АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Ортосунда алтын так,

Ал тагынын алдында

Сейилге салган чоң килем,

Чылк жибектен токуган,

Баскан менде чочуган,

Алтын түстүү чоң килем,

Кырк жылы сууга чыласа,

Кыярып бети оңбогон.

Сексен жыл селге таштаса,

Серпилип чирип оңбогон.

Килем салган тагында,

Олтурган экен Эсенкан

Бадышалык тагында.

Эсенкандын алдында

Шуру отогот, маржан таш

Кутурган кытай ушундай

Зуңтуңдун каны аралаш.

Карыпчы кийген каны бар,

Карыпчысын калдайтып,

Калдайынын баары бар.

Кан алдына жүгүрүп,

Дөөдүр алп жетип барганы,

Бара сала ал Дөөдүр

Канына кабар салганы:

«Иш ушундай, угуп ал,

Кырдырып салдык канкорго

Кымбатым, каным, угуп ал!

Чоңдугу тоонун теңиндей,

Кызыталак канкорго

Согушкан өлө бергидей.

Алптын баарын аймады,

Эрендин баарын жайлады,

Алышкан аман калбады,

Катылышып баргандын

Бирөөн койбой жайлады.

Дөңгө менен Каман алп,

Кайчы кулак кошо бар,

Бир талайын кармады,

Каражолтой канкорго

Кабылган аман калбады.

Ишенген Дөңгө алпыңды,

Кырып ийди ал бурут

Бирөөн койбой калкыңды.

Кырды кыйла жаныңды,

Олжолоп алды оңбогур

Кырк төөдө алтын, малыңды

Кочкуларды коройтту,

Катылгандын баарысын

Кагып жерге соройтту.

Балбандарга чыр кылды,

Кызыталак ал канкор

Кыяматка баргыча

Унуткусуз сыр кылды.

Эчен үйдөй балбаның,

Алдына каршы барганың

Кулап аттан жыгылды.

Кызыталак ал бурут

Каарданып Балтай урса,

Малакай учту дыркырап,

Баргандардын баштары

Балта тийди быркырап,

Баргандардын баарысы

Жаны чыкты чыркырап!

Менде-менде жатабы,

Кызыталак буруттун

Бээжинге тийди чатагы.

Өрттөнүп кеткен ал бурут,

Баламдын аты - Жинди - деп,

Коюлган аты - Чоң Жинди,

Манастыгын ким билди?

Каарды катуу баштады,

Баргандарды тырайтып,

Такыр кырып таштады.

Таштууларды талкалап,

Таза кызык кылганы.

Күрмөчөнгө кол салып,

Күйүттү канкор кылганы,

Күпчүңдөтүп баарысын

Ай-талаага кырганы.

Белгилүүнү жалмады,

Бет алган аман калбады,

Берендерди мекчейтти,

Бет алыша барганды

Баарын союп чекчейтти.

Каарды катуу баштады,

Кан Эсенкан, сизге арыз -

Калкыңды кырып таштады!

Калдайыңды кармады,

Таш сайынган кытайдан

Такыр бирөө калбады.

Такаат берген бирөө жок,

Барган балбан шашканы,

Балааны артык баштады,

Баргандардын баарысын

Тыйпыл кырып таштады!

Кызыталак бурутуң

Кан агызып суу кылды,

Каканчынын журтуна

Калың кымбат чуу кылды.

Балбандарды чектеди,

Катылганды тим койбой,

Баарын бирдей өрттөдү.

Тыргоотуң тыйпыл жыйылды,

Кызыталак буруттан

Барган адам кырылды.

Айдарлуусу катылып,

Азапты артык баштады,

Кызыл чоктуу кыраанды

Кыргын кылып таштады!

Балбан Дөңгө дагы өлдү,

Кызыталак буруттан

Барган жандын баары өлдү.

Жору куйрук Жоон алп

Кайчы кулак Каман алп,

Катылып Кочку дагы өлдү.

Улук элең Эсенкан,

Уят болуп турамын,

Ушулардын баары өлдү.

Жалгыз кирип кол салып,

Жапааны жаман баштады,

Жардай, төөдөй балбанды,

Жаның чыккан ал бурут

Жалпы кырып таштады.

Келген балбан кан өлдү,

Ошо бурут канкордон

Кез болгондун баары өлдү!

Катылганды кармады,

Жолу каткан буруттан

Жоологон аман калбады.

Жолуккандын баарысын,

Жоксон кылып айдады!

Айдарлууңду тул кылды,

Ишенип жүргөн балбанды

Бир чапканда күл кылды!

Жети күн тынбай аралап,

Жетимиш жерден жара жеп,

Баштын баарын жардырып,

Балбандын баарын алдырып,

Акылынан шашыптыр,

Ишенген Жолой балбаның,

Чыңыроон тартып жөлөнүп,

Чылгый канга бөлөнүп,

Ашып-шашып антаңдап,

Алдыра турган болуптур.

Жарадар болуп ал кетип,

Былкылдай турган шайман жок,

Денеден кара кан кетип,

Көп жигитин кырдырып,

Өз дүйнөсүн эр Жолой

Чачып келди - деп уктум,

Өлө турган болгондо,

Күндү жайлап жиберип,

Качып келди, - деп уктум!

Баатырларын кырдырып,

Жаман келди, - деп уктум!

Балбандарын кырдырып,

Араң келди, - деп уктум!

Өзүм көрдүм бурутту,

Чарпышарга чама жок

Алышарга амал жок!

Беттеп менде барабы?

Кызыталак бурутка

Беттешкен тирүү калабы?!

Артык балбан, артык шер,

Үйүң күйгөн куу бурут,

Адамдан чыкпайт мындай эр!

Орто бойлуу, кең далы,

Беттеп менде келе албайт,

Кызыталак бурутту

Бет алып менде жеңе албайт!

Каарданса жөн эле,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.