АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Тегиз канжар колчону
Ач айкырык кол салып,
Буйрук кылып Эзкара
Өкүргөндөн бакырып,
Өлтүрүп ийбе окус», - деп,
Балбандарын чакырып,
Тегеректей калгын, - деп,
Башына коок салгын, - деп,
Чапчышарга чама жок,
Кол-аягын байла, - деп,
Качырга байлап мингизип,
Каканды көздөй айда, - деп!
Таң-тамаша оюнду
Жоону жеңдик, салгын! - деп,
Ай Жаң-Жуң кан, Күн Жаң-Жуң,
Чет-Бээжинде Эсенкан
Таш-Көпүрө шаарында
Жарым каным Азезил,
Бээжиндин каны Карыкан
Буларга айдап барыңар!
Ит болбосоң балбандар,
Кырк уруу кытай Бээжиндин
Кандыгын сурап калыңар!
Мындай адам кабылбайт,
Бу түрдүү адам табылбайт.
Балбандыгы башкача,
Баатырдыгы бир канча,
Колго түшкөн жан экен,
Каканчындын Бээжиндин
Ырысына табылган
Ырас мыкты жан экен.
Колго тийген коёнду,
Коё берген оңорбу?!
Касташып жүргөн буруттун,
Бурут деген журуттун
Сурап ичип тойбогон,
Сугалагын койбогон,
Караңгыда айдаса
Карышкырча жойлогон,
Бүлүк салып, мал тийген,
Эреже бузуп, эл сойгон,
Өзөнчө жерге өрт койгон,
Кара сууга кан куйган,
Суу ич десе, уу ичкен,
Кан төк десе, жин төккөн,
Эңишкен туура келбеген,
Эңкейтип менде жеңбеген,
Чабуул издеп, журт бузган,
Чабылган кыргыз тукуму -
Уйпалган кыргыз ал журттун
Улугунун өзү экен.
Караган кара көзү экен,
Орго алпарып салалык,
Тутанып өлгөн кыргыздын
Кыздарын тартып алалык!
Кырк аркан бою чоң зындан
Ошого барып салалык!
Кызыталак буруттун
Кыйласын тартууга алалык!
Ал сөзүңө көнбөсө,
Ал айтканды бербесе,
Колго түшкөн Билерик
Кылычтап башын алалы,
Кыйратып башын жаралы!
Күчтүү балбан экөөлөп,
Күрмөп байлап мойнунан
Өөдө-төмөн жетелеп,
Кыйратып башын алалы!» -
Эзкара мындай айтып кеп,
Зилинде бул иш керек, - деп,
Качырга байлап алды эми,
Шуру отогот, маржан таш,
Зуңтуңдун каны аралаш,
Улугу бар, каны бар,
Кыйындары, баары бар,
Манжуунун каны Эзкара,
Шибээликтен Ылама,
Калмактардын Жолою,
Таамай эрен жаныбар,
Билерик байлап алганда
Таш сайынган кытайдын
Тазасынын баары бар.
Баланы кармап алыптыр,
Темир торго салыптыр,
Белинен кармап бүктөптүр,
Бээжинди көздөй жүктөптүр.
Каары толук бакырып,
Сүйүнгөндөн баарысы
«Какайлап» ураан чакырып,
Сурнай үнү бапылдап,
Жезнай үнү такылдап,
Барабан кагып той кылып,
Баатыр экен Эзкара
Тыргооту тыйпыл чогулуп,
Байлап алган баатырын
Астына салып айдатып,
Айлалуу Жолой капырың
Өзөндөн чаңы буркурап,
Өзүң көргөн көп манжуу
Өлөңүн айтып чуркурап,
Балбаны бөлөк бөлүнүп,
Балбандардын сыягы
Баатырлык түрү көрүнүп.
Балбандын түрү бир башка,
Баатырларын чогултуп,
Алган экен Эсенкан
Ааламды бузган көйкашка,
Улугу бар, каны бар,
Ушунчаны жыйнаган
Билгич экен каркыбар.
«Билерик байлап келдик», - деп,
Астына кабар салдырып,
Алтымыш тейтей, кырк манжуу
Сүйүнчүсүн алдырып,
Эсенкандын эшикте
Таза кумдан төктүрүп,
Сейилдикке чыгуучу
Опсуз бийик мунара
Баашалыгы башкача,
Кызыталак сурагы
Кабар укту Эсенкан.
Мунарага жүгүрүп,
Толуп жаткан көп аскер
Кан Эсенкан алдына
Келиндерче тоңкоңдоп,
Таазим кылып жүгүнүп,
Каарданып Эсенкан,
Турган экен бакырып,
Көп ылашкер, сан тыргоот,
Бирөөн койбой чакырып:
«Ордо каптап, кол жүрдүң,
Аз гана эмес мол жүрдүң!
Улугуң, баштык каның кел,
Ушунча журтум, баарың кел,
Таш сайынган тазаң кел,
Күрмө кийген күчтүүң кел,
Айбалта чабар ыктууң кел,
Айзага камбыл мыктууң кел,
Айзасы артык учтууң кел,
Кылычы кыйын курчтууң кел!
Жети түмөн жоо келсе,
Жеке айза сунчуң кел,
Даарының калбай, баарың кел,
Чала моңол каның кел,
Миңден чыккан бириң кел,
Акылга дыйкан ыктууң кел,
Аябаган мыктууң кел!
Кымбатыңар, карыңар
Тополоң тийген эмедей,
Токтобой каптап келипсиң.
Тозмого койгон баарыңар!
Кароолго койгон ыктууңар,
Ашып-шашып антаңдап,
Калбай баарың келипсиң,
Калың аскер мыктууңар.
Бейлеп, ойлоп, көп жүрөм,
Чалыша кетсек окустан,
Он сегиз миң ааламды,
Жерге туулган адамды
Желдетим жумшап талкалап,
Жеке билем, - деп турам.
Ашып-шашып келгениң,
Далай балбан антаңдап,
Тагымды тепсей келгениң,
Эселек кол энтеңдеп,
Эминени көргөнүң?!»