткан капырдын,
Каарданган баатырдын
Колунда калган экемин!
Мөңкүсөм чыкпас капырдын
Торунда калган экемин!» -
Деп, ошонтүп, Билерик
Үзөңгүдөн бут тайып,
Ээрден көчүк бултайып,
Эки буту салактап,
Кубарып өңү суюлуп,
Эки беттен аккан жаш
Акырек ылдый куюлуп,
Билерик минтип туруптур,
Кордукту Жолой кылыптыр.
Темир аркан торчону
Тегеректеп тор салып,