Лев Толстой
ЫЙМАН СЫРЫ
Ал жоопторго ыраазы боло албадым, бирок, өзүмдөн: “Бул кандай күч? Кудай менен кандай мамиле түзөм?”— деген суроолорду берип, ага мурдатан белгилүү жоопторду алдым: “Ал – бардык нерселердин жаратуучусу, бардык нерселердин ээси”. Ал жоопторго ыраазы эмес элем, андыктан мендеги жашоого болгон кумар жоголуп баратканын сезе баштадым. Бул мени катуу ойго салып, издеп таппай жүргөн нерсеге сыйына баштадым. Канчалык көбүрөк сыйынган сайын, сыйынганымды эч ким укпасына, кайрыла турган эч ким жок экенине көзүм жете баштады. Кудайдын бар экенине чындап үмүтүм үзүлсө да жүрөгүмдөн: “Оо кудай өзүң сакта! Кудайым, мени туура жолго сал!” –деп кайталадым. Бирок, үнүм эч кимге жеткен жок, мен үчүн жашоо кайрадан токтоп калгандай болду. Кайра-кайра ар тарабымдан келген ой: менин бул жарыкчылыкка жөн эле себепсиз келип калбаганым, өзүм сезип жаткандай уясынан кулап түшкөн канаттары өсүп чыга элек балапан эмес экендигим жанымды жай алдырбады.
Макул, мен ошол уясынан чалкасынан кулап түшүп, тарбалаңдап тура албай жаткан балапан эле болоюн дейли, бирок мен энемдин бар экенин, ал мени канатыныны астына катып үшүтпөй, канаттуга кактырбай, тумшуктууга чокутпай бакканын билем да. Ал энем ким жана каякта? Эгерде мени уядан түртүп салышса ким түрттү? Мени бирөө сүйүп жүрүү үчүн төрөдү да. Ал ким болду экен? Кайра эле кудайбы. “Ал менин кылгандарымдын баарын көрүп-билип турат. Ал бар”— дейм өзүмө. Көз ирмемге келген бул ой, жашоого болгон ынтызарлыгымды көтөрүп, бул жашоонун даамын сызуу кубанычын ойготкондой болду. Бирок, кудайды таануудан, ага болгон мамилемди аныктоого кириштим, кайрадан көз алдыма биздин жаратуучу үч жүздүү кудайыбыз турду. Кайрадан бул дүйнөдөн, менден өз алдынча, тышта жашаган кудай менин көз алдымда жылуу жерде калган муздун сыныгындай эрий баштады, жалтырап өзүнө тарткан эч нерсе калбады, кайрадан жашоо булагы кургай баштады, үмүтүм үзүлүп, бул жашоодон өлүп кутулуудан башка арга калган жок. Баарынан жаманы, мен ал нерсени да кыла албасымды сезгеним болду.
Эки, үч, он жолу бул абал кайталанып жатты, – бирде кубаныч жана жашоого ынтызарлык, бирде үмүт үзүлүп, жашоодон аша кечүү.
Эсимде, эрте жазда токойдун шуулдаганын тыңшап жалгыз жүргөм. Оюмда баягы эле үч жылдан бери жанымды жай алдырбаган нерсе. Кайрадан кудайды издеп жүргөм. “Макул, кудай таптакыр жок дейли, – дейм өзүмө,— менин түшүнүгүмө туура келбеген, бирок, чыныгы турмушта менин бүткүл жашоомдун өзүндөй нерсе болбойт; андай болбойт. Аны кандай укмуш болсо да далилдей албайт, анткени укмуш бул менин түшүнүгүм, ал өзү андан бетер түшүнүксүз нерсе.”
“Бирок, кудай жөнүндөгү түшүнүгүм, ошол мен издеп жүргөн нерсеби? –деп сурадым, өзүмдөн – Ал түшүнүк деги кайдан чыкты?” Бул ой келгенде көңүлүм көтөрүлүп, жашоо толкундары кубанычтуу шарпылдай түшкөнсүдү. Айланам жанданып, бир мааниге ээ боло түштү. Бирок, кубанычым көпкө созулган жок. Акыл-эс өз ишин улантып жатты. “Кудай жөнүндөгү түшүнүк – бул кудайдын өзү эмес. Түшүнүк бул менин мээмде болуп жаткан нерсе, кудай жөнүндөгү түшүнүк болсо, мен өзүмдө ал түшүнүктү кабыл аламбы же кабыл албаймынбы – ошого байланыштуу. Бул мен издеген нерсе эмес. Мен ал болбосо жашоонун өзү да жок нерсени издеп жатам”
Кайрадан айланамда, өзүмдүн жан-дүйнөмдө караңгы түн түшүп, кайрадан өзүмө кол салып өлгүм келди. Кайрадан өзүмө үңүлүп, өз жан-дүйнөмдө эмнелер болуп өткөнүн эстедим; өзүмдөгү жүз жолу кайталанган үмүтсүздүк, андан кайтууларды эсиме салдым. Кудайга ишенген кездерде жашоом мааниге ээ болгонун көрдүм. Мурда деле, азыр деле дедим өзүмө: кудайга ишенгенде жашагым келди, аны тансам өлгүм келди. Бул эмне болгон үмүтсүздүк менен кайра жандануулар? Кудайдын жогун моюнга алганда, жашоом токтоп калып жатпадыбы, эгерде, кудайдын бар экенине жок дегенде үлбүлдөгөн бир үмүт болбогондо эчак өлүп тынмакмын. Мен аны издеп жүргөндө, ага ишене баштаганда жашоом уланып жатпадыбы. Анан эмнени дагы эле темселеп издеп жүрсүң? –деген ички үнүмдү уктум. Мына издегениң. Ал – ансыз жашоого болбой турган нерсе. Кудайды таануу жана жашоо – бул бир эле нерсе. Кудай бул – жашоо. “Кудайды издеп жаша, ошондо кудайсыз жашоо болбойт.”