Лев Толстой

ЫЙМАН СЫРЫ

Лев Толстой

Болуп көрбөгөндөй жарык айланамды жана жан-дүйнөмдү жаркыратып, ал жарык ошо боюнча өчкөн жок. Өзүмө кол салуу экинчи оюма келген жок. Мындай төңкөрүш качан, кантип болгонун айта албайм. Мендеги жашоого болгон кызыгуу акырындап азайып олтуруп, жашоого мүмкүн эмес деген жыйынтыкка кандай келсем, дал ошондой эле акырындык менен өзүмө да билинбей жашоого болгон кумарым кайтып келди. Кызыгы, жашоого мени кайра алып келген ошол күч мен үчүн жаңы эмес эле, ал эң эски – өмүрүмдүн башталышында мени алга сүрөп жүргөн күч болучу. Мен өзүмдүн илгерки бала кезимдеги, улан учурумдагы сезимдерге кайрылып келдим. Мен мурдагы, мени жараткан жана менден бир нерсе күткөн ишенимге кабылдым; мен өзүмдүн эң негизги жана жалгыз максатыма: жакшы жашоого, башкача айтканда, ишенимге баш ийип жашоого кайтып келдим; мен бул ишенимдин маанисин менден алыс жакта адамзат үчүн иштелип чыккан жетекчиликтен издеп табууга, башкача айтканда, жашоонун маңыз-маанисин берген адеп-аклакты өнүктүрүүдөн,  кудайга ишенүүдөн табууга белсенип кириштим. Бир айырмасы, башында мен бул нерселерди түшүнбөй эле бирөөлөрдү сокурдай ээрчип жүрсөм, эми мен ансыз жашай албасымды билдим. Болжол менен мындай абалда элем: мени кайыкка кайсы убакта салышканы эсимде жок, бир белгисиз жээктен башка жээкти көргөзүп, мурда кармап көрбөгөн калакты колума карматышып, кайыкта жалгыз калтырышып, сууга түртүп жиберишти. Билишимче, калакты шилтеп сүзүп келаттым; кайык улам суунун ортосуна жакындаган сайын, дарыянын агымы күчөп, бара жаткан багытымдан алда канча ылдый агызып алып жөнөдү. Мага окшоп аккандар көбөйө баштады.

Алардын арасында жалгыз, чабак урганды токтотпой аракеттенгени да, калактарын ыргытып жиберип аракет кылбай отурганы да бар эле; чоң кайыктар, элди шыкай баскан кемелер да жолугуп,  улам ылдый агып бараткандарга кошулуп, өзүмдүн бара турган багытымды да жоготтуп алдым. Дарыянын ортосуна жеткенде, кайыктар менен кемелердин ортолорунда кысылышып, барчу жагымды таптакыр аныктай албай калдым, ошол жерден мен да калагымды кайыктын түбүнө ыргыттым. Айланамда көңүлдөрү көтөрүңкү, жүздөрүнөн тагдырларына нааразылыктын изи жок жел кайыкчан, жөн кайыкчан, кемелер, мага мындан башка жол жок экенин айтып биринин артынан бири зуулдап өтүп жатышты. Аларга ишенип мен да аларды ээрчидим. Анан агым мени ушунчалык алыс алып кетти, асты жагымдагы кайыктар чоң таштарга тийип талкаланып жаткан босого жакындап калганымды көрдүм. Эсиме келе түштүм. Көпкө чейин эмне болгонун түшүнө албай дендароо турдум. Алды жагымдагы кайык талкаланганда, мага да аз калганын билип, эмне кыларымды билбей айлам кетти. Арт жагыма кылчайып, күрөштү токтотпой, агымга каршы толкун жиреп бараткан көп сандаган кайыктарды көргөндө, бара турган багытымды, кайыкта жана ыргытып жиберген калактарды эстедим. Эстедим да калактарды алып, болгон күчүм менен жээкти көздөй акырындап сүзүп жөнөдүм. Ал жээк – кудай, багыт – ал жөнүндөгү илим, калактар – бул мага берилген тандоо, жээкке сүзүүгө болгон эркиндигим, жээкке сүзүү – кудайга кошулуум болчу. Ошентип жашоо кумары мага кайра келди, кайрадан жашай баштадым.

 

XIV

Биздин чөйрөнүн жашоосунан баш тарттым, анткени анын жашоо эмей эле жашоо сыяктуу бир нерсе экенин, биз жашап жаткан бардарчылык жашоо, жашоонун баркын билүүгө тоскоол болорун, ал эми чыныгы жашоо маанисин бизге окшогон мите курттардын жашоосун эмес, жашоо баркын билген, ага маңыз-маани берип жашаган жөнөкөй эмгекчи элдин турмушун издөө керектигин түшүнүшүм керек эле. Менин айланамда орустун жөнөкөй эли, ошолордун жашоосуна кайрылып, алардын жашоого болгон көз караштарына кайрылдым. Анын мааниси кыскача айтканда мындай эле: бардык адамдар бул жашоого кудайдын буйругу менен келген. Кудай адамдарга тандоо бериптир, ал өз жанын сактап да кала алат, же бүлдүрүп жок да кыла алат. Бул жашоодо адамдын милдети, – өз жанын сактап калуу; аны сактап калуу үчүн адам кудайдын мыйзамы менен жашаш керек, кудайдын мыйзамын сакташ үчүн бул жашоонун көп азгырыктарынан баш тартуу зарыл: ак эмгек кылып, чыдамкайлык менен башка салганды көтөрө билип, кайрымдуу болуусу абзел. Бул маанини эл өздөрүнүн ата-бабаларынан бери, муундардан муундарга берилип келаткан, алардын болумуштарында, уламыштарында, макал-лакаптарында  сакталып келаткан дининен алышат. Бул мага аябай түшүнүктүү жана жүрөгүмө жакын эле. Бирок, бул элдик ишеним биздин арасында жашап жүргөн бөлүгүндө кабыл алынган мага жакпаган, иренжиткен, түшүнүксүз нерселер: купуя сырлар, чиркөөдө аткарылуучу  кызматтар, орозо тутуулар, ыйыктарга жана икондорго сыйынуулар менен ажырагыс байланышта эле.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.