Лев Толстой
ЫЙМАН СЫРЫ
Илимдин кызыктуу жана өзүнө тартып турганын түшүндүм, бирок анын тактыгы жана ачыктыгы жашоонун шарттарына керектүүлүгүнө таптакыр карама-каршы багытта өзгөрөт экен: жашоонунун шарттарына ал канчалык азыраак туура келсе, ал ошончолук так жана айкын, ал эми жашоонун маселелерин чечүүгө канчалык көп салым кошууга аракет кылса, ал ошончолук түшүнүксүз жана кызыксыз боло баштайт.
Эгерде, бул илимдердин жашоонун маңызын чечүүгө аракет кылган тармактарына кайрылсак, – физиология, психология, биология, социология, – дал ушул жерден ойдун таң каларлык деңгээлде, чабал экендигине, маселеге тиешеси жок нерселер менен алектенишип, бир ойчул менен экинчи ойчулдун, кээ бир учурларда ойчулдун өзү менен өзүнүн тынымсыз талашып-тартышкандарына күбө болосуң.
Эгерде, жашоонун сыр түйүнүн чечүүгө тиешеси жок, бирок өздөрүнүн илимий жана атайын маселелерин изилдеген илимдерге көз салсак, адам акылынын курчтугуна суктанып, ага баа бересиң, бирок алдын ала эле, ал жерде жашоонун койгон суроолоруна жооп жок экенин билесиң. Бул илимдер жашоонун суроолорун көрмөксөн болушуп, ага кайрылууну да ойлошпойт. Алар мындай дешет: «Биз сенин ким экениңди, эмнеге жашап жүргөнүңдү билбейбиз, ага жооп бере албайбыз, аны изилдебейбиз. Эгерде, сага жарыктын касиеттерин, химиялык заттардын курамдарын, организмдердин өнүгүү мыйзамдарын, алардын формаларын, сандардын катыштарын же болбосо өзүңдүн акыл-эсиңди өстүрүүнүн жолдорун сурасаң, биз бул суроолоруңа так жана кенен жооп бергенге даярбыз».
Жалпылап айтканда так илимдин жашоо маанисине берген жообун мындайча айтсак болчудай:
Суроо: Мен эмне үчүн жашайм?
Жооп: Учу-кыйырсыз мейкиндикте, баш-аягы жок убакытта, чексиз майда бөлүкчөлөр, чеги жок татаал заттарга айланышат, мына ушул айлануулардын мыйзамдарын түшүнгөндө, сен эмне үчүн жашап жүргөнүңдү түшүнөсүң.
Ал эми ой жүгүртүүнү талап кылган илимдерге таянсам мындай тыянакка келдим: «Адамзат алдыга койгон мүдөөлөрүнүн, жашоого үлгү кылып алган идеалдардын негизинде жашайт жана өсүп-өнүгөт. Ал идеалдарды динден, илимден, искусстводон, мамлекеттүүлүктүн формаларынан табышат. Идеалдарга болгон талап барган сайын өсүп олтуруп, ал адамзаттын жыргалчылыгынын туу чокусуна чейин жетет. Мен – адамзаттын өкүлүмүн, ошондуктан менин талантым менен шыгым адамзаттын идеалдарын таанып, ага умтулуума арналышы керек».
Акыл-эсим жетиле электе мага ушул эле жетиштүү эле; бирок, менде жашоонун маңызы тууралуу маселе көтөрүлгөнү, бул теориянын бир көз ирмемде ышпалдасы чыгып жарабай калды. Бети жоктук кылып маалыматты так эмес бергени аз келгенсип, мындай илим идеалдын маанисин аныктай келгенде ар түрдүү көз караштардын бири-бири менен карама-каршы экендигин айтпаганда да, адамзаттын айрым бир бөлүгүн изилдеп алып, андан жалпы адамзатка тиешелүү тыянак чыгарат.
Бул көз караштын жаңылыштыгы ар бир адам “мен киммин” же “мен эмне үчүн жашап жүрөм” деген суроолорго жооп бериштен мурда, адегенде адам өзүнө: «Октой учкан кыска убакытта, жылт этип өткөн, бир үзүмү эле белгилүү, адамзаттын жашоосу деген эмне болду экен?” – деген суроого жооп таап ала албаганында. Өзүнүн ким экенин түшүнүш үчүн, адам адегенде, өзүндөй эле өздөрүнүн ким экенин билбеген адамдардан турган, бул адамзат деген кандай сырдуу неме экенин түшүнүш керек. Моюнга алуу керек, бир убактарда мен бул нерсеге ишенчүмүн. Ал кездерде менин ойкуштап кесирленишимди актаган, өзүмдүн сүйгөн идеалдарым боло турган, мен ошол ойкушумду адамзаттын мыйзамы катары караган теорияны ойлоп табууга аракеттенчүмүн. Бирок, жашоонун маңызы мага ачыла баштаганда, ал теория чаңга айланып жок болду.
Тажырыйбага таянган так илимдердин ичиндегидей эле бул жерде да анык илим жана өзүнө тиешеси жок суроолорго жооп берүүгө аракеттенишкен жарым-жартылай илимдер бар экенин түшүндүм. Бул жааттагы жарым-жартылай илимдер — юридикалык билим, социалдык жана тарых илимдери – жалпы адамдарга тиешелүү суроолорду, ар бири өз алдынча, ар бири өз билгениндей чечишет.