Кадыркул Даутов

КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ

Кадыркул Даутов

Жаш мугалим-акынга дагы кандай кызыктар жолугуп, өзүнүн рух дүйнөсү менен жасаган иштеринде толуктоолор, же жоготуулар көрүнөт. Алар тууралуу кыйла эле айтылып калды. Ошентсе да баарына дагы бир карап туруп иштин конкрет натыйжасын билип алыш үчүн, адегенде акындын өзүнө сөз берип, кайрадан каратып угуза окуттуруп баксак кантет? Дале көп милдетинен карызы бүтө элек. «Жылуу жаштык күндөрдү оронуп алган» бойдон келатыптыр. Алыскы бийик Памир тоолорунда жашап жүрүп «модадан калса да, турмушта артта эмес. Урпактарга ушул күчтү жылгызган улуу күчпүз» – деген ишенимде алгалоодо экен. Демек, өсүш бар. Акындын жашоо шартын, баш мүдөөсүн дагы тереңдеп билмек болсоң, айкын далилден табалы:

– – – – – – – – – – – – –

Сагынычты жалгыздыкта

Жашагандар түшүнөт.

Сүйгөн кыздын сүйкүм көзү

Сүйлөп жатып бүтүрөт.

 

...Эртең дагы жолго чыгыш

Кардан бутту тарталбай,

Көңүлүмдөн ырым кетпейт

Колго үйрөнгөн аркардай.

 

Эртеңиме уят болуп

Каламбы деп далбастайм...

Бул күнүмдү баары даяр

Башка күнгө алмашпайм!

 

Жаштык күнүм, жаштык күнүм

Жалт деп өттү... өкүнбөйм.

Адам кылган ал күндөрдү

Көңүлүмдөн өчүрбөйм!

 

(«Памирдеги жаштык», 14–15-б.).

 

Конкрет колуна кармап, ичин аңтарып ачып көрүп, түп маани-мазмунун тагыраак түшүнүп, эстетикалык асылдык сапат белгилерин жаземдебей ажырата билүүгө жараган сабаттуу окурман жаш акын А. Өмүркановдо табияты катаал бийиктеги Памирге келгенден бери аң-сезим түшүнүгү менен өмүр жолунда айтарлык өзгөрүштөр,  чыгармачылыкта жаңылануулар болгону көзгө көрүнүп, баамга урунат.

Жаш акын кандай шарт, кандай абалда калып жүрсө да жаштык бекер кетип жатпаптыр, талант кан-жанынан ажырабай ичкертен тыным албай эргүү жиберип турчу сырдуу күч. Аны кармай да албайсың, токтото да албайсың. Арзанга чындап ачылып бербейт. Жаш акынды жалындатып ырдатып да, татаал жолдорго салып такшалтып да келаткан жана олуттуу маселе – өзү тарткан зор түйшүктүн, адамдык милдеттин ыры.

Түшүнгөн жанга милдет канчалык оор болсо, ар-намыс менен абийирди сактоо да ошончолук бекемделип, алга умтулуу, изденүү, табуу иштери жүргүзүлөт. Акындык тажрыйбасын арттырууга өзүнчө аракет жасап баратыптыр. Ошолордун баары бекер кетпегенин мына бул мисалга тартылып, асты чийилген саптардан эле жакшылап билип, жетиштүү даражада түшүнүк алсак болот. «Адам кылган ал күндөрдү көңүлүмдөн өчүрбөйм». Бир эле адам эмес, акын да кылган ал күндөр (төмөндө айтылат).

Таланты бар, көздөгөн зор максаты бар адамды оорчулук ошончолук чыйралтат. Бара-бара кызылдай жылаңач реалист сүрөтчү, жаратылыш дүйнөсүн коргоочу боорукер болуп кеткенин анча сезбей да калат. Эми шык-жөндөм ушул жагынан да жетилет. Тема өзгөрөт, ойлор жаңыланат. Чындыкты көрсөтүү зарылчылыгы акынды экзотикадан экологияга оодарып баратканы сөзсүз түрдө ичкертен өнүп чыкчу табигый көрүнүш болуп калды. Жаш акын Памир тоолорун жаңыдан көргөндө:

 

Тумшугун кайберендер карга катат,

Туяктан айран ичип аркар басат.

Кибиңдеген чөптөрү ырдап ийип

Соккон желге каткырып, бийлейт дарак.

– – – – – – – – – – – – – – – – –

Таш бакадай жылышат таштар анда

– – – – – – – – – – – – – – – – –

Сай сайын ысык суу бар, муздак суу бар.

Анда аялдар ажайып балык сымал.

– – – – – – – – – – – – – – – – –

Алп кара куш айланып конот жерге

Айга учуп канаттары талып калган –

 

деп алгач Памирди кызыктуу тартылган парданын берки бетинен караса, бүгүн ал учурда көзгө урунбай калган өзүнүн табияты менен «туяктан айран ичкен аркарлардын» келечек тагдыры кандай болору жөнүндө ой жүгүртүп, чындап сын көз караштан мамиле жасап, өз баасын берип жатат. Кечээки жапайы жан-жаныбарлар алда канча эркин жашаган доорлор өткөн.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.