Кадыркул Даутов
КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ
Эл көбөйүп, жер тарып, жашоо татаалданып, керектөөлөр күчөп, техникалык илимдин түрлөрү өсүп, бардык жан-жаныбарлар айбан жырткычтардан мурда адам жырткычтарга катуу жем болуп жаткан учур. Улуу Гейне: «Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү аркылуу өтөт» – деп артыкча таамай аныктап айткан сөзү Анатай Өмүркановдун да нравалык-акындык, же абийир-актык сапатына дал келерин мына бул куплеттер эле абдан даана, абдан апачык көрсөтүп берет:
Кийиктерге жашоо улам оордой –
Уйкуну да чоочуп уктайт дирилдеп.
Кеч күздөгү акыркы үзүм коондой,
Барган сайын бара жатат бириндеп.
Сен бетиңе жок шылтоону кармабай,
Жигит болсоң, жалтактабай ач, айып...
Неге элик кеч күздөгү алмадай
Күндөн күнгө суюлууда азайып?!
Мен аларды баккым келет баламдай,
Сымап мисал сымбатына суктанып.
Кээ акмактар кечте чыккан шамалдай
Тоого чыкса мен эликти кызганып...
Ырды аягына чыкпай туруп эле, ушул жерде токтоло калып аң-сезиминде жаңыдан пайда болгон белгилерди конкрет көрсөтө кетели. Асты сызылган ыр саптарына шашылбай ой жүгүртүп көрчү: Адам колунан тоолор урап, деңиздер менен дайралар ташып, же соолуп, жаратылыш көркү менен үнү болгон жапайы айбанаттарга «жашоо улам оордой – кеч күздөгү акыркы үзүм коондой, барган сайын кийиктер бара жатат бириндеп», аба бузулуп, химия тагдырыңды чечип калды. Эгерде тирүү жүргөн кийиктер «уйкуну да чоочуп уктаса дирилдеп», «Анын сымап мисал сымбатына суктанып баласындай көрүп баккысы келген элик күндөн күнгө суюлуп баратканы чындык болуп чыкпадабы. Эмне үчүн улар үнү угулбайт, бүркүт шаңшыбайт?
Акын жүрөгүн ошол керемет дүйнө: табият курулушу көк тиреген бийик тоолор, буруксуган арча жыты менен түрдүүчө өң-түс күтүнгөн ажайып кооз гүлдөрдүн көркү, бийик аскалардан атылып түшкөн шаркыратмалардан куралган дарыялар менен комуз кылдарын кылдаттап терип чертип шыңгырап обон берип жылжыган тунук булактардын назик үндөрү, булбул менен күкүктүн алмак-салмак ар кайсы жерден жагымдуу угулуп жанды эритип, көңүлдү жыргаткан укмуштай табият оркестринин касиетинен бүткөн ансамблин бузбай бекем сактап калуу, асылдыкка, сулуулукка суктанып, жан дүйнөсүн тазартып жашоо маселеси коюлуп жатат. А наркы алкы араандай ачылган жапан сезим, кудук кулкун, кап курсак ач көздөр бир гана тамагын билет. Акындын кейиши басылбайт, кайра-кайра күчөп, кайра оордоп алган. Карачы, көзүнө дагы эмнелер элестейт:
Чабалактап уктай албайм түн бою,
Чарчагандай өңүм кетет кубарып,
Түшүмдө элик жатат каны жошулуп
Көк шиберде, көзүн ачып суналып...
Мээримдүү көп, мерестер да аз эмес,
Мээлейт алар элик көзүн жайнаган.
...Көңүлүмдөн кан аккансыйт жаш эмес
Мен жарадар элик өлсө кайрадан!
Табиятынан дили ак, адам эмес жапайы жаныбарларга жамандык жасоо оюна келбеген, өзү да жамандык көрбөгөн наристе сезим жаш акынга эликтин ушинтип атылып «каны жошулуп көк шиберде, көзүн ачып суналып...» калышы абдан катуу таасир эткени кимге болсо да айдан ачык, күндөн жарык кашкайып көрүнүп турбайбы. Ошол үчүн күнү-түнү тынчын алып, уктаса түшүнө кирип, өңүнөн азып, өзгөчө психологиялык оор абалга калтырып койду. Жайнаган элик көзүн мээлеген мерестер «эсинен таптакыр кетпей ...«Көңүлүмдөн кан аккансыйт жаш эмес, мен жарадар элик өлсө кайрадан!» – дегизип жүрөгүн эздирип жатат. Мында эч кандай жалган пафостун алдамчы эпкинин жолуктура албайсың. Бирди-жарым келип-кеткен ойлор да эмес, узакка дейре улантылат. Жогоруда эскертип өткөндөй, бул экология проблемасы дүйнөлүк маанидеги түбөлүктүү проблемалардын бири. Улам жаңылана берет. Анткени, жыл өткөн сайын татаалданып, оорлошуп келатканын кыйла эле көрүп, билип калдык бейм. Улантылганы: ушул маселелердин айланасындагы бирин-бири толукташып, кеңейтишип өзүнчө бир циклди түзгөн темалар менен идеялардын айкалышы акындын «Теке», «Кийик качты», «Аң уулоо», «Эчкинин улагы», «Аңчылыкта», «Сунулган кош атардан түтүн булап», «Балык» деген кийинки ырларында дагы ишеничти арттырып туруктуу көз караш бузулбай келет.