Кадыркул Даутов
КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ
Туура, кыргыздар айткандай, «оңой оокат жок». «Алма быш, оозума түш», «Ырыскыны кудай берет» менен иш бүтпөйт, эч нерсе өзгөрбөйт. «Талааны баскандар жол кылат кайгырба, жаш жүрөк камыкпа». Баары –
ак эмгек, тынымсыз изденүү, табуу, жаратуу, илимин тереңдетүү, талантын тарбиялоо, тажрыйбасын арттыруу, жашоо зарылчылыгына, мезгил талабына жараша пайдалуу иш жасоо. Бересиң – аласың, аласың – бересиң. Карапайым аң-сезимде түшүрүлгөн турмуштун жылыш философиясы ушул. Түпкү максатың – «Жаманды, жакшыны айрыган, өзүңдү жакшы адам кылышта» экен. Бул, Адам уругу коом катары түзүлө баштагандан бери сөзгө алынып, философия, социология, психология, тарых, фольклористика, искусство таануу илимдеринде баскычтан баскычка көтөрүлүү жолдорун азыр да издетип келаткан проблема. Анатай Өмүркановдун бул ойлорду ортого салганына кырк беш жылдай убакыт өтүптүр. Бүгүн да өз күчүндө, чечилип бүтпөйт, уланганы уланган.
Адам качан өзүнүн табиятын өзү ушинтип таанып ажырата билип, качан романтика менен фантастиканы жылаңач турмуш күчү шыпырып таштаганда гана экзотика азайып, түшүнүк артып, реалдуу чындык көз алдыңа тартылып калат. Жокчулук болсо чыдап, суукка урунса калчылдап үшүп-тоңуп жүргөндө тууган жер кылт этип эске түшө калса, «канында сагыныч соккондо» акынга таптакыр жаңы дем бүтүп тим эле тулку бойдон тер чыгып кетерин карачы. А жакшы көргөн классташтары менен курсташтары, достору менен тамаша сөз, таттуу күлкү чыгартчу жаш селкилер кыялында жандап өтүшсөчү? Чындап эмнелер эсине келип, эмнелерди жарылып айтып бермек. Буга да бир астейдил көңүл буралычы:
Келбес жакка кете берген адамдай,
Кетти күлкү, кетти өмүр саналбай.
Мен жүрөмүн досторуман бөлүнүп,
Чоң дайрадан бөлүнгөн бир каналдай.
Досторум жок чын дилинен берилип
Арманымды, күйүтүмдү угардай
Улутунуп туруп калам жалгыздап
Уялашын таба албаган улардай...
Көптөн бери көздөр көздү көрүшпөй
Көптөн бери күлкүнү тең бөлүшпөй.
Күндөн күнгө мен баратам саргайып
Бөлөк жерге көчүрүлгөн өрүктөй...
(«Досторду эстеп», 12–13-б.).
Нагыз таза сезим, тээ жүрөк, жүлүнүңдүн түпкүрүнөн жарылып чыккан чындык күчү, нагыз баштан өтүп жаткан сагыныч, санаркоолор жаздырган ыр. Жасап, түзөөнүн эч кандай белгиси жок. Сен да ошол кызыктуу күндөрүңдү эскересиң. Азыр да кайталап көргүң келет. Түрдүү кыял, түрдүү мүнөз күтүнгөн досторуң менен баягыдай чер жазышып каткырык салып чогуу баскың келет. «Досторду эстептин» саптары ушундай темада жазылган ырларды окуп алып, же айтылган сөздөрдөн угуп алып окшоштуруп койгон жасалма куплеттердин жыйындысы эмес, а жазбай коюшка таптакыр болбой калган психологиялык абалда эзилип, эргип, жашып отуруп жазган ыры десек жарашат.
Ушул эле учурларда Анатай Өмүркановдун чекист А. Аширалиевге арнаган «Куландан соо кезиңди эстеп», экзотика тибиндеги «Чырак таш» деген ырлары жазылыптыр. Биринчиси реалдуу чындык, болгондо да учурунда маанилүү милдет өтөп жүрүп, бутунан ажырап калган адамдын тагдыры аянычтуу овон күүгө салынат: «Согончогум сыздагансыйт, бутум жогун сеземин». Минтип көбүнчө ичте дагы канча чоң өксүк калганын туюнтуп отурган чекистке дем берип духун көтөрөт: «Ишендирбей сезимди бутум жокко, бутум бар деп өйдө бол турарыңда... ...сендейлер коркокторду баатыр кылып, ...сендейлер жоктон барды жаратат да, идеалга айланышат көптөр күткөн» – деп негизинен кадимкидей туура баа берет.
Автордун эл «Чырак таш» деп атап алып тээ илгертен бери мифологиялык түшүнүк, мифологиялык ишенимге салынып жашап келаткан сыйкырдуу фантастика менен романтиканын, реалдуу чындыктын элементи менен экзотиканын бири-бирине өтүшкөн катышынан бүткөн ыры бар. Жогоруда эң биринчи жолу Памирге келгенде жазган ыры катары караштырып өткөн «ЭКЗОТИКАСЫНА» эстетикалык табияты боюнча типтеш, сөөктөш, кандаш, же бир жанрга кирет. Көркөм дүйнө элементтерин байытууга катышат, окурман фантазиясын өстүрүүгө өз үнүн, жандуу таасирин тийгизет.