Кадыркул Даутов

КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ

Кадыркул Даутов

  Турар Кожомберидиев атасы менен Улуу Тоо ашуу­ларын ашып Суусамыр тектир-түздөрүндө «Үзөнгүсү тымызын үн салып, жылдызга шаңгырап кагышып турса, ...Укурук жеткидей жылдызды чукулап уядан көргүсү келген» жерлерде өскөн болсо, Жолон Мамытов:  «...Алоолоп күн жүргөндөй, ...алыскы ааламдарга сызуу­ну эңсейт... «Жылдыз өсөт кырларга кыркалакей жылдыз минип эр жетет ойноок балдар, жылдыз алып келишет кыздарына кой тоскону келишкен бойдок балдар...» («Романтика»). ...«Микробу жок тоолордун абасында чындык жашайт наристе өңү менен. Бийик мөңгү арчалар арасына кетесиңби, сулуу кыз, мени менен?»  дегендей типте ырлар жазчу кездерде башкы ветврач  болуп (1962–1966-жж.) үч жарым миң метр деңиз деңгээлинен жогору жерде, Алай тоолорунда жашап жүргөн маалда болчу («Үмүткө чакыруу», «Алайдан жолдош С. Кулуевге кат»).

А. Өмүркановдун «Памир» экзотикасы куду ушул  Т. Кожомбердиев менен Ж. Мамытовдун романтикалык-экзотикалык ырларына окшоп бүгүн да кадимкидей окулуп жүрөт. Ушинтип жаш акын кыргыз поэзиясында бул жанрдын тамырлашына өзүнүн бир түп жандуу көчөтүн отургузду. Мындай формага салып, мындай маани-мазмундуу эстетикалык асылдыкка кошула турган ыр жаратууга, келечек потенциясы куру эмес экендигине ырастап ишенич пайда кылды.

Түрдүүчө кыялдануу, эргүү, таңдануу менен бийик белдерди ашып (Ак-Байтал, 4655 м.) келген жаш акындын Мургап жерине таманы тийгенден баштап турмушунда ичкертен да, сырттан да аз-аздан өзгөрүштөр жүрө баштаганын мындан наркы ар бир ырынан жолуктурасың. Жакшы ниет, жакшы тилек менен алга умтулуу күчтүү, кайрат жанбайт, убада бекем. Өз алы-жайы тууралуу биринчи билдирүүсүндө реалдуу чындык түп нускасында сакталып келатканы бизге мындайча жеткирилет:

 

Тоо учунда жүрөмүн улар болуп,

Тоодой милдет аткарууга кумар болуп,

Ишеничи элимдин, Эне-Атамдын

Илинүү моюнумда «тумар» болуп.

 

Эстетикалык нарк насили жагынан алып караганда, мында бир чоң ачылыш жасап жиберген деле жокпуз. Маани-мазмун башка тарабында: табиятынан каны менен кошо келген тубаса акындыгы бар акында гана нукура чынчылдык сапат дайыма сакталып жүрөт. Андай акын «Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына бир мертебе калп айталбайм», – деп жашап өткөн Алыкул Осмоновчо туура жазып, туура жашап өтөт. Тунук поэзия – ак жүрөктөн, бийик поэзия – бекем эрктен, өз улуту тууралуу улуу ырлар – табиятынан көңүл тереңинде жашап турган нагыз патриоттук улуу сезимден жаралат.

Бүгүнчө Анатай Өмүрканов да Жер шартына, чоочун элге, чөйрөгө, өзүнө-өзү кичинеден көнүгүп келатат окшойт. Алдыга карай жылыш бардай сезилет. Негизги иши, же сөзсүз түрдө убакыт кетирбей түздөн-түз аткарчу милдети – тээ ыраакта «Тоодой милдет аткарууга кумар болуп, Эл, Жердин ишеничи мойнуна «тумар» болуп жүргөнү эртең ойлогондой оңунан аткарылып кетсе, туруктуулук менен бир сөздүүлүктүн, патриоттук менен эрки бекемдиктин үлгүсүн көрсөткөн жаштарга кошулуп калышы да толук ыктымал.

Албетте, балдар дүйнөсү анын көңүлүн башка жактарга караганда баарынан көп бургузат. Зор түйшүк тарткызат, жоопкерчилиги бар. Сабак берет, билбегенди билдирет. Өзү кечээ студент болуп окуганына караганда, бүгүн мектеп балдарын окутуп жатканы алда канча татаал жана оор иш экендигин ырастап эми көрүп жатса керек. Өзү окуучулар үчүн сабакка даярданат. Мектеп программасы башка, өтүлчү материалдар бөлөк баскычта. Буларды системага салып жакшыраак өздөштүрүп чыгышка канча убакыт кетет. Анан калса жетишерлик даражада окуу куралдары бар болду бекен?..

Турмуш заң-закону ушул экен: тирүүлүктө айтылып өткөн бардык материалдык, руханий-көркөм, чыгармачылык, илимий, анан бирде эргүү берсе, бирде түрдүү ой-санаага салып көңүл чөгөргөн ар нерсеге алаксыткан учурлар пайда боло калат. Алыстагы ата-эне эске келет. Кез-кез сурабай-этпей эле күтүүсүз-күтүлүү түрдө «Жаныңдагы мажүрүм тал ырын тыңшап турарсың, мени күтүп келгенимче». «...Болжоого моюн сунбайт тагдыр деген, так айталбайм, кайра өзүңө качан
келем» – дедирип узаткандар элестелет... Ушулар менен эле баары бүтүп калмак беле. Келгенден бери ар кыл шартта жашаган ар кыл мүнөздүү улуу-кичүү адамдарды көрүп, алардын кээ бирөөлөрү менен абдан жакындан аралашып калды, жакшы жактарын көп көрөт. «Самудин агама» деген ырынан эле айтылгандар жөнүндө абдан так маалымат, жетиштүү түшүнүк алсаң болот:

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.