АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Айбаты артык, заары күч
Кармаша келген адамды
Кырып-союп кылат түз!
Ач арслан төштөнгөн,
Өрттөнүп кеткен бул бурут
Алгыр бүркүт көздөнгөн,
Жаның чыккан буруттун
Жан казандай башы бар,
Жаткан иттей кашы бар,
Ороодой чуңкур көзү бар,
Өлүмдөн кайта кайтпаган
Оргу-баргы сөзү бар.
Акыл ойлоп, журт билген,
Зардалдык сыны көрүнөт,
Сан колду жеке баштаган
Балбандык түрү көрүнөт.
Тексиз жүргөн уул эмес,
Тегин жүргөн кул эмес.
Өрттөнгүрдүн өзү окшойт,
Бээжинге бузук салуучу,
Бет алганын алуучу,
Бейпай кулдун өзү окшойт.
Айза кармап имерди,
Өңчөй балбан манжууну
Өрттөнүп кеткен бул бурут
Өткөрө кырып жиберди.
Кылычын кармап толгоду,
Кызыталак бурут оңбоду,
Кыргынды кызык баштады,
Катылгандын баарысын
Кылычтап кырып таштады.
Мен Эзкара болгону,
Эзкара атка конгону,
Мындай эрди көрбөдүм,
Мындай эрди туйбадым.
Беттешкени - бештен, төрт,
Кызыталак буруттун
Бет алган жагы кызыл өрт,
Катылганды чалгандай,
Каман сыны бар экен,
Атышканды алгыдай,
Арслан сыны бар экен.
Кара жагал Бороончу
Бозуп чыгып уруштук,
Калмактардан чоң Жолой
Тозуп чыгып уруштук.
Чоң күрөңчөн Эзкара
Кошо чыгып уруштук,
Делпиң алп менен Дөөдүр алп,
Каршылашып туруштук.
Арага алып четтедик,
Өң дөөлөрдүн баарысы
Билерикти беттедик.
Күчкө салып баланы
Эптеп кармап албасак,
Бээжинди соо коёбу,
Катылган аман калабы,
Бул өңдөнгөн куу бурут
Элинде бекер жатабы?!
Кармап мүнтүп албасак,
Бээжинди аман коёбу?!
Үйүң күйгөн бу бурут
Адамдан артык туулган,
Мынча кармап албасак,
Сала турган чуулган.
Кыйындарын кыйратып,
Каарды сала киргенбиз,
Кармап алып бирөөнү,
Бет алдыңа береним,
Тартуу кылып келгенбиз!
Сынчыңызга сынатып,
Сынап туруп алыңыз,
Сыныңа толсо бурутту
Зынданыңа салыңыз!»
Эзкара мындай дегенде,
Эсенкандын доолбас,
Кан алдында белгиси
Өзү билдин териси,
Жезге чоюп каптаткан,
Алтын тактын түбүнө
Кароолун коюп сактаткан.
Көчүгү жоон үч кучак,
Үйдөй чокмор колго алып,
Камынып чабат балбаны,
Үнү угулбай дүңгүрөп,
Кулактын чыгат далдалы,
Жанындагы балбаны
Доолбас уруп калганы.
Доолбас бекем кагылып,
Сыйкырчысы, сынчысы
Доолбас үнүн укканда
Каптап жетти көп улук.
Эсенкандын кум майдан
Ашып-шашып басышып,
Балбаны минтип турганда,
Үрбөп-дүрбөп жүгүрүп,
Тизеси жерге бүгүлүп,
Сыйкырчысы, сынчысы,
Ажайыпчы, балчысы,
Атагын көргөн чочуган,
Алтымыш барак Бурканды
Артык-жетик окуган,
Сынчылары келгенде
Сынап бергин муну, - деп,
Калк жыйылып туруптур,
Катуу буйрук кылыптыр.
Билериктин моюнунан
Тээктеп бекем байлаптыр,
Жети дөөсү жетелеп,
Өөдө-төмөн айдаптыр.
Сынчылары көрүптүр,
Эр Эсенкан чоң канга
Кылыгын айта бериптир:
«Улук да экен, шер да экен,
Колго тийген бул бурут
Артык мыкты эр экен,
Кан ичме канкор бурутка
Жолдош болчу неме экен.
Орто бойлуу, кең далы,
Ойротту бузар эр экен,
Каканчындын Бээжинге
Ок атуучу эр экен.
Кең көкүрөк, жайык төш,
Келберсиген куу бурут
Кандай күнү болгон кез.
Кол-аягын бекитип,
Кордук кылып бакпасаң,
Топ казына мүлкүңдү
Чача турган уул экен,
Токтобостон Какандан
Кача турган уул экен.
Мурадына бир күнү
Жете турган уул экен,
Бузулса качып элине
Кете турган уул экен.
Көзү кызыл, өңү чок,
Көп жерде мындай бала жок,
Бекер калчу кул эмес,
Бээжинге токтоор уул эмес.
Туура жагың Каканчын,
Маңдай жагың Бакбурчун.
Улуңту, Кентун, Туңшаны,
Кездик эле мынчаны.
Малдан ачып баарды,
Сынап жүрүп кыдырып,
Көрдүк эчен шаарды.
Эрден мындай көрбөдүк,
Эзелден мындай билбедик.
Баатырдыгы башкача,
Балбандыгы бир канча.
Орто бойлуу, кең далы,
Оюлгур мыкты жан экен,
Түрүн көрүп байкасак,
Он экиде бала экен.
Кайыбынан кабылган,
Бээжин оңой жер эмес,
Бул бала кайсы күнү кабылган?»
Эсенкандын алдына
Сынчынын каны Чоң Аяр
Чоң Аяр туруп муну айтат,
Билген жанга шумду айтат:
«Колго тийген коёнду
Коё берген оңорбу?!
Эсенкан, улук сен элең,
Билгич аяр мен элем!
Колго тийген буруттун
Кол-аягын бекитип,
Орду көздөй айдаңыз,
Тилимди тиктеп алыңыз,
Кырк аркан бою зынданга
Алып барып салыңыз,
Бек бекитип калыңыз!