Лев Толстой
ЫЙМАН СЫРЫ
Сулайман пайгамбар же анын сөзүн жазып калтыргандар мына ушундай дешкен.
Ал эми Индиянын акылмандары мындай дешет.
Оору, карылык, өлүм жөнүндөгү маалыматтар жашырылып, андай нерселерден түк кабары жок өскөн Сакиа-Муни деген падышанын бактылуу мураскору эс алып жүрүп, тиштери түшүп, бетин бырыш басып, шилекейи чубурган абышканы көрүп калат. Мурда мындай адамды көрбөгөн мураскор таң калып, арабакечинен бул адам эмне себептен ушундай адамдын боору ооругандай, шүмүрөйгөн, киши карагыс абалга келгенин сурайт. Ал андан бир да адам, ал эмес азыр жапжаш, солкулдап турган өзү сыяктуу мураскор да кутула албас карылык бар экенин таң калуу менен угат да, арабаны кайра артка айдатып, хан сарайга кайтат, жалгыз бекинип алып терең ойго батат. Ойлонуп-ойлонуп өзүн жооткотор бир нерсе тапты окшойт, кайрадан көңүлү ачылып арабасын чакыртып сейилдеп жөнөйт.
Бул жолу алдынан оорулуу адам жолугат. Ал алсырап, шайы кеткен, көздөрү үлүрөйүп, денесин калтырак баскан адам эле. Мурда оору деген сөздү да укпаган мураскор, арабасын токтотуп, тигил эмне адам экенине кызыгат. Ал андан оору деген ушул экенин, андан бир да жан кутула албасын, бүгүн ойноп-күлүп туруп, эртең эле өзү да ушундай абалга туш болорун укканда, көңүлү чөгүп, сейилдөөсүн токтотот. Кайрадан үстүнө киши киргизбейт. Бир топтон кийин өзүнө келип, үчүнчү жолу сейилге чыгат. Бул жолу ал мурда көрбөгөн көрүнүшкө туш болот: топтошкон көп киши жаткан бирөөнү көтөрүп бара жатышыптыр.
– Бул эмне? — деп сурайт мураскор.
– Өлгөн адам.
– Өлгөнү кандай?
Өлдү деген, тигил адамды кандай абалга келип калганын көрдүңбү, өлгөн адам дал ошол абалга келет. Мураскор жакын келип, бетин ачып карап көрдү да, анан суроо салды:
– Муну эми эмне кылышат?
– Анын сөөгүн жерге көмүшөт.
– А эмне үчүн андай кылышат?
– Анткени ал кайра тирилбейт, чирип сасыйт.
– Адамдын баары өлөбү, мен дагы өлөмбү? Мени да көөмп, курттардын тамагына айланамбы?
– Ооба.
– Артка айда, мен мындан кийин сейилге чыкпайм.
Сакиа-Муни ошондон кийин жашоого кызыгы тарап, жашоону — жамандыктын негизги булагы деп эсептей баштады, андан бүт жан дүйнөсү менен бошонуп чыгууну жана башкаларды куткарууга бел байлады. Бошоткондо да, өлүмдөн кийин жашоо кайрадан тутанып жаңырбагыдай, түп тамыры менен жок болгудай бошотууну максат кылды. Индиянын акылмандары дал ушунтип айтышат.
Жашоо мааниси жөнүндөгү суроого адамзаттын алдыңкы сапта турган акылмандары мына мындай түз жоопторду берип келишет.
«Адамдын денедеги жашоосу жамандык менен калптан турат. Ошондуктан ошол денедеги жашоону жок кылуу жана анын жок болушун каалоо жакшы иштердин катарына кирет», – дейт Сократ.
«Жашоо деген болууга тийиш эмес, – ал жамандык, ошондуктан жок нерсеге айлануу жашоодогу эң чоң жыргал», – дейт Шопенгауэр.
«Дүйнөдөгө бардык нерселер, – келесоолук жана акылмандык, байлык жана жакырчылык, шаттык жана кайгы – болбогон убаракерчилик жана түккө татыбаган нерселер. Адам өлгөндөн кийин мунун бири да калбайт. Ушунун өзү акылга сыйбаган нерсе», – дейт Сулайман пайгамбар.
«Жапа чегүүлөрдөн, алсыроолордон, карылыктан жана өлүмдөн кутула албасын билип туруп жашоого болбойт, – өзүңдү жашоодон, жашоонун кандай гана жолдор менен пайда болушунан куткар». – дептир Будда.
Бул улуу акылмандардын айткандарын, аларга окшогон миллиондогон адамдар, айтышкан, ойлошкон жана сезишкен. Мен да ошондой ойлойм жана сезем.
Ошентип, илимдерден аңтарып-теңтерип издеген аракетим, менин жашоого болгон үмүтүмдүн үзүлүшүнөн сактап калмак тургай, кайра аны күчөттү. Бир илим жашоонун маанисин түшүндүрө алган жок, экинчиси менин үмүтүмдүн үзүлүшү жөн эле менин оорулуу сезимимден чыккан кокустук эмес экендигин белгилеп, тескерисинче, менин оюмдун тууралыгын улуу ойчулдардын айткандары менен бекемдеп койду.
Өзүңдү алдагандан пайда жок. Бардыгы – болбогон кереги жок түйшүк, курулай убаракерчилик. Туула электер бактылуу, өлүм өмүрдөн жакшы; андан эртэрээк кутулуш керек.