Лев Толстой

ЫЙМАН СЫРЫ

Лев Толстой

 

VII

Илимден издегенимди таба албаган соң, аны турмуштан, айланамда жашаган адамдарга байкоо салып көрүүнү,— мен сыяктуу эле адамдар кантип жашап жатышат, менин үмүтүмдү үзүүгө алып келген суроого алардын мамилеси кандай экенин изилдегим келди. Жашоо шарттары, алган билимдери, көз караштары меникине жакын адамдарга байкоо жүргүзүп, мындай тыянак чыгардым. Менин абалыма жакын адамдардын түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн төрт жолу бар экен.

Биринчи жолу – бул белгисиздик. Анын мааниси жашоо деген болбогон маңызсыз нерсе экенин билбей, түшүнбөй жүрө берүү. Бул топко кирген адамдардын – басымдуу көпчүлүгүн аялдар же жаш, эч нерсени түшүнбөгөн мадыра баштар, – алар Шопенгауэрге, Сулайман пайгамбарга, Буддага белгилүү жашоо сырларын алигиче түшүнүшө элек. Алар ажыдаардан да, асылып турган бутакты кемирип жаткан чычкандардан да кабары жок, жөн гана жалбырактагы балды жалап жатышат. Бирок, алар жалбырактагы балды такай эле жалай беришпейт: кимдир-бирөө алардын көңүлүн ажыдаар менен чычкандарга буруп, аларды көргөзкөндө, – балды жалоо ошону менен бүтөт. Андай адамдардан мага үйрөнө турган эч нерсе жок, билген нерсеңди билбей коё албайсың.

Экинчи жолу – бул Эпикурдун жолуна түшүү. Анын мааниси, жашоонун маани-маңызы жогун билип туруп, болгон мүмкүнчүлүктөрдү коё бербей жашоонун жыргалын көрүү, ажыдаар менен чычкандарды көрүп турса да жалбырактагы балды, бөтөнчө ал жетишерлик көп болсо ыракаттанып жалай берет. Сулайман пайгамбар бул жөнүндө мындай дейт:

«Көңүл ачууну даңазалайм, анткени бул жашоодо ичип-жеп жыргагандан артык иш жок: ал адамга кудайдын берген өмүрүндө анын оор эмгегин дайыма коштоп жүрөт. Ошондуктан жеген наныңды көңүлдүү жеп, жүрөгүңдү кубанткан виноңду шаттанып ич. Сүйгөн аялың менен бул эч нерсеге татыбаган жашоонун ар бир күнүн жыргалга батып жаша, – анткени бул эмгек менен өткөзкөн жашооң үчүн тийген энчиң… Колуңдан келген иштин баарын жаса, анткени көргө киргенде жумуш да жок, илим да жок, акылмандык да жок».

Биздин чөйрөдөгү көп адамдар ушул жол менен жүрүшөт. Алардын кууралынан жыргалы көп жашоо шарттары, аң-сезимдеринин зээнсиздиги, мындай абалдары убактылуу экендигин, ар ким эле Сулайман пайгамбар сыяктуу миң аялдуу, миң хан сарайлуу боло албасын, ар бир миң аялы бар адамга миң бойдок туура келерин, ар бир миң хан сарайды тер төгүп курган миң адам бар экендигин, бүгүн мага Сулайман пайгамбар болууга мүмкүнчүлүк берген жазмыш, эртең эле Сулайман пайгамбардын кулу кылып коёрун унуттуруп салат. Алардын маңыроолугу Буддага тынчтык бербеген – оорунун, карылык менен ажалдын бүгүн болбосо эртең,— ошол бардык жыргалчылыктарды тыптыйпыл кыларын унутууга мүмкүнчүлүк берет.

Алардын кай бирлери өздөрүнүн акылынын мококтугу менен маңыроолугун философия катары көргөзүшөт, бирок алар позитивдүү деп ойлошкон бул нерсе, аларды маанисин түшүнбөй балды жалагандардын катарына коёт. Мен ал адамдарды туурай албайт болчумун: макоо болбогондон кийин, макоолорду ээрчиген жокмун. Мен бардык акыл-эстүү адамдар сыяктуу эле, бир көргөндөн кийин ажыдаар менен чычкандардан көзүмдү албайт элем.

Үчүнчү жол күчтүн жана энергиянын жолу. Анын мааниси жашоонун маанисиз, сандырак экенин түшүнгөн соң аны жок кылуугу аракет кылышат. Бул эрки күчтүү адамдардын колунан келет. Тагдырдын тамашасына кабылганын, тирүүнүн жыргалынан өлгөндөн жыргалы артык экенин түшүнүшкөндө, ал тамашаны дароо токтотууга бел байлашат, анын үстүнө ойлогондорун аткарууга каражаттар да дайыма табылат: моюнга салганга сыйыртмак, чөгүп кеткенге суу, жүрөккө сайганга бычак, темир жолдогу поездер. Биздин чөйрөдө мындай адамдардын саны барган сайын өсүп барат. Мындай кадамга көбүнчө турмуштары эң жакшы убакта, аң-сезими гүлдөп турган мезгилдерде, акыл-эсти талкалай турган адаттар пайда боло электе барышат. Бул жол татыктуу жол экенин көрдүм, өзүм да ошол жолго түшүүнү каалаган элем.

Төртүнчү жол, алсыздардын жолу. Ал жолду тандагандар жашоонун мааниси жок экенин көрүп-билип турса да, алдыда күткөн эч нерсе болбосо да, ал жолдон чыгышпай сапарларын уланта беришет. Алар өлүм тирүүлүктөн жакшы экенин түшүнүшөт, бирок жалган дүйнөнү бир шилтем менен үзө чаап, өлүмгө барыштын ордуна илээлеп жүрө беришет. Алсыздардын кылары дал ушул, болбосо алдыда турган жакшы нерсеге жетүү өз колуңда турганда эмнеге кылчактайсың?.. Мен ушулардын катарында турдум.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.