АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Кыйла жыл болду жатканы

Өлгөнү турат, - деп угам.

Ошолор эске түшкөндө

Туура жакка салган там

Туталанып ич күйүп,

Тутамга келбейт курган жан!

Кыйноодо балдар ал үчүн,

Кыстоодо жүргөн жан үчүн

Кылчайбай колум жыйсам, - деп,

Кыжылдаган кытайга

Кызык кыргын салсам, - деп,

Айзалаша топ бузсам,

Ажал жетсе окко учсам!

Бээжинге барып конушсам,

Байланып жаткан эр үчүн

Жапааны жаман көрүшсөм,

Жайы-кышы урушуп,

Канды суудай төгүшсөм,

Ажал жетсе өлүшсөм!

Айкожонун Билерик

Уудан кармап алыптыр,

Самаркандан Жарманас

Сен - деп кармап алыптыр,

Сынчыларга сынатып,

Аны да орго салыптыр!

Аман чыкса Жарманас,

Дегениме көнө көр,

Кыяматка барганда

Кылчайбай жүрсүн ошол жан

Карындашың бере көр!

Карындашың берериң -

Айтсам сөзүм дагы бар,

Кокус өлсө Жарманас

Таңда магшар күнүндө

Султаным, сенде каны бар!

Ошо камалып жаткан жан үчүн

Кантип чыдап турамын.

Сакалымдын агында,

Сапарым чукул барында

Кытайга уруш кыламын!

Байлоодогу бакырды,

Ажыратып алармын!

Он эки миң колум бар,

Жерин кайкып ашамын,

Ордо жүргөн алардын

Төбөсүнөн басамын!

Азапты артык саламын,

Алда Таала жар берсе,

Кордукта жүргөн балдарды

Ажыратып алармын!

Эл өөдөгө тартарда

Ат кара тил мезгилде

Анан кызык саламын!

Жамгыр кылып, жаа тартып,

Мөндүр кылып, ок атып,

Кытай менен сен өзүң

Кыргын болуп жатканда

Ажыратып аламын!

Күн мезгили бир алты ай

Күндү катка салып кет,

Күн эсебин алып кет!

Толкуган кара кытайга

Тополоңду саламын,

Кытай менен сен өзүң

Тойпоңдошуп жатканда

Так ошондо барамын!

Айтсам кызык мунум бар,

Айтылган сөздө жүйөө бар,

Сегизинин кенжеси,

Каракандын кулуну

Улак кан деген бирөө бар.

Кыргынды кыйла салганда,

Кытай камап калганда,

Кытайдын кылган кордугун

Билип кетти - деп уктум,

Ала качып Кайып чал

Көөнө-Турпан четинде,

Каргышка калган барбардын

Куюлган кутпа бетинде,

Томуктай болгон тоо жок,

Токумчалык коо жок,

Лоп дарыя бетинде,

Ары жагы токой четинде,

Урааны кыргыз улуу журт,

Атагы Нойгут эл экен,

Ал Нойгутту сураган

Карача деген кан экен,

Карачанын калкына

Кас болгонун билиптир,

Кандан тукум калсын, - деп,

Ошого алып кириптир.

Аманат, - деп, - Кайып чал,

Карачага бериптир.

Нойгут каны Карача

Касиеттүү жан экен.

Кан Каракан туйгундан

Калып калган белек, - деп,

Ошол өңдүү туйгундун

Бир баласы керек, - деп,

Баланы барып бергенде

Тоюна токсон бээ союп,

Журт кубанып чуркурап,

Казына чачып той кылып,

Көп калайык чогулуп,

Абийирди артык салды - дейт,

Ал Улак кан байкушка

Улак кан деп ат коюп,

Ак үйлүү кылып алды - дейт.

Дегенине көндү - дейт.

Кызыл көйнөк, айча бел,

Кылтылдаган сулуудан

Катын алып берди - дейт.

Ордо күтүп, кан болуп,

Орунтуктуу жан болуп,

Кымыз ичкен мастыгы,

Кыялы чата жаштыгы

Бүтүн бойдон жоголуп,

Карачанын шаарына

Султан болуп оңолуп,

Сан кара күтүп, бай болуп,

Жыргап жүрөт, - деп угам.

Туугандан кабар барбы, - деп,

Келген менен кеткенден

Сурап жүрөт, - деп угам.

Эрен да ошол, эр да ошол,

Эреним, сенин өзүңө

Жолдош болор шер ошол!

Казылган арык укуму,

Канзааданын тукуму!

Маңдайга чыксаң бел ошол,

Балам, сенин өзүңө

Жолдош болор эр ошол!

Тууганың Манас келди, - деп,

Алты күлүк ат берем,

Улак кандын өзүнө

Алакандай кат берем.

Кармап мингин баатырым,

Жылкыдан тандап бууданды,

Кыжылдаган кытайга

Кыйрашып согуш кылганда

Алып барам ээрчитип,

Улаккан сындуу тууганды.

Бел байлаган бел ошол,

Белгилеп барсаң, кулунум,

Берен тууган Улак кан

Белиңе таңуу эр ошол,

Арбагы оор жан ошол.

Сегиз уулдун кенжеси,

Бир кудайдын мендеси

Жолдош болор эр ошол!

Эрдиги журтка сынаакы,

Ары тууган, ары эр

Арслан Манас өзүңө

Табылбай турган мураапы!

Этеги жайык, ичи кең,

Эрге ылайык кең далы,

Ары ырыстуу, акжолтой

Күйүп жүргөн кези ушул!

Маңдайдагы барааның,

Бадышанын Улак кан

Жакын сенин карааның!

Ары балбан, ары эр,

Улак кан жайы ушундай -

Акылга толук кеменгер!

Улак кан тийсе колуңа,

Кыя да ошол, бел да ошол!

Ит өлгөн кара кыямга

Жарап берер эр ошол!

Айтсам сонун мунум бар,

Арсланым Манас угуп ал!

Тилимди ал, кайра бара көр,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.