Лев Толстой
ЫЙМАН СЫРЫ
Дал ушул жашоону сынап-сындап жаткан ой куралдарын мен эмес, ошолор ойлоп табышкан. Мен ошолордун арасында туулуп, ошолордун жардамы менен тарбияланып чоңойдум. Алар темирди казып алып иштетишти, токойдогу дарактарды кыйганды, уйду, жылкыны колго көндүрүп, эгин сепкенди, бирге жашаганды үйрөнүштү; алар мени ойлоп сүйлөөгө машыктырышты. Анан, ошолор багып өстүргөн, билим берген, ойлонууга, сүйлөөгө үйрөтүшкөн мен, – аларды, алардын жашоосун курулай убаракерчилик деп жокко чыгарып жатпаймынбы! “Бул жерде бир нерсе бар – мен бир нерседен жаңылып жатам”— деген ой келе баштады. Бирок, кай жерден жаңылганымды түшүнө албайм.
VIII
Ал кездеги будуң-чаң ойлорумду, шектенүүлөрүмдү эми гана баары түшүнө алгыдай айтып бере алчудаймын. Ал убакта акылмандардын тажырыйбасына таянып айткан жашоонун курулай убаракерчилик экендиги тууралуу ойлорум канчалык логикага туураласам да, анда бир жаңылыштык бар экенин туюп жаткам. Ал ойлорумдун өзүбү же коюлган суроо туура эмеспи, аны билчү эмесмин; көз карашым жетишерлик ишенимдүү болгону менен, ал аздык кылып жатканын сезгем.
Ушул менин ойлорумдан келип чыккан далилдер, мени ошол ойлор түрткөн аракетти жасоого таптакыр ынандыра алган жок, башкача айтканда, мен өлүмгө барган жокмун. Эгерде мен бул чечимге акыл-эсим менен жеттим десем, анда калп айткан болор элем. Албетте, акыл-эсим иштеп жатты, бирок андан тышкары дагы бир нерсе иштеп жаткан, мен аны жашоонун аң-сезими десем болчудай. Менин көңүлүмдү башка нерсеге эмес, ушул нерсеге бурган бир күч иштеп жаткан, дал ошол күч мени үмүтсүз жашоомдон артка кайрып, акыл-эсимди таптакыр башка багытка бурду.
Ошол күч адамзат мага окшогон жүздөгөн адамдардан турбасына, мен адамзаттын жашоосу жөнүндө алигиче эч нерсе билбестигиме көңүлүмдү бурду. Айланамдагы тыкыз курчаган замандаштарымдан мен маселени түшүнө албаган адамдарды, түшүнүшсө да, ал маселени аракечтик менен, алсыздыгын көргөзүп жашоодон үмүттөрүн үзүп, өмүрлөрүн кыюу менен чечкен адамдарды көрдүм. Мен андан башкача аракеттенишкен адамдарды жолуктурган жокмун. Өзүм мүчөсү болгон ушул окумуштуулардан, байлардан, бекерпоздордон турган коом бүткүл адамзатты түзүп, калган жашап өтүшкөн жана жашап жүрүшкөн миллиардаган адамдар, – мындай эле бир нерсе, адамдар эмес, – айбанаттардай сезилчү.
Азыр мага ошол кезде жашоо жөнүндө ой жүгүртүп жатып, айланамдагы адамдардын жашоосун көрүп-билип туруп, менин, Сулайман пайгамбардын, Шопегауэрдин жашоолорун чыныгы жашоо, а калган миллиардаган адамдардын жашоосу көңүл бурууга татыбайт деп катуу жаңылып жүргөнүм түшүнүксүз жана таң калыштуу.Текеберчилигимден улам, биз Сулайман пайгамбар, Шопенгауэр үчөөбүз маселени туура жана так койдук деп ойлогом, миллиардаган башка кишилерди теңиме албай, маселенин тереңине кирип түшүнбөгөн немелердей көрүп, өзүмө бир да жолу: “Дүйнөдөгү жашап жүргөн жана жашап өткөн миллиарддаган адамдар өз жашоолорунун маанисин кандайча түшүнүшөт?”—деген суроону бербептирмин.
Эң либералдуу көз караштагы жана окумуштуу адамдарга мүнөздүү адашкан абалда көпкө жашадым. Бирок, чыныгы жумушчу адамдарды жактырганым, алар биз ойлоп жүргөндөй келесоо эместигин түшүнүп билишим түрткү болдубу же менин жасап көрмөйүнчө, же менин чыныгы ишенимимде асынып өлгөндөн жакшы башка эч нерсе билбестигимденби, айтор, мен жашоонун маңыз-маанисин, жашоого кызыгы тарап, өлгүсү келгендерден эмес, жашоодо биздин жана өзүнүн оор жүгүн эч майышпай көтөрүп өткөн, көтөрүп жүргөн миллиардаган адамдардан издөө керегин сезе баштадым.
Ошол көп сандаган илим-билимден алыс, баш жарган байлыктары жок жөнөкөй адамдарды карап туруп, таптакыр башка нерсени көрдүм. Ошол миллиардаган жашап өткөн жана жашап жаткан адамдар, арасында анда-мында бирөөлөрүнөн башкасы, менин мурда бөлүп караган топтордун бирине да туура келбейт экен, биринчиден аларды жашоо маанисин түшүнбөгөндөрдүн тобуна киргизе албадым, анткени алар ал суроону өздөрү коюп, ага болуп көрбөгөндөй ачыктык менен түшүнүктүү, так жооп беришет. Экинчиден, аларды эпикурчулардын катарына да коё албадым, анткени алардын жашоолору жыргалга караганда, жокчулук менен жакырчылыкта көбүрөк өтөт; үчүнчүдөн, маанисиз жашоону максатсыз жашап жүрүшөт деп айтууга оозум барбайт, анткени алардын жашоосундагы ар бир окуя жана өлүмдөрүнө карата даана, так жооптору бар. Өздөрүнө кол салып, жанын кыюуну алар чоң күнөө деп билишет.