Лев Толстой
ЫЙМАН СЫРЫ
Жашоонун эң жөнөкөй суроосуна да оңой менен түшүнбөй турганыбызды өзүбүз да байкабайбыз: эмне жакшы, эмне жаман экенин – биз билбейбиз, баарыбыз, бири-бирибизди укпай бир эле маалда баарыбыз кыйкырып, кээде бири-бирибизди мактап, кээде бири-бирибизге кыйкырышып калабыз, — кадимки эле жиндиканадагыдай. Миңдеген кишилер күнү-түнү акыркы күчтөрүн жумшап иштешип миллиондогон сөздөрү теришип, басып чыгарып жатышты, почта аны Россиянын бардык аймактарына таркатчу, а биз окута бердик, окута бердик, бардык нерселерге үйрөтүп үлгүрө алган жокпуз, ал тургай бизди укпай жатышат деп таарындык.
Аябагандай кызык, бирок, аны эми түшүндүм. Биздин чыныгы оюбуз, мүмкүн болушунча көп акча таап, мактоолорго татыктуу болуу экен. Ал максатыбызга жетиш үчүн гезит менен китеп чыгаргандан башка эч нерсе билчү эмеспиз. Анан ошону кылчубуз. Бирок, ушундай эч пайдасыз ишти жасап жатканыбыз менен, ошол эле убакта маанилүү адам экенибизди далилдей ала турган, биздин бул ишти эмне үчүн жасап жүргөнүбүздү түшүндүргүдөй бир ой жоруулар керек эле. Анан биз мындай деп ойлоп тапканбыз: бул дүйнөдө эмне болсо, бардыгынын орду бар, бардыгы керектүү нерселер. Керектүү нерсенин бардыгы көбөйүп, өсүшү керек. Өсүүнү билим берүү менен камсыз кылынат. Билим берүү китептер менен гезиттердин чыгышына түздөн-түз байланыштуу. А бизге дал ошол китеп, гезиттерди жазганыбыз үчүн акча төлөшөт жана сыйлашат. Ошондуктан биз,— коомго эң керектүү жана мыкты адамдарбыз.
Бул ой менен бардыгы макул болсо абдан жакшы болмок; бирок ар бир айтылган ойго, дайыма карама-каршы айтылган ой болорун билесиңер да. Бул бизди ойго салыш керек эле, бирок биз андай эч нерсе байкаган жокпуз. Биздин партиядагылар мактап жана акча төлөп берип жатышкан,— демек, ар кимибиз өзүбүздүкүн туура деп ойлочубуз. Эми мага жиндикана менен эч айырма болбогону айдан-ачык болду; ошондо эле менде чыныгы жиндилер сыяктуу эле,— биз өзүбүздөн башкаларды жинди катары көрөбүз го, деген шектенүүлөрүм пайда болгон.
III
Ушул алаңгазар дүйнөдө, үйлөнгүчө дагы алты жыл жашадым. Ошол убактарда чет өлкөлөрдө жашап жүрдүм. Европадагы жашоо, Европадагы алдыңкы көз караштарды карманышкан окумуштуулар жана башка адамдар менен жолугушуулар, менин өзүмү өстүрүүгө болгон умтулуумду, ага болгон ишенимимди кайра калыбына келтирип бекемдей баштады. Биздин заманыбыздагы көпчүлүк билимдүү адамдар карманган ишеним сыяктуу эле, мендеги ишеним да жөнөкөй форманы алды. Бул ишенимдин аты «прогресс» болчу. Ал кезде бул сөздүн маанисин жакшы түшүнө алчу деле эмесмин. Кантип жакшы жашоону ойлоп, кыйноо тарткан башка адамдардай эле, прогресске ылайык жашоо деген эмне деген суроого, – деңиз үстүндөгү шамал айдаган кайыктагы адам “Кайсы тарапка баратасың” деген негизги суроого: “Толкун айдап олтуруп, бир жерге алып барат да” деп жооп бергендей эле жоопту бермекмин.
Ал кезде көп байкабаптырмын. Кээде гана, сезимимдин тереңинде, адамдардын бардыгына жалпы боло баштаган болбогон нерсени ырым-жырымдарга айлантып алышып, ошону менен жашоого түшүнүктөрү тайкы экендиктерин жашырып жатышкандарына кыжырым келчү. Алгачкы ирет Парижден көргөн өлүм жазасы прогресске болгон ишенимимди олку-солку кылды. Адамдын денесинен башы жулунуп түшүп, үкөктүн түбүнө тарс этип кулап түшкөндө, мен акылым менен эле эмес, – бүт болгон дүйнөм менен, – кандай гана прогресс болбосун жана учурдагы коомдун акыл-эстүү теориялары бул жорукту актай албасын жана бүткүл дүйнөнүн адамдары кайсы бир теорияга ылайык дүйнөнү жакшыртууга так ушул өлүм жазасы керек деп чыгышса дагы, – мен анын караманча кереги жоктугун, анын жакшы иш эмес экенин билдим, жана жүрөгүм менен сездим.
Прогресс идеясынын турмушка анча деле пайдасы жоктугун бир тууганым өлгөндө да байкадым. Ал акылдуу, ак көңүл, турмушка олуттуу караган адам эле, жаш кезинде ооруга чалдыгып, бир жылдан ашык кыйналып жүрдү, анан эмнеге бул жашоого келгенин, андан да эмнеге кетип жатканын түшүнбөй, кейиштүү өлүмгө дуушар болду. Бир дагы теория мага да, акырындап жана кыйналып өлгөн бир тууганыма да бул сурообуздун жообун бере алган жок. Бирок, бул анда-мында эле келген олку-солку ойлор эле, мен дагы эле болсо прогресс ишенимин туу тутуп жашап жүрдүм. “Бардыгы алга карай өсүшүн улантышууда, алар менен бирге мен дагы өсүүдөмүн; а эмне себептен эл менен кошо өсүп баратам, аны көрө жатармын”.