АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Ачуусу келип Эсенкан,
Ачууланып үксөңдөп,
Төбө чачы сүксөңдөп,
Каарды катуу баштады,
Аскерлерди Эсенкан
Чалып ие таштады.
Эр Эсенкан улуктун
Бекем кылган беш сарай,
Бекемдиги бир далай.
Беттеп менде келбеген,
Бет алып адам жеңбеген,
Сакчылары сандан көп,
Кароолчусу андан көп.
Балбаны бар жабылган,
Улук экен Эсенкан
Баш күнүнөн камынган.
Ары жагында сакчысы,
Адамдын мурду, кулагын
Тумар кылып тагынган.
Айта-буйта дегиче,
Буйрук кылса Эсенкан
Көп аскери жабылган.
Эсенкандын алтын так,
Айланасы чынар бак.
Ал тагынын эшикте,
Казылган даяр ору бар
Ары жагына караса,
Кынжы салып байлаган
Катылса соёр зору бар.
Караса мынча баркы бар,
Жан сактарга сан колу
Жыйылган экен каркыбар.
Манжуунун каны Эзкара,
Калмак каны чоң Жолой
Каарды катуу баштады,
Журт баштыгы Эсенкан
Жутуп ие таштады.
Кара калмак карысы,
Шибээ, манжуу баарысы
Кыргын тийген эмедей,
Эсенкан каарын төккөндө
Кыйрап түштү баарысы.
Өз билгенин сан колго
Кыла турган болуптур,
Токтобостон сан колду
Кыра турган болуптур.
Чогуусу менен баарына
Адам көрбөс дүмөктү
Кыла турган болуптур.
Манжуунун каны Эзкара
Сан колунан бөлүнүп,
Эсенкандын көзүнө
Эрдиги эпсиз көрүнүп,
Тизеси жерге бүгүлүп,
Ушунчалык шаардын
Улугу экен Эзкара,
Дал алдына барганда
Келин болду жүгүнүп,
Эзкара айтты эми кеп,
Кан алдына мындай деп:
«Баатыр Эсен, улугум!
Ат бороюн сыдырып,
Жердин үстүн кыдырып,
Чалгын чалып, жер кайгып,
Эрдигим менин ким үчүн,
Эр Эсенкан, сен үчүн!
Ат бороюн сыдырсам,
Ааламдын баарысын
Безип жүрүп кыдырсам,
Чачкын кылсам малымды,
Курман кылсам жанымды,
Сүйүнчүлөп эр байлап,
Алдыңа келсем күүлөдүң,
Баш кесердей түрдөндүң!
Кыйла кызык баштадың,
Кылчайбай койсом өзүңө
Кырып ие таштадың!
Кан эле болсоң бекерсиң,
Кан экениң чын болсо,
Кайран башты кесерсиң!
Каным, буйрук сен кылдың,
Айтканыңа мен турдум.
Өзүң буйрук кылган соң,
Капчалды бузуп жол алдым,
Какандан жыйнап кол алдым.
Ат бороюн сыдырдым,
Ааламдын баарысын
Жортуп жүрүп кыдырдым.
Эзкара жортуп ашпаган
Адыр-күдүр бел калбай,
Мен көрбөгөн эл калбай,
Тулпар атым жоорутуп,
Көбүрөөк көңүл оорутуп,
Чай алган тоонун кентинен,
Алтын казчу Чай-Тоонун,
Түгөнгөн ары четинен,
Үзүлгөн тоонун урчуктан,
Узун түшкөн тумшуктан,
Курун селде чалынып,
Кудуретке жалынып,
Аркар айдап, кулан кууп,
Астымдан чыкты бир топ жан.
Чегимди бузуп келиптир,
Келгенин көзүм көрүптүр,
Уламадан уласам,
Учу-түбүн сурасам -
Көрсө, бурут өзү экен,
Бир шайтанды Бээжинге
Кызыталак ал бурут
Салганы жүргөн кези экен.
Кайгуул карап, жер чалып,
Кас болуп жүргөн кези экен.
Бир дүмөктү Бээжинге,
Салганы жүргөн кези экен.
Бажыдан жыйган түмөн мал,
Казыналык түмөн мал -
Кастык кылып бу бурут
Алганы жүргөн кези экен,
Бир шумдукту каканга
Салганы жүргөн кези экен!
Өзү ыслам дининде,
Өрттөнүп кеткен бул бурут
Бизге душман зилинде.
Кайгуулду тиктеп бул бурут,
Алганы жүргөн кези экен,
Калайманды каканга
Салганы жүргөн кези экен.
Томуктай жерде тоо жок,
Токумчалык коо жок,
Чоң-Туңшанын четинен,
Кулан-Талаа бетинен
Кутуруп кеткен бурутка
Жекене белге курчандым,
Жеке аралап кол салдым.
Кутургурдун өзү экен,
Зордугу тоонун теңиндей,
Анча-мынча адамды
Айдап кырып жегидей.
Миздей сары талаада
Өйүз-бүйүз туруштум,
Мылтык атып, жаа тартып,
Кырк бир күн тынбай уруштум.
Ат салышып чыгышып,
Ач кыйкырык салышып,
Айза кыйрап кеткенде
Айбалта менен чабышып,
Эрдигин көзүм көргөнү,
Кырк бир күнгө бой бербей,
Таш сайынган кытайдан
Тазалары өлгөнү.
Ат салышып турушуп,
Айгайлашып урушуп,
Шибээнин Калдай каны өлүп,
Кагышка кирип барганда
Калмак Жондук дагы өлүп,
Кагыш, кыйын калайман
Каарды катуу баштадык,
Канжарколду каптатып,
Кайраты жок жаманын
Такыр кырып таштадык.
Белгилүүсүн жайладык,
«Канга керек болот», - деп,
Кадырлуусун кармадык.
Таамай уккун сөзүмдү,
Ачуулансаң мейлиңиз,
Тартуу кылдым өзүңө!
Кармап келген бул бурут,
Билеги жоон, таш жүрөк,
Бил мүчөлүү бадирек.
Балбандыгы бир канча,
Баатырдыгы бир башка,
Жалаяк ооз, жар кабак,