АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
«Билерик колго түштү», - деп,
Бурутка кабар кылыңыз!
Дегениңе көнбөйбү?
Өрттөнүп кеткен ал бурут
Каалаган жерди бербейби!
Башчыларын жыйбайбы:
«Баланы аман алам», - деп,
Мал-башын тартуу кылбайбы!
Ушул жаткан баласын,
Ажыратып алууга
Айтканыңа көнбөйбү,
Алты-Шаар, Маргалаң,
Ары жагы Самаркан,
Колтугу Кокон, Анжыян -
Ошондон берки калаасын
Тартуусуна бербейби!
Дегениңе көнбөйбү?!
Каарды катуу салабыз,
Кызыталак буруттун
Канча мүлкүн алабыз!
«Бербесең жайлап салам», - деп,
Кызыталак буруттун
Кандыгын сурап алалы.
Адегенде көнбөсө,
Ал айтканды бербесе,
Колго түшкөн баланын
Кол-аягын байлайлы,
Өөдө-төмөн токмоктоп,
Кордук кылып жайлайлы.
Эстеген жоонун четине,
Бусурмандын бетине,
Каардуусун соёлу,
Алымды мыктап алууга,
Азапты мыктап салууга,
Эр Алөөкө баатырды
Маргалаңдын шаарына
Кан көтөрүп коёлу.
Энеси талак бурутту
Эптеп жүрүп соёлу!
Кыстоону кыйын салалы,
Кыйыгын таап буруттун
Кыйла мүлкүн алалы!
Чоң Аяр айтып турган соң,
Аны укканда Эсенкан
Кубанып калкы чуркурап,
Кубанчылуу той кылып,
Калкынын баары жыйылып,
Дүнүйөнү чачтырып,
Балбандарын шаштырып,
Кырк кулактуу жез казан
Так алдына астырып:
«Тилегим кудай берди, - деп,
Тиктеп жүргөн душманым
Эзкара байлап келди», - деп,
Күйүттүн баары чачылып,
Күптүүнүн баары ачылып,
Адам тапкыс ой кылып,
Аалам журттун баарысын
Жыйып алып Эсенкан,
Жылма болгур, той кылып,
Кырк кулактуу жез казан
Жагып отту кайнатып,
Үйдөй болгон бурканды
Казандын өөдө жагына
Салбыратып астырып,
Өөдө карай байлатып,
Кырк өгүздү бир союп,
Муну бүтүн салдырды.
Кырк чочкону бир союп,
Кырк күчүктү бир союп,
Кырк мышыкты бир союп,
Баарын катар салдырды.
Адам тапкыс ой кылды,
Коңгуроо бекем кагылып,
Кайнап жаткан көп улук,
Тыргооту тыйпыл жабылып,
Эсенкандан чочунуп,
Колодон кылган бурканды
Бизге кудай ушу, - деп,
Жабыла баары чокунуп,
Манжуунун баары жабылып,
Колодон кылган бурканды
«Кудай бу», - деп табынып,
Желигип манжуу, көп шибээ
Жети күнү той кылып,
Той-тамаша шайлашып,
Калдайды жыйып калыптыр.
Алөөкөдей баатырды
Маргалаңдын шаарына
Кан көтөрүп салыптыр,
Муну менен Алөөкө
Ак үйлүү болуп калыптыр.
Билериктей байкушту
Кырк аркан бою чоң зындан,
Алып барып салыптыр,
Өлтүрбөстөн - житирбей,
Каары толук Эсенкан
Ушуларды алпарып,
Казынага багыптыр.
Өлбөй-житпей Билерик,
Ушу бүгүн аман - дейт.
Өлүк эмес, тири эмес,
Айкожонун Билерик
Көргөн күнү жаман - дейт.
Ордо жатып зыркырап,
Күйүп жүрөт - деп угам,
Олуя Кошой абакем
Качан апы кылат, - деп,
Билип жүрөт, - деп угам.
Арслан Манас кулунум,
Айтып бердим жомокту.
Көөдөндө черим муңум бар,
Айттым муну, угуп ал!
Балам, Манас, кулунум,
Абаң Кошой кары бар,
Кошой абаң ичинде
Төө көтөргүс зары бар!
Кыргынды кытай баштады,
Кылчайып карап койгонду
Кыргын кылып таштады.
Канкор тууган кулунум,
Сөзүмө кулак салыңыз!
Доошунан жан чыгып,
Азыр Алөөкө болду каныбыз!
Шер экениң чын болсо,
Азып калган кыргызды
Ажыратып алыңыз!
Маргалаңды сураган
Алөөкө болду атагы,
Ал Алөөкө чочконун
Ааламга тийди чатагы!
Орногону былтыр күз,
Кыйланы кырып кылды түз!
Каарданып бакырса
Ал капырдан күдөр үз!
Каяшаяк бергенди
Эки көзүн кашайтып,
Оюп салды, - деп уктум.
Алым бербей койгонду
Арык койдой тыртайтып,
Союп салды, - деп уктум.
Жүргөнүнөн чаң чыкты,
Ал Алөөкө капырдын
Доошунан жан чыкты.
Алтымыш уулдуу капыр, - дейт,
Ааламга бой бербес,
Алөөкө бааша баатыр, - дейт.
Жылт-жулт эткен дүйнөнү
Оруп турат Алөөкө,
Алым алып алтындан,
Соруп турат Алөөкө.
Алөөкөнүн кайраты,
Мактанып менде жетпейт - дейт,
Кайыр берем деген жан
Бирөө тирүү кетпейт, - дейт.
Алөөкөнүн каары
Ар адамдан артат - дейт,
Аркан байлап бутуна
Каар кылган адамды
Асманды көздөй тартат - дейт.
Айтсам кызык мунум бар,
Алөөкөнүн чатагын
Арслан Манас, угуп ал!
Көлүктөн тандап төөнү алып
Кордук кылды, - деп уктум.
Койбой баарын сабатып,
Зордук кылды - деп уктум.
Алты-Шаар, Кокондон,
Айдап сабап сарттардан
Алым алды ошондон.