Лев Толстой

ЫЙМАН СЫРЫ

Лев Толстой

Ой-жоруулары мага окшогон адамдар ушинтип оор абалдан төрт жол менен сактанышат. Канчалык эстөөгө аракет кылсам да, мен мындан башка жолду көргөн жокмун. Кайталайм, биринчи жол: жашоонун сандырак, болбогон маңыз-маанисиз, бактысыздык экенин түшүнүүгө аракет кылбай, аны билбей жаша же такыр эле жашабай койгонуң жакшы. Мен бул нерсени билбей коё албайт элем, бир жолу билип алгандан кийин ага көзүмдү жума албайт болчумун. Дагы бир жол: келечек жөнүндө баш оорутуп олтурбай, кандай тагдыр туш келсе ага ыраазы бол. Мен андай да кыла алган жокмун. Сакиа-Муни сыяктуу мен дагы карылык, оору, өлүм жөнүндө билген соң кайрадан сейилге чыга алган жокмун. Менин элестетүүм күчтүү эле. Андан тышкары, үлүшүмө тийген көз ирмемдик жыргалдын капысынан келген мүнөтүнө кубана албайт элем.

Үчүнчү жол: жашоонун маңыз-мааниси жок курулай убаракерчилигин түшүнгөн соң жашоону токтотуп өлүп алуу. Муну түшүнгөн менен эмнегедир өлүүгө шашкан жокмун. Төртүнчү жол: Сулайман пайгамбар, Шопенгаэр сыяктуу – жашоо бул шылдың кылган жазмыштын бир оюну экенин билип турсаң да, жуунуп, кийинип, тамактанып, сүйлөп, ал эмес китеп жазып баары бир жашоону уланта берүү. Бул мага оор жана көңүлүмдү айлантса да дал ошол абалда болууну уланттым. Азыр анда өлүп албаганымдын себебин биле баштадым, ал менин ойлорумдун аныктыгына толук ишенбеген шектенүүмдөн болуптур. Канчалык өзүмдүн жана акылмандардын жашоонун сандырактыгына ишендирген ойлорун айныксыз чындыктай көргөнүм менен, жүрөгүмдүн түпкүрүндө кандайдыр бир шек саноо бар эле.

Ал шектенүүм мындай эле: аң-сезимим жашоонун курулай убаракерчилик экенин тааныды. Эгерде, жогорку аң-сезим жок болсо (ал чынында эле жок, анткени анын бар экенине бир да далил жок), анда менин аң-сезимим, мен үчүн жашоонун жаратуучусу. Аң-сезимим болбосо, жашоом да жок. Анда эмне үчүн өзү жараткан жашоону өзү жокко чыгарат? Башка жагынан карасак: жашоо болбосо, аң-сезимим да болмок эмес демек, аң-сезим жашоонун уулу. Бардык нерсе бул жашоо. Акыл-эс жашоонун мөмөсү, анан кантип ал жашоону танат. Бул жерде бир туура эмес нерсе барын сезип жаттым.

Жашоонун опосуз, жалган экени чындык, – дедим өзүмө. – Бирок мен жашап жүрбөймүнбү, жашай берем, адамзат да жашоосун токтотпой жашап келет. Бул кандай? Жашабай койгонго болсо, анда эмне үчүн жашап жүрөбүз? Эмне, жашоонун мааниси жок, убаракерчилик экенин Шопенгауэр экөөбүз эле билиптирбизби? Опосуз жашоо жөнүндө ар кандай кептерди айтып талкуулоо анча деле акылды талап кылбайт, бул тууралуу илгертеден жөнөкөй эле адамдар айтып да, жашап деле келатышат, жашай да беришет. Анан алар эмне үчүн жашоонун кереги бар-жогуна баш оорутпай эле жашап жүрүшөт? Билимиме, акылмандардын айткандарына таянып, мага бул дүйнөдөгү бардык нерселер, –органикалык жана органикалык эмес заттар, – бардыгы укмуштуудай ойлонуп жасалганын, бир гана менин абалым өзүмдү канаттандырбасын ачтым. А тигил жиндилер, – жөнөкөй адамдардын көпчүлүк бөлүгү, – органикалык жана органикалык эмес заттардын кандайча түзүлгөнү менен иштери да жок, ошондуктан аларга бул жашоо аларга акыл-эс менен курулган нерседей көрүнөт! Анан менин башыма: балким, мен билбеген дагы бир нерсе болуп жүрбөсүн?—деген ой келди.

Билбестик ушундай кылат эмеспи. Билбес билбеген нерсеге жолукса, билбеген нерсесин  келесоолук деп эсептейт. Чындыгында, кызык мына ушунда, жалпы адамзат жашоо маанисин түшүнүп жаткансып жашайт, аны түшүнбөсө ал жашай алмак эмес, а мен жашоо курулай убара деп эсептейм, ошондуктан жашагым келбейт. Шопенгауэр экөөбүзгө жашоону танганга эч ким тыюу салбайт. Андай болсо – өлүп ал, ал тууралуу экинчи сүйлөбөйсүң. Жашоо жакпайбы, өлө бер. Жашап жатып жашоо маанисин түшүнө албасаң, түшүнбөгөнүңдү айтып бутка чалынып жүрө бербей аны токтот. Көңүл ачып жатышкан жерге барып, эмне кылып жатышканын жакшы түшүнгөн, көңүлдүү адамдардын маанайын өзүңдүн турмушка нааразы, үңүрөйгөн кебетең менен бузбай кетип кал.

Чындыгында, өзүн өзү өлтүрүүгө бел байлап, бирок ага баралбай жүргөн адамдар эң чабал, кайсалактаган, жөнөкөй тил менен айтканда макоо адамдар экенибиз, ал макоолугубузду саймаланган баштык асынган жиндидей, жонубуздан түшүрбөй жүргөнүбүз жалганбы? Биздин акылмандыгыбыз бизге жашоо маңызын түшүндүргөн билим бере алган жок да. Жашоону түзүп турган адамзат, миллиондогон адамдар – жашоонун жалганына ишене беришпейт. Мен билгенден, илгертеден эле мени жашоонун маңыз-мааниси жок деген пикирге алып келген, жашоонун курулай убаракерчилиги тууралуу кеп кылышканы менен, баары бир жашоолоруна кандайдыр бир маани берип жашап келишкен. Адамдардын жашоолору башталгандан бери эле алар жашоо мааниси билишкен, ошол жашоолорун биздин күндөргө чейин өткөзүп келатышат. Мендеги, менин айланамдагы нерселердин бардыгы, – алардын билиминин жемиши.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.