Лев Толстой
ЫЙМАН СЫРЫ
Аларды бири-биринен ажыратуу элдин колунан келбейт болчу, меникинен да келген жок. Кыскасы, элдин ишениминин курамына кирген көп нерсени кабыл алдым, чиркөөгө барып эртең менен кечинде сыйынып, орозо тутуп, кыскасы бардык талап кылынган нерселерди жасап жүрдүм. Адегенде акыл-эсим ага каршылык кылган жок. Мурда болууга мүмкүн эмес нерселер, азыр мага кадимкидей эле көрүнүш. Менин динге болгон көз карашым мурдагыдан такыр башкача болчу. Мурда мага жашоонун өзү маанилүү, ал эми дин кандайдыр бир жашоону коштоп жүргөн, мага түк кереги жок, ашыкча жана жашоо менен байланышы жокток сезилчү. Ошондо бул нерселердин жашоодо мааниси бар болду бекен деп изилдеп көрүп, эч кандай маани таппаганда жараксыз нерсе катары жашоомдон ыргытып салган элем.
Азыр тескерисинче, диндин ошол мен мурда жаратпай койгон шарттары, керексиз эле эмес, турмуштук тажырыйбам көрсөткөндөй, ансыз жашоомдун мааниси жок болуп чыкты. Мурда ал шарттарга караманча болбогон бир нерселерге карагандай карасам, азыр түшүнбөсөм да, анын маанилүү экенин билип калдым, аны окуп үйрөнүүгө, түшүнүүгө аракет жасай баштадым. Менин ой жүгүртүүмдүн жыйынтыгы мындай эле: дин илими бардык эле адамдын акыл-эси сыяктуу бир купуя нерседен чыгат. Адам денесин акыл-эси менен кудай жараткан. Ошол жараткан күндөн тартып, ушул күнгө чейин менин денем, акыл-эсим жана ошондон берки ачылган жашоонун тажырыйбалары жетип олтурат, андыктан ушул убакытка чейин жеткен адамзаттын өнүгүү жолу жалган болушу мүмкүн эмес. Адамдар чындап ишенген нерсенин бардыгы чындык болушу керек; ал ар кандай айтылышы мүмкүн, бирок жалган болбош керек, а эгерде ал мага жалгандай сезилсе, анда ал жөн гана менин түшүнбөстүгүм. Андан тышкары, өзүмчө мындай тыянакка келдим: ар бир ишенимдин негизги күчү, ал жашоого ажалдын да алы жетпеген маанини бере алганында.
Албетте, ишенимдин өлүм алдында жаткан байлыкка чөмүлгөн падышага, турмуштун азабын тартып карылыгы жеткен кулга, оозунан эне сүтү кете элек жеткинчекке, көптү көргөн акылман карыяга, акылынан айнып алжыган кемпирге, бактылуу жаш айымга, кыялы алып учкан жаш жигитке, бардык ар кандай шартта, ар кандай билимдери бар адамдарга “Мен эмне үчүн жаралдым? Өлгөндө кийин эмне болом? – деген түбөлүктүү суроого бере турган жообунун мааниси бирөө эле болсо дагы, ал чексиз көп көрүнүштөргө ээ; жооп канчалык так, канчалык чындыкка жакын, канчалык терең болгон сайын, ар кимдин деңгээли менен билимине жараша түшүнүксүз жана бузулган көрүнүшкө ээ боло башташы табигий нерсе. Бирок, мен үчүн бул, ишенимдин түшүнүп болбой турган жактарын актаган ой жүгүртүүлөр, мага берилген ушул жападан жалгыз жашоодо, ишенимде, өзүм ишенбеген кылык-жоруктарды жасоого баруу үчүн баары бир жетишсиз эле. Мен диндин адатка айланган ырым-жырымдарын аткаруу менен, бүт жан-дилим менен эл менен аралашкым келген; бирок анте алган жокмун.
Мен муну жасасам, өзүмдү алдап, өзүмө ыйык деген нерсеге түкүрүп салгандай сезимде калмакмын. Бул жерден мага кайрадан биздин орустардын ишеним жөнүндөгү жаңы чыгармалары жардамга келди. Ал уламалардын түшүндүргөнү боюнча ишенимдин негизги догмасы чиркөөнүн акыйкаттыгы, анын эч качан жаңылышпастыгы. Бул догманы моюнга алуу менен, чиркөөнүн бардык тобо кылуулары акыйкат экенин тааныйбыз. Чиркөө динге ишенген, бири-бирине сүйүү менен мамиле кылган, ошондуктан чыныгы илимдин ээлери болгон адамдардын тобу катары, менин ишенимимдин негизи болуп калды. Кудайдын акыйкаттыгын жеке адам таанып биле албайт, ал бир гана бири-бирине сүйүү сезими бириктирген адамдардын тобуна ачылат турбайбы дедим өзүмө.
Акыйкаттыкка жетүү үчүн бөлүнбөш керек; а бөлүнбөш үчүн сүйүү, өзүң макул болбогон нерсеге көнүшүң зарыл. Акыйкаттык сүйүүгө койнун ачат, ошондуктан чиркөөнүн ырым-жырымдарын жасабасаң сен сүйүүгө каршы чыкканың, ал эми сүйүүгө каршы болсоң, акыйкаттык сага жабык бойдон кала берет. Мен ал кезде бул ой жүгүртүүлөрдө софизмдин бар экенин көрө алган эмесмин. Мен анда сүйүүгө берилүү, дин уламаларынын Никей символдору аркылуу атайын сөздөр менен берилген чындыгын эмес, улуу сүйүүнү ачарын, сүйүү эч качан акыйкаттыкты биригүүнүн бирден бир шарты кыла албасын билбептирмин. Ал кезде бул ой жүгүртүүлөрдүн катачылыгын көрбөптүрмүн, ошондуктан православдык чиркөөнүн бардык ырым-жырымдарын көпчүлүгүн түшүнбөсөм да аткарып жүрдүм.