Лев Толстой
ЫЙМАН СЫРЫ
Жоопту философиялык илимдерден издегенде эмне кылдым? Анда мага окшогон эле, эмнеге жашап жүргөндөрүн билбеген адамдардын ой пикирлерин изилдеп, жоопту ошол жактан издедим. Анан ал жактан эч нерсе таба албасымды билгенден башка эч нерсе таба албасым өзүмө белгилүү эле.
Мен киммин? – чексиздиктин бир бүртүгүмүн. Дал ушул эки ооз сөздө бардык маселе камтылган. Эмне бул суроону адамзат кечээ эле ойлоп таптыбы? Чындап эле акыл-эси жаңы ойгонуп келаткан жеткинчектин ар биринин оюна келер ушул жөнөкөй суроону, менден башкалар өздөрүнө беришкен эмеспи? Бул суроо адамзаттын жаралганынан баштап пайда болгон; адамзат жаралгандан бери эле бул маселенин чечиш үчүн өткөн өмүрдү өткөн өмүргө, чексиздикти чексиздикке салыштыруу жетишсиз болгону түшүнүктүү, ошондуктан адамдар пайда болгондон баштап, өткөн өмүрдүн чексиздик менен байланышы табылган жана аныкталган. Өткөн өмүрдү чексиздикке байланыштырган түшүнүктүн баары жүрүп олтуруп жашоо маанисин чагылдырып, биз кудай, эркиндик, жакшылык деген түшүнүктөрдү акыл-эске салып изилдей баштаганбыз. Бирок, ал түшүнүктөрдү эч кандай сын көтөрө албайт. Бул, билгичтик жана маашыркануу менен, жүрүп турган саатты чачып, пружинасынан оюнчук жасап алып, анан саат эмне жүрбөй калды деп таң калган балдар кандай күлкүлүү болушса, биз да дал ошондой абалга туш болгондой кеп. Өткөн менен чексиздиктин карама-каршылыктарын чечүүдө бизге жашоонун суроолоруна жооп берген, жашоого мүмкүнчүлүк бере турган чечим керек. Бул, биз бардык жерден, бардык элден жолуктурган жалгыз туура чечим, – канчалаган адам өмүрлөрүн соруп жок кылган убакыттан сыгылып чыккан чечим, биздин колубуздан мындан башка буга окшогон нерсе таптакыр келбеген оор чечим, бул суроону берүү үчүн, биз жеңил ойлуулук менен оңой эле талкалап салган, бардыгына мүнөздүү жообу жок чечимдин дал өзү.
Түбөлүктүү кудай жөнүндө, кудайга тиешелүү жан жөнүндө, адам менен кудайдын ортосундагы мамиле жөнүндө, жакшылык менен жамандыктын аклак-адептүүлүгү жөнүндө түшүнүк, – бул адамзаттын карт тарыхтагы барактарына катылган түшүнүктүн маңызы, ансыз жашоонун жана менин да болушум мүмкүн болбогон түшүнүктүн маңызы, а мен ошол бүткүл адамзат жасаган иштерди көңүлүмө албай, бардыгын жаңыча, өзүм билгендей жасагым келген. Мен ал кездерде антип деле ойлогон эмесмин, бирок бул ойлордун түйүлдүгү жаралып калган эле.
Менин түшүнгөнүм:
1) Шопенгаур, Сулайман пайгамбар үчөөбүздүн акылмандыгыбызга карабай, начар абалда элек, жашоо жамандыктын булагы экенин билип турсак да жашоону улантып жатканбыз. Бул чынында макоочулук, анткени жашоо жамандык болсо, – а мен акыл-эстүү нерселердин баарын жакшы көрөм, анда жашоону талкалап жок кылуу керек, ошондо аны тана турган эч ким калбайт эле.
2) Биздин ой толголоорубуз аркандалган аттай кагылган казыкты айланып алыс узай албай тегеренип турганын түшүнүп турдум. Канчалык терең ойлонсок да, биз суроолорго керектүү жооп ала албайбыз, жыйынтык дайыма 0=0 болот, демек, биз жаңылыш жолго түшүп алганбыз.
3) Дин берген жооптордо адамзаттын терең акылмандыгы жатканын, андан акыл-эстин негизинде баш тартууга укугум болбогонун, негизгиси жашоо мааниси тууралуу суроого бирден бир жоопту дин гана берерин түшүнө баштадым.
XI
Аны го түшүндүм, бирок андан мага жеңил деле болгон жок. Эми менден акыл-эсти түздөн-түз танууну талап кылган жалган ишенимден башка, кандай гана ишеним болсо да кабыл алууга даяр элем. Анан буддизди, ислам, бөтөнчө христиан диндери жөнүндө жазылган китептерди окуп, айланамдагы христиан динин карманган адамдардын жашоосуна көңүл буруп изилдей баштадым. Албетте, өз чөйрөмдөгү динге ишенген окумуштуулардан, православия динине кызмат кылган чирөө кызматкерлеринен, улгайып калышкан кечилдерден, ал тургай православия дининдеги жаңы агымдарды карманган адамдардан, алардын жашоонун маңыз-маанисин кандай түшүнүшөрүн, ага ишенер ишенбесин сурамжылай баштадым. Канчалык алар менен талаш-тартыштарга баргандан качууга аракет кылсам да, алардын ишенимдерин кабыл ала албадым, – мен алардын ишенимдери жашоо маанисин түшүндүрбөй эле, аны тумандатаарын, алардын өздөрүнүн айтымында, ишенимди мени динге кайра алып келген жашоо маңызын билүү үчүн эмес, кандайдыр бир мен билбеген максаттар үчүн кармашарын билдим.