АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Күрмөчөнүн, таштуусун,

Эченин өлүм кылгамын.

Кошой абаң бой бербей:

«Балам, Манас, кебимди ук,

Койгулашып турамын.

Жылгындуу Кең-Кол, Талас бар,

Мекен кылып конуп бер,

Шер болуп Манас, туулдуң,

Бизге караан болуп бер!

Бабаңдан калган жериң тап,

Атаң өткөн Каракан

Өлүмдөн калган элиң тап!

Канзааданын өз көзү,

Калмакка жүрөр жан барбы,

Караңгүн, Манас, эл кайда?!

Бекзааданын тукуму,

Бээжинге жүрөр жөн барбы?

Берен болуп жаралдың,

Берен Манас, эл кайда?!

Көчүп келип, сен Манас,

Мекен кылгын Таласты,

Кудайдан сурап жүргөнбүз,

Жакыптын уулу Манасты.

Улук болуп, бел болгун,

Уялуу коргон шер болгун!

Эки тизгин, бир чылбыр,

Эптеп колго сен алгын,

Кытай эмес кылымга

Кыраан Манас, кол салгын!

Бел байлаган белимсиң,

Арка кылып абыдан

Алда Таала кудайдан

Сурап жүргөн шеримсиң!

Үзүлгөндү улап бер,

Чачылганды жыйнап бер!

Туягымсың, белимсиң,

Таалайга кудай чыгарган

Көк жал Манас шеримсиң!

Шер болоруң билгемин,

Көңүлдүн черин жазат, - деп,

Алда Таала кудайдан

Сени сурап жүргөмүн!

Күптүнү жазар дарымсың,

Күрдөлдү чечер барымсың!

Медер туткан белимсиң,

Бейпайга калган бул элди

Ажыратар шеримсиң!

Алдадан тилеп көп жүрдүм,

Арслан Манас кабылан

Качан келер, - деп жүрдүм!

Бүгүн Манас, кулунум,

Көп сүйүнүп турамын!

Кеткеним келип конду, - деп,

Кемиген жерим толду, - деп,

Абийирим келип жабылып,

Абаң Кошой карыга

Арслан Манас табылып,

Ачылган абийирим жабылып,

Айланайын Манасым,

Аркайып кары кетпеген

Кең Ала-Тоо жериң бар,

Сурап ичип тойбогон,

Сугалагын койбогон,

Караңгыда айдаса,

Кабыландай жойлогон

Калың кыргыз элиң бар!

Шер болсоң, Манас, элиң тап,

Алтайдан көчүп жериң тап!

Ал Алтай сага жер болбос,

Кан төгүшүп баш кескен

Кара калмак эл болбос!

Чоң атакең Каракан -

Каракандан тараган

Айтсам сөзүм зар эле.

Атаң Жакып баш болуп,

Каракандын колунда

Сегиз уулу бар эле.

Каракан атаң өлгөндө,

Калың кыргыз уругун

Кара калмак, манжуулар

Камчыга ченеп бөлгөндө,

Каракандын сегиз уул

Боортоктоп баспай жаш калып,

Болбой баары мас калып,

Каарына кытай салыптыр,

Кол-аягын байлаптыр,

Туш-туш жакка айдаптыр.

Түпкө чогуу жетиптир,

Туш-тушка бөлүп кетиптир.

Бирөөн айдап Эренге,

Бирөөн айдап түшүрүп,

Кечип чыкпас тереңге.

Бирөөн айдап Алтайга,

Бирөөн айдап Доңдуктан ары Каңгайга.

Бирөөн айдап жиберип,

Желпиништин оюна,

Бирөөн айдап жиберип,

Жет-Кайт жердин боюна

Кабар да жок, сөз да жок,

Кулак угуп, көз көргүс

Кабарсыз жайга өттү, - деп,

Ушул кезде түңүлөм.

Кайра келбес чын жайга

Кайран балдар кетти, - деп,

Ат бороюн сыдырдым,

Туугандан кабар угууга

Турбай жерди кыдырдым,

Тууган таппай безиктим,

Туура ишим ак экен,

Тууганга, Манас, кезиктим!

Жетип көчсөң Алтайдан

Жергеңди бузбас көчүң бар,

Кырк кандын эли кытайда

Канча атаңдын өчү бар.

Кара калмак, кытайдан

Айылыңды бөлүп жат кылгын,

Акыры көчүп жетүүгө

Айгырды бычып ат кылгын!

Колума аман сен тийсең,

Кылымга кыргын салармын,

Кырк уруу болгон кытайдын

Кандыгын тартып алармын!

Түгөнбөгөн көп элге

Түз кирип айза сунармын,

Түгөнүшүп жоо чыкса,

Туу түбүндө былк этпей,

Тууңду кармап турармын,

Туура тийсең колума

Кылымга кызык кылармын!

Келип алып сен консоң,

Кошойго караан сен болсоң,

Кармашарым - Каканчым.

Канча өчүм бар манжуу

Ырдап берер ырым бар,

Анан айтар сырым бар,

Төгөрөктүн төрт бурчу

Төбөлөшөр чырым бар!

Алтайдан көчкөн көчүм бар,

Алышар жерде өчүм бар,

Ашкере айтар сырым бар,

Арсланым, тийсең колума

Ааламга салар чырым бар.

Кыр жагымда кытай бар,

Кыйрашар жоом далай бар.

Ой жагымда орус бар,

Олушар душман далай бар.

Маңдайымда бараң бар,

Басташар жоом далай бар.

Төптөп айтар сырым бар,

Төрөм, тийчи колума

Эчен бир салар чырым бар!

Көрүп турсаң көз жетпейт,

Жөө жомокту мен айтсам,

Абакеңе сөз жетпейт!

Кармашарым Каканчын,

Калайманды салууга

Айкожонун Билерик,

Ошо күндөн ушу күн

Самаркандын Жарманас,

Билерик экөө бир жерде.

Темир аркан кытайдын

Торунда турат, - деп угам,

Терең казган кытайдын

Орунда турат, - деп угам.

Кыяматтын кыстоосун

Көргөнү турат, - деп угам,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.