АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Каарды катуу кылды - дейт,
Каяшаяк бергенди
Кармап алып урду - дейт.
Алтымыш жамбы, миң кундуз,
Алым алып турду - дейт,
Алымына чыдабай,
Анжыян журту качты - дейт,
Кайран журттун уругун
Алөөкө кан чачты - дейт.
Быягында капырдын
Улуу Анжыян тушу бар,
Улуулугу эң кыйын
Үйүң күйгүр ушу бар.
Өңгөк-дөңгөк талааны
Оруп турат, - деп угам,
Каары тийген адамды
Соруп турат, - деп угам.
Каттаган адам барат - дейт,
Кармап алып бу чочко
Ажайыпка бактырган
Каманына салат - дейт.
Ажайыпка орноткон
Керик менен били - дейт,
Жолборсу он беш төлдөйт - дейт,
Жолу каткан чочкого
Жолоп менде келбейт - дейт,
Жер жүзүнүн алптары
Каптаган менен жеңбейт - дейт,
Каптап адам барбайт - дейт,
Кез болгон адам калбайт - дейт,
Кылчайгандын чекесин
Жөн эле кармап оёт - дейт,
Ажыдаардын алдына
Кармап сала коёт - дейт.
Чындап жини кармаса,
Самаркан менен Коконду
Талкан кылып чалат - дейт.
Өрттөнүп кеткен ал доңуз
Жана жини кармаса,
Алдына барган мендеси
Өлбөй тирүү тартпайт - дейт.
Каарына алган мендеси
Эсен кайра кайтпайт - дейт.
Өрттөнүп кеткен Алөөкө,
Жоругун уксам чоң бааша,
Жологондун баарысын
Кырып-союп салат - дейт,
Уксак мындай тамаша!
Ажайып торун орноткон,
Артык деп угам кыялын,
Өтүп кеткен Намурут
Артык дейт андан сыягын.
Тил үйрөткөн чочконун
Кериги бар, били бар.
Керишкен менен ал жетпейт,
Кел, көчүп кел, канкорум,
Азыр менин тилимди ал!
Ажайыпчы, сыйкырчы,
Билгичи бар - дейт жанында.
Ачуусу келсе кырат - дейт,
Алакандай бусурман
Бөйдөй-чайдай куурат - дейт.
Аскеринен чаң чыгып,
Үйүң күйгөн чочконун
Каарынан жан чыгып,
Алымына чыдабай,
Эчен адам шашты - дейт,
Алты-Шаар, Кокондун
Журту тамам качты - дейт.
Буласын булап алды - дейт,
Казыналык чоң тагын
Маргалаңга салды - дейт,
Ак үйлүү жүрүп ал чочко
Бадыша болуп калды - дейт.
Болот эшик дарбаза,
Болуп калды чоң бааша,
Колуна тийген мендеге
Салды дейт кыйла тамаша.
Каарына чыдабай
Канча менде шашты - дейт,
Алым салып бул капыр
Арбагы журтту басты - дейт,
Колуна тийген адамды
Кокуйлатып чачты - дейт.
Алымын таап бербесе
Өз билгенин кылды - дейт,
Астына барган мендени
Ырайым кылбай ал чочко
Кыйласын союп салды - дейт,
Жетим-жесир, мискинге
Тозокту тоодой кылды - дейт.
Коломтодон кор чыгып,
Ордолуу шайык, көк жөкөр
Орчун Кокон, Маргалаң
Ошолорду сураган
Алөөкө аттуу зор чыгып,
Бул Алөөкө баатырдын,
Кайраты толук капырдын
Чарпышып чама келе албай
Беттешип менде жеңе албай,
Бейпай салды - деп уктум!
Дегениме көнсүн, - деп,
Койгулашпай тынч эле
Кошой алым берсин, - деп,
Мага да кабар кылыптыр,
Үйүң күйгөн чочконун
Элчиси келип туруптур.
Карыпчысын калдайтып,
Каны кошо келиптир.
Күрмөлөрүн күлдүйтүп,
Күчтүүсү кошо келиптир.
Кан буйругу келди, - деп,
Каяша кылбай, бурутум,
Алымыңды бергин, - деп,
Ак асаба туу салып,
Айгайлаган чуу салып,
Ургаачыдан уз сурап,
Алымына Алөөкө
Өңчөй сулуу кыз сурап,
Дегенге бачым көнгүн, - деп,
Кыймылдаган малыңдан
Бажыны бачым бергин, - деп,
Алтын, дилде артууга,
Кызыл куйрук нар бер, - деп,
Кыстап түшүп турушту,
Тобокел - деп бел байлап,
Токтобой Кошой абакең
Элчиси менен урушту.
Кудайназар куу чокмор
Белиме таңуу кылгамын.
Угар кулак, көрөр кез
Куу тулпарчан Кутунай
Медер кылып тургамын.
Чоң себилге курчанып,
Алым алчу балбанга
Атыш кылып кол салып,
Желеден айгыр минишип,
Жерден бакан алышып,
«Жаапырым!» - деп салышып,
Жаман уруш болгонбуз.
Ат салышкан жеке жок,
Айрылбаган чеке жок,
Камчы менен кагышып,
Айбалталап чабышып,
Айза менен сайышып,
Түз жер айкын талаада
Түгөнүшүп калышып,
Дегенине көнбөстөн,
Ал алымын бербестен,
Кылыч кыйрап жаркылдап,
Айбалта башка шакылдап,
Белгилүүсүн жайладым,
Келгендерин талкалап,
Маргалаң көздөй айдадым.
Кызыкты кыйла баштадым,
Арага келген балбанын
Аябай кырып таштадым.
Бузукту мындай салгамын,
Бул Алөөкө кан менен
Булкулдашып алгамын.
Арага келген элчиге
Абаң Кошой карыя
Айкырып айза сайгамын,
Апсиси бузук ит менен
Айгайлашып калгамын.
Күчтүүсүнгөн акмакка
Күркүрөп айза сунгамын.