АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Кырк уруу кытай колунан
Кыргыздын каны Акбалтай
Ажыратып ала көр!
Сен быякка келгенде,
Кырк үйлүү болгон кыргыздын
Кара кытай, көп манжуу
Төбөсүнөн баспасын
Төрт түлүгүн чачпасын!
Өөдөгүсүн тийбесин,
Өрттөп, кырып ийбесин!
Кабылан көк жал өзүң жок,
Кайраттуулар өлбөсүн,
Калгандардын баарысын
Кара кытай, манжуулар
Камчыга ченеп бөлбөсүн!
Көптүгүнө салбасын,
Сен баргыча элиңдин
Көлүгүн тийип албасын!
Түбүнө чогуу жетпесин,
Кара калмак, манжуулар
Катын-кыздын баарысын
Олжо кылып кетпесин!
Кутман болчу өзүңө,
Кутубийди сойбосун,
Кудайдын атын жат билген,
Курандан тиктеп кат билген,
Мендеден сонун кеби бар,
Ошпурдун уулу Кутубий
Манаска мураа жолдошуң -
Сага көлөкө болор чени бар!» -
Деп, ошонтүп, кан Кошой,
Билбегенди билгизип,
Манасты жолго киргизип.
«Оомийин!» - деп, кол жайып,
Оң батасын көп берип,
Колун кармап кабыштап,
Акбалтай менен бай Жакып,
Кутубий баштап бир тобун
Манас канга табыштап,
Кумурскадай кытайга
Кулжуңдашсаң жаман ат,
Айдоого кеткен кырк үйлүү
Арсланым, сага аманат!
Ажал жетип, күн бүтсө,
Арслан Манас, көк жалым,
Арслан Кошой өлүчү.
Абаң Кошой өлбөсө,
Акыретти көрбөсө,
Ат кара тил болгондо
Кең Алтайдан көрүп ал!
Бекер кыргыз эл эмес,
Кыйла кыргын салышпай,
Жатар Кошой мен эмес!
Ажалым жетсе өлөрмүн,
Убак жетип, күн бүтсө,
Кыямат жүзүн көрөрмүн,
Кызырлуу Кошой абакең
Жолдош болуп берермин.
Айгайлаган кытайга
Атышты арбын салармын,
Кара курттай капырдан
Канкор Манас, кулунум,
Ажыратып алармын.
Кысталган жерде көрөрмүн,
Кыйрашып жаткан жериңде
Кыраан Манас, кулунум,
Караан болуп берермин.
«Оомийин!» - деп, кол жайып,
Олуя Кошой абакең
Кан Манастай балага,
Токсон кара буканы
Кескилетип жиберип,
Берген экен садага.
Алтындаган чоң кисе
Моюнуна салышып,
Чоңдугу тоодой эр Кошой
Жаратканга жалынып,
Барбаңдай басып төтөлөп,
Меңсиз аппак боз бээни
Берениң Кошой жетелеп:
«Канкорду кудай үстүн кыл,
Кытайды кудай астын кыл!
Жараткан жалгап кала көр,
Кабылан тууган шер кылдың,
Манасты колдоп кала көр!
Белге таңуу бел кылдың,
Алты шердин кенжеси
Арсланды кудай колдочу!
Маңдайдагы бараанды,
Бадыша кудай себепкер
Маана кылып берипсиң
Манас кандай караанды!» -
Деп, ошонтүп, абакең
Бата берип калды эми.
Алачыктай ак бээни
Арслан Кошой абакең
Курмандыкка чалды эми,
Кыраан Манас көк жалды
Кысталыш жолго салды эми.
Каарданып аттанып,
Канкор Манас ошондо
Кан Кошойдон бата алып,
Көргөндүн көөнү бөлүнүп,
Көк жалдык түрү көрүнүп,
Олуядан кеп угуп,
Кенже агасы Улак кан
Аман экен - деп угуп.
Кыйла кымбат жерин таап,
Кызырдуу Кошой эрин таап,
Кошойдон мыктап кеп угуп,
Кайран кыргыз тоо-тоого
Кайып болду деп угуп:
«Кыргыздын баары кырк үйлүү,
Атам Жакып баш кылып,
Бир көчүрүп алайын,
Кезиксе душман мытаамдын
Бирөөн койбой кырайын,
Кайып болгон кайран журт
Кайра көчүп бир келип,
Анан кийин жыяйын!» -
Деп, ошонтүп, Манас кан
Күп-күп этип күүлөнүп,
Күркүрөп көк жал сүйлөнүп,
Эки жакты каранып,
Эзелден көк жал арслан,
Эрди-мурдун жаланып,
Каарданып тутулуп,
Канкор тууган кырааның
Ач арсландай жутунуп,
Каалгадай кашка тиш,
Калайыктан башка тиш,
Кашкайып чыгып бөлүнүп,
Кызыр чалган кыраандын
Көк жалдык түрү көрүнүп.
Астындагы Торучаар
Куландай кулак жапырып,
Куюнча жерди сапырып,
Желгенине жел жетпей,
Жеке жүрдү Алтайга,
Басканына мал жетпей,
Бачым жүрдү Алтайга.
Өзү көргөн жол менен,
Өзөндүү булак суу менен,
Эрениң кайдан аянды,
Кара кырды Тал-Мазар
Тал-Мазарды таянды
Тал-Мазар жетип конду эле
Ал күнү абаң-шер
Мазарга конок болду эле.
Муну мындай таштайлы,
Ары жактан кабар баштайлы.
Бадышалык тагына
Барган экен Дөөдүр алп,
Эсенкандын алдына.
Бар экен каардуу кан аты,
Улугунун алдында
Ургаачыдай жүгүнгөн
Кытайлардын адаты.
Дөөдүр барды энтеңдеп,
Эр Манастан келтек жеп,
Өкүргөндөн бакырып,
Өрүктүн башын жапырып,
Бакырыгы баш жарып,
Өкүрүгү таш жарып,
Чакчелекей чаң болуп,
Башы-көздүн баарысы
Кызыл челек кан болуп,
Тегереги чынар бак,