Лев Толстой
ЫЙМАН СЫРЫ
«Искусство, поэзиячы?..» Көпкө чейин ийгиликтеримди мактаган адамдардын таасири менен, жаман оюмда өзүм өлсөм деле эмгектерим эл эсинде кала берет деп ишенип алган элем, бирок бул да жалган нерсе экен. Искусство бул жашоону кооздоп, жакшы жашоого үндөп турарын жакшы билчүмүн. Эми жашоо мен үчүн кызыгын жоготуп койгон соң, мен башкаларды ага кантип үндөйм да, ага кантип кызыктырам?
Өзүмдүн жашоом менен жашабай, башкалардын жашоосунун толкунунда бара жатканымда, жашоонун мааниси бар деп ишенип жүргөнүмдө, аны ойдогудай айтып бере албасам да,—жашоону поэзияда жана искусствонун башка тармактарында чагылдыруу мага чоң кубаныч тартуулачу, жашоого жана аны чагылдырган күзгүгө көңүлдүү карачумун; бирок, качан жашоонун маанисин издей баштаганымда, качан өз жашоом менен жашашка туура келгенде, – ал бир чети күлкүлүү, бир чети адамдын кабыргасы кайыштырган кайгылуу, ашык нерсеге айланып, эми андай күзгүнүн мага кереги жок болуп калды. Өзүмдүн ал күзгүдөгү алсыз жана макоо абалымды көрүп, өзүмдү сооротпой койгонго болбойт эле. Көңүлүмдүн тереңинде менин жашоомдун бул турмушта мааниси бар деген ишенимим болгон кезде, мен ага кубанчумун. Ал кезде бул караңгы менен жарыктын оюну күлкүлүү, кайгылуу, эт жүрөктү элжиреткен, керемет, жана үрөйдү учурган турмуш,— көңүлүмдү ачар эле.
Бирок, жашоо мааниси жок жана куту учкан нерсе экенин билип алгандан кийин,—күзгүдөгү жарыктын оюну мени кызыктырбай калды. Жутуп жибергенге даяр ажыдаарды жана менин карманаар талымды кемирип жеп жаткан чычкандарды көргөндө мен үчүн кандай таттуу, кандай ширин бал болсо да, ал таттуулугун жоготмок.
Бирок бул эле эмес. Эгерде, жашоонун мааниси жогун жөн гана түшүнсөм, анда бул менин чекеме жазылган тагдырга жөн эле башымды ийишим керек эле. Бирок, менин жаным ошону менен эле жай алып калган жок. Эгерде, андан чыгууга башка жол жок экенин билип, чытырман токойдо жашасам, анда жашай бермекмин; бирок, мен токойдо адашып, адашып кеткенине кайгырган, кай тараптан келип, кай тарапка барары белгисиз, улам бир жакка жанталашып чуркай бергендиктен, мурдагыдан бетер чатышып, багытынан жаңылган, бирок бир жерде кыймылдабай олтурганга да чыдай албай чабалактап, айласы куруган адамдын абалында элем.
Мына ушул коркунучтуу эле. Ошол коркунучтан кутулуу үчүн өлүүнү чечкем. Мени күтүп турган нерседен коркуп жаттым, – бул коркунуч менин азыркы абалымдан да коркунучтуу экенин билгем, бирок аны кубалап да, келишин чыдамкайлык менен күтө да албадым. Жүрөктүн бир кан тамыры жарылса же дагы бир жериң үзүлүп кетсе, бардыгы бүтөт деп өзүмдү канчалык алдабайын, аягына чейин күткөнгө чыдамым жетпей баратты. Белгисиздиктин сүрү абдан чоң эле, ошондуктан аны күтпөй, ылдам эле моюнга салынган сыйыртмактын же октун жардамы менен кутулууну ойлодум. Мына ушул сезим мени өзүмө кол салууга азгырып турду.
V
«Балким, бир нерсени байкабай калгандырмын, бир нерсени түшүнбөй жаткандырмын? – деп өзүмө бир нече жолу суроо салдым. – Үмүтсүз шайтан дешет эмеспи». Бул суроолордун жообун адамдар ушул убакка чейин топтогон билимдерден издеп кирдим. Кыйналып жана узакка издедим, жөн эле кызыккандан же эриккенден, кээде эстей калып издеген жокмун, — кыйналып, күнү-түнү тынбай, — өлүм алдында жаткан адам кантип тирүү калуунун амалын издеп далбастагандай далбастап издедим, бирок, эч нерсе таба алган жокмун. Жана айткандай, болгон билимимди жумшап издедим, издегенимди таппадым, мен сыяктуу издеген адамдар да, мен сыяктуу эле эч нерсе таппагандарына көзүм жетти. Таппай эле калышкан жок, алар да мен сыяктуу үмүттөрү үзүлүп, жашоонун болбогон бир сандырак нерсе экендигин, — бул адамга жеткиликтүү жалгыз илим экенин моюндарына алышты.
Мен бардык жерден издедим, өмүрүмдүн көпчүлүк бөлүгүн илимге арнаганым, илимий чөйрөнүн адамдары менен байланышта болуп, алардын илимдин ар кандай тармактарындагы китептери менен эле эмес, алардын көпчүлүгү менен тааныш болуп, жеке жолугушууларды өткөзкөнүм, мага илим жашоо жөнүндө эмне деп жооп бергенин билишиме өбөлгө болду.