Лев Толстой
ЫЙМАН СЫРЫ
Жашоо маселелерине келгенде илим оңгулуктуу эч нерсе айталбаганына көпкө чейин ишенбей жүрдүм. Илим адамдын жашоосу менен эч байланышпаган, өзүнүн маанилүү жана олуттуу ордун баса көрсөтүп манчыркоосунан улам, көпкө чейин бир нерсени түшүнө албай бүшүркөп жүрдүм. Илимдин алдында өзүмдү алсыз сезип, издеген суроолордун жооптору турмушта болуп жаткан нерселер менен коошпой турганын илимден эмес, өзүмдүн түшүнбөстүгүмдөн көргөн күндөрүм болду; бирок, мен үчүн бул иш оюн же тамаша эмес, жашоомдогу эң маанилүү иш болгондуктан, каалаймынбы, каалабаймынбы, менин суроолорум, – илим аттуунун негизги катары кызмат кыларын, бул суроолорду койгон мен эмес, ал суроолорго жооп кылууга умтулбаган илим күнөөлүү деген көз карашка алып келди.
Элүү жашымда жанымды кыюга түрткөн ушул суроо, макоо баладан баштап, акылман карыянын көңүлүндө жаткан жөнөкөй эле суроо, – мен жон терим менен сезип билгендей, ансыз жашоо болбой тургандай олуттуу суроо болчу. Ал суроо мындай эле: “Менин азыркы кылганымдын, эртеңки кылганымдын, дегеле өмүр бою кылганымдын маңызы, мааниси барбы?” Ошол эле суроону башкача койсок мындай чыкмак: «Жашап эмне кылам, бирдемени каалагандан, жана жасагандан эмне пайда?» Андан да башкача койсок: «Менин жашоомдо сөзсүз келе турган өлүм жок кыла албай турган бир маанилүү нерсе барбы?»
Мына ушул ар кандай формада берилген бир эле суроого жоопту адамдардын илиминен издедим. Бул суроого жооп бере келгенде адамзаттын илими бири-бирине карама-каршы турушкан бири оң, бири терс мааниге ээ, эки жарым шарлардан турарын, бирок эки уюлда тең жашоонун маңыз-маанисин туюндурган жооптун жок экенин таптым.
Бир катар илимдер берилген суроолорду кабыл алышпагандай мамиледе, бирок өздөрү ойлоп табышкан суроолорго так жооптору бар. Бул—тажырыйбага таянган так илимдер, анын ана башында математика турат; кээ бир илимдер сурооңду кабыл алышат, бирок ага бере турган жооптору жок: бул — ой жүгүртүүгө таянган илимдер, анын ана башы – метафизика. Мен жаш кезимден бери эле ой жүгүртүүнү талап кылган илимдерге кызыгып жүрдүм, андан кийин так илимдерге да көңүл коюп, кийин өзүмдүн суроомду кабыргасынан койгуча, ал суроо менин башымда капыстан эле өзү пайда болуп, чечүүнү талап кыла баштагыча, ошол алган билимим берген жасалма жоопторго ыраазы элем.
Так илимдер боюнча өзүмчө мындай жыйынтык чыгарган элем: «Бардык нерсе көбөйөт, өсөт, бири-бирине сиңишет, татаалдашат жана жакшырууга багыт алат жана буларды тескеп иреттеп турган өз мыйзамдары бар. Сен – бүтүндүн бир бөлүгүсүң. Мүмкүн болушунча, бүтүн нерсени жана анын өсүү мыйзамдарын өздөштүрсөң, сен бүтүн нерседеги өзүңдүн ордуңду жана өзүңдүн ким экениңди аңдап көрүп түшүнө баштайсың».
Канчалык уялбайын, моюнума алышым керек, бирок ошол ойго канааттанган күндөрүм да болгон. Ал кездерде менин да өссөм деп далалат кылып жүргөн убагым эле. Булчуңдарым таштай катып, акылым көбөйүп, ойлонуу ыкмаларым менен түшүнүгүм кеңейип, өсүүнүн үстүндө элем. Албетте, өзүмдөгү мындай өсүштү сезгенде ааламдын мыйзамы ушул деп ойлошум табигий нерсе эле, жана ушул мыйзам аркылуу өзүмдүн суроолорумдун чечилишин табам деп ойлогон болчумун.
Бирок, өсүүмдүн токтогон күнү да келди, өсмөк тургай куурай баштаганымды сезе баштадым, булчуңдарым бошоңдоп, тиштерим түштү, – ошондо ал мыйзам эч нерсе түшүндүрө албаганы аз келгенсип, андай мыйзамдын жаратылышта жок экенин, болушу да мүмкүн эместигин көрдүм, а мен мыйзам катары кабыл алган жөн гана жашоонун бир учуру экен. Ал мыйзамды аныктоого башкача көз караш менен карай баштадым; мага чексиз өсүүнүн мыйзамы болбосу айдан ачык болду; эмне айтышты да даана билдим: “чексиз мейкиндикте жана убакытта бардык нерсе өсөт, өнүгөт, бири-бири менен аралашат, кайра бөлүнүшөт, – мунун бардыгы түккө татыбаган нерселер. Булар – мааниси жок сөздөр, анткени чексиздиктин татаалы да жөнөкөйү да, арты да, алды да, жакшысы да, жаманы да жок.”
Негизгиси болсо, менин суроом жеке өзүмө тиешелүү: эч качан каалоолору бүтпөгөн мен деги киммин? — бул суроом эми жоопсуз калды.