Лев Толстой

ЫЙМАН СЫРЫ

Лев Толстой

Анан ушундай шарттарда жашоодон аша кечип, бирок өзүмө кол салып өлгөндөн чочулап, ар кандай амалдарга барып жаттым. Ошол кездеги жан-дүйнөмдүн абалын кыскача мындай десем болчудай: менин жашоом бул мага кимдир-бирөөлөрдүн көргөзкөн орунсуз жана ачуу тамашасы. Эч кандай мени жараткан “Кимдир-бирөөнү” таанып-билбегеним менен, “Кимдир-бирөөнүн” мени бул дүйнөгө жаратып койгон орунсуз жана ачуу тамашасы,— бул жарыкчылыкка келишимдин табигий себеби эле. Мага жогору жактан “Кимдир бирөө” менин 30-40 жылда кандай жашаганыма, окуганыма, өсүп-өнүп денем жана жан-дүйнөм кантип жетилип жатканына көз салып, эрмектеп турганы, анан, бардыгы алаканга салгандай даана көрүнгөн жашоомдун туу чокусуна чыга келгенде, — бул жашоодо жакшы эч нерсе жок экенин, болбогонун жана болбой тургандыгын түшүнсүн дегенсип, эзели оңолгус жинди адамды туу чокуга алпарып таштап салгандай элес келди. “Ага болсо бул күлкүлүү…” Бирок мени эрмектеп жаткан “Кимдир-бирөөнүн” бары-жогу мага баары бир, анткени аны билгенден мага жеңил болуп кетпейт.

Өмүрүмдө бир дагы маанилүү нерсе жасаганымды эстей албай койдум. Аны эмнеге башында эле түшүнбөгөнүм таң калычтуу эле. Бул бардыгына эчактан бери белгилүү болчу. Бүгүн болобу, эртең болобу, – оору менен ажал сүйүктүү адамдарыма, мага келе башташат (келип да жатат), анан чирик менен курттардан башка эч нерсе калбайт. Кандай гана иштерди жасабайын эртеби, кечпи баары унутулат, ал эмес өзүм да унутулам. Анда адамдар муну кантип көрүшпөйт, эмне үчүн өлбөчүдөй жан талашып жашайбыз? — мына ушул таң калыштуу! Жашоого мас адам гана ушинтип жашай алат; соолуккан соң мунун бардыгы жалган, жасалма экендигине көзүң жетет. Так ошондой — күлө турган, курч айтылган эч нерсе жок, жөн гана ачуу жана одоно айтылган чындык бар.

Илгертен бери жолунан каардуу ач жырткычка кабылган жолоочу тууралуу тамсил айтылып келет. Артынан сая түшкөн жырткычтан качкан жолоочу жандалбастап, суу чыкпай кургап калган кудукка боюн таштайт, бирок, кудуктун түбүндө оозун аңырдай ачып ажыдаар аны жутканга даярданып калган экен. Бечара жолоочу өйдө чыкса жырткыч, ылдый түшсө ажыдаар жутканы турат. Кудуктун жанында өскөн дарактын самсаалаган бутагына жармашып калат. Колдору талып, акыры ажыдаардын оозуна түшөрүн билет. Өйдө жакты караса, ал жабышып турган бутакты бири ак, бири кара эки чычкан алмак-салмак кемирип жатыптыр. Ажалы чындап жеткенин эми даана түшүнөт, бирок, ошондо да үмүтү үзүлбөй эки-жагын алаңдай карап бир илинчек издейт. Ошол убакта, кармап турган бутактын жалбырагынан сыгылып чыгып жаткан бал сыяктуу ширени көрүп, аны жанталашып жалай баштаган экен.

Ошол жолоочу сыяктуу, ажалдын арааны ачылып, мына-мына жутканга даярданып, күтүп даяр турганын билип, бутакка бекем жармашып, бул азапка эмне себептен түшкөнүмдү биле албай салаңдап асылып турдум; мурда ыракаттанып жеген бал, эми мени кубантпайт, — ал эми бутакты кемиришкен ак чычкан менен кара чычкан,—күн менен түн, мен жармашкан бутакты тыным албай кемиришет. Ажыдаардын сөлөкөтүн даана көрүп турам, ал эми балдын даамы мурдагыдай ширин эмес. Мен – азууларынан куткарбас ажыдаар менен чычкандарды көрүп, алардан көзүмдү тартып ала албай жалдырайм. Бирок бул тамсил эмес, талашсыз чындык.

Мурдагы ажыдаардын сүрүн жашырып, жымсалдап турчу жашоонун жыргалдары мени эми алаксыта албайт. Мага: жашоонун маанисин баары бир түшүнбөйсүң, башыңды оорутуп ойлонуп жүрбөй, жашай берсеңчи деп канча айтышпасын, андай кыла албайм. Анткени, мурда далай жолу ошентип көргөм. Эми өлүмүмө жакындатып тынбай жүгүрүп өтүп жатышкан күндөр менен түндөрдү көрбөй коё албайм. Бир нерсени көрүп турам. Ошол нерсе, —  чындык. Калгандарынын баары,— жалган. Ачуу чындыктан бардыгынан мени алыс кылган эки тамчы,— үй-бүлөмө болгон сүйүүм менен мен искусство деп жүргөн жазуучулугум,— эми мага кызыксыз болуп калды.

«Үй-бүлө…» – дейм, өзүмө; бирок, үй-бүлө деген – аялым, балдарым; алар дагы адамдар. Алар деле мен жашаган шарттарда жашашат: алар деле мен сыяктуу калпка малынып же ачуу чындыкты көрүп жашоолору керек. Андай болсо жашап эмне кылышат? Аларды сүйүп, багып өстүрүргөнүмдүн эмне кажети бар? Мен сыяктуу үмүттөрү үзүлгөнчө жүрүшсүнбү же маңыроо чалыш болуп эч нерсеге түшүнбөй жүрө беришсинби! Аларды сүйгөн менен, алардан чындыкты жашыра албайм,— өзүңдү билүүгө койгон ар бир кадамың, – ошол чындыкка алып барат. Ал чындык — өлүм.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.