Лев Толстой
ЫЙМАН СЫРЫ
«Түйшүк, убаракерчилик, – дейт Сулайман пайгамбар, – бардыгы түйшүк, – бардыгы убаракерчилик! Адамга анын кылган эмгектеринен эмне пайда? Адамдардын бир мууну келет, бир мууну кетет, а жер шары түбөлүккө кала берет. Боло турган нерсе, боло берет, жасала турган нерсе жасала берет; бул дүйнөдө жаңы эч нерсе жок. Кээде мындай болуп калат: “Карасаң, бул нерсе жаңы экен”дешет; бирок, ал эчак эле кылымдар мурда болгон. Мурда болгондор унутулуп калган, азыркы болуп жаткандарды деле, бизден кийинки келчүлөр унутуп коюшат.
Мен, Насаатчы, Иерусалимде Израилдин падышасы элем. Мен бардык өмүрүмдү ушул көк асмандын астында болуп жаткан нерселердин эч нерсесин калтырбай изилдеп, сынап чыгууга арнадым: бул оор жүктү кудай адам баласына түйшүк тартып жүрсүн деп тартуулаган. Бул дүйнөдө мен көрүп, мен билбеген нерсе калган жок, ушунун баары түйшүк жана жан-дүйнөңө келген кур убаракерчилик… Мен чын жүрөгүмдөн минтип ойлочумун: Иерусалимде мага чейин бир да жан жете элек акылмандуулукка жетиштим, көп акылман ойлорду жана илимдерди жүрөгүмдөн өткөзүп тааныдым. Жүрөгүмдү акылмандуулуктун, алаңгазарлыктын, акмакчылыктын сырын ачып берем дегендерге ачып бердим; бул нерселер деле болбогон убара экенин билдим. Анткени, көп акылмандуулукта көп кайгы катылган, ким канчалык көп нерсени таанып билсе,— анын азабы да көбөйө берет.
Мен чын жүрөгүмдөн минтип ойлочумун: жыргалчылыкка батып, өзүмдү көңүл ачуу аркылуу сынап көрөйүнчү; бирок, — бул деле убаракерчилик экен. Күлкү жөнүндө мындай жыйынтыкка келдим, — ал болбогон нерсе, ал эми көңүл ачуу, – дегеле бул жерде анын тиешеси барбы?
Денемди вино менен сугарып, аны ыракатка бөлөп көрдүм, жүрөгүм акыл-эстин жетегинде болсо да акмакчылыгым жанымда коштоп жүрдү, ушул убакытка чейин адам баласына эмне жагарын, аз жашоосунда эмне иштерди кылыш керектигин биле алган жокмун.
Мен көп чоң иштерди жасадым: үйлөрдү салдым, жүзүм өстүрдүм. Жемиш бактарын тигип, бакчага айланттым, кызматчыларды жалдап иштеттим, үй-бүлө күттүм, Иерусалимде мага чейинки жашаган бардык адамдардын малынан көп мал бактым, башка падышалардан жана аймактардан алтын-күмүштөрдү жыйнадым, адам баласынын көңүлүн ача турган ырчы-чоорчуларды чогулттум, музыкалык аспаптарды топтодум. Ошентип, Иерусалимде мага чейинки жашаган адамдардан да эң улуу жана бай адамы болдум; жана акылымды жоготкон жокмун.
Көзүм көрүп, көңүлүм каалагандын баарын жасадым. Анан артыма кылчайып, бардык кылган иштеримди, кылган эмгектеримди карасам, – ошонун бардыгы бекер убара, натыйжасыз түйшүк, курулай тарткан азап болуп чыкты, жана анын бул дүйнөдө алардын эч пайдасы да жок экен. Мен кылчайып, акылмандуулукка, алаңгазарлыкка жана акмакчылыкка көз жүгүрттүм. Бирок, алар бирдей эле тагдырга туш болушарын көрдүм. Мен чын жүрөгүмдөн минтип ойлодум: мени деле кеңкелести күтүп турган тагдыр күтүп турса,— анда мен эмнеге ушунчалык акылмандуулукка умтулдум? Мен чын жүрөгүмдөн минтип ойлодум: бул дагы бекер убаракерчилик. Анткени акылманды деле кеңкелес сыяктуу түбөлүккө эстеп жүрүшпөйт; убакыт баарын унуттурат, акылман кеңкелес сыяктуу эле өлүм менен өлөт!
Кылган иштеримдин баары маанисин жоготуп, жашоону жек көрө баштадым, анткени анын баары болбогон убара, курулай азап экен. Мен, менин артымда адамдарга калтырам деп ойлоп жүргөн эмгегимдин эч бир мааниси жок, бекер убара экенин билген соң ага кайдыгер боло баштадым. Себеби,— күн-түндөрү азап, эмгеги түйшүк менен бүткөн мааниси жок иштерди кылгандан адамга андан эмне пайда да, анын ага эмне кызыкчылыгы бар? Жада калса ошол эмгегинин үзүрүн көрүү да адамдын өз эркинде эмес… Ким болбосун, эмне болбосун — такыбага да, абийири жокко да, ак көңүлгө да, карасанатайга да, курмандык чалганга да, чалбаганга да, күнөөсүзгө да, кылмышкерге да, анттан корконго да, коркпогонго да баары окшош.
Бул дүйнөдө баарыдан жаманы – бардыгын бир жазмыш күтүп турганына карабай, жүрөктөрүндөгү жамандыгы менен арамдыгын тазалашпай, акыры барып өлгөндөрдүн катарына кошулушат. Өлгөн арстандан көрө тирүү дөбөт жакшы эмеспи, тирүүлөрдөн дагы эле үмүт кылса болот. Тирүүлөр өлөрүн билишет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билишпейт, алардын кылыктары эми бааланбайт, анткени алар унутулуп жок болушат; алардын сүйүүлөрү менен жек көрүүлөрү, кызганычтары жок болду, алардын бул дүйнөдө эмне болуп жатканы менен түбөлүккө иштери болбойт.”