Кадыркул Даутов

КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ

Кадыркул Даутов

 

Сүрөттөрүн күндө карап камыгып,

Жүргөнүмдө ата-энемди сагынып.

Ата-энемдей маган акыл айттыңар,

Талаа жерде таалайыма табылып.

 

Күндөр улам учкан сайын билинбей,

Бүт балдарың мага чуркайт күлүңдөй.

Сүйлөгөнү, күлгөнү да өзүмдүн

Айлымдагы бир жатындаш инимдей.

 

Жол берилбейт ылдыйлоого, сынууга

Укугум жок жарым секунд тынууга...

Мен кумармын бирөөлөргө бейтааныш

Силер сындуу бир жакшылык кылууга.

 

Жаш жүрөк акын-мугалимдин жасай турган жакшылыгы эле ошол жогоруда белгилеп өткөндөй, адистер аз барчу табияты катаал, маданий, адабий байланыштар өтө сейректен-сейрек. Тили, этнографиялык дүйнөсү, тарыхы боюнча кескин айырмаланып турган эки түрдүү – кыргыз, тажик эл жашайт. Театр, акын-жазуучулар чөйрөсү жок бийикте бардык кыйынчылыкка бекем чыдап балдарга чындап билим берип, туура жолго салууга жетишүү деген чоң максат менен жүдөп-какап жүргөндө ушинтип «талаа жерде таалайына табылып, ата-энесиндей акыл айтышса, чүрпөлөрү бир тууган инисиндей сүйкүмдүү болуп көрүнүп калышканы – адамдагы эң улуу сапат белгилер болгону. Анан кантип ушундай жылуу сезим каптаган жылуу сөздөр айтылып, тирүү жандуу жагымдуу ырлар жазылбай калсын.

Ырда ак пейил, боорукер, адамга чыныгы адамча таза мамиле жасай билүү табият-мүнөзүндө турган Самудиндей акжолдун ички жан дүйнөсүнө кайрылуу менен акын-мугалимибиз өзүнүн да жердигинен ага жакындыгы бар экендигин стихиялуу түрдө кагазга түшүрүп жатканы эч кандай оюна да келбейт. Мында сезондук кургак саясат, жалган чакырык жок, баары жер турмушу менен конкрет предметтен алымча-кошумчасыз алынган материалдык фактыларга карата конкрет жүргүзүлүп келаткан иш-аракеттин оңдуу кайтарымы деп баалоого тийишпиз. Туруктуу ишеним, алган тарбия, үйрөнгөн үйүт, өзүнөн алдыдагылардын үлгүлүү жүрүш-турушунун да акырындап тийгизчү таасири да эске алынышы абзел. Бул процессте көрүнүп-көрүнбөгөн, сезилип-сезилбеген канча факторлор катышып жатышат.

Ушул эле мүдөө, ушул эле алга карай умтулуу, тууган жерге болгон сагыныч, жакындарын эңсөө тереңдегенден  тереңдеп баратканы ушунчалык күчтүү, жаш акындын ар бир жаңы жазган ырында кайталанып эске салынып өтөт. Тынчтык бербейт. Аткарчу иштин табияты ошондой болгон үчүн, чыгарчу натыйжасы да тез эле көрүнө койбойт экен. Дагы деле көңүлү толбой, өзүнө-өзү жакшы ыраазы боло электиги «Мургабдын ооруканасында жазылган ырында»: «Максаттар турат бизди айланчыктай жыгылган чабарманын күткөн аттай». ...«Актай албай Ата-Журт ишеничин кетебизби келип алып баатырсынып» – деген сыяктуу саптарынан эле апачык көрүнүп турбайбы.

Жаш мугалим-акындын айткандарына ишенбейм десең да айласыздан ишенесиң. Ооруканада жатып өзүнүн амандыгы жайында ойлогонуна караганда, аң-сезимдүү түрдө мойнуна артып алган Эл милдетин абийирдүү аткарып бериши көбүрөөк ойлонткону бул иште кадимкидей эле фанат болуп баратканын билдирбейт бекен? Мындан кийин­ки жазылган ырында деле ушул күрөш, ушул маселенин бир уюлу менен бир сызыктар башкачараак сөзгө алынып жатат. Мисалы, бул ырдан окуп көр:

 

Мен сүйүп көз жеткис жактарды

Аттандым алыска, алыска,

Талааны баскандар жол кылат

Кайгырба, жаш жүрөк камыкпа.

 

Жаманды, жакшыны айрыган,

Өзүңдү жакшы адам кылышка –

Жалгыздык жана да кыйындык

Көп керек экенин унутпа.

 

Тос бетти, жапайы жел уруп

Тордотсун, түлөтсүн, карартсын.

Бир күнү туулган жериңен

Бетиңди агартып аларсың.

 

Жашап көп жетишпес турмушка

Коркпогун, суукка багынба.

Тердейсиң тууган жер тууралуу

Сагыныч соккондо каныңда...

 

Поэтикалык ой жүгүртүү өзүнчө. Бирин-бири кайталап жүрүшүп көпчүлүк окурман журтчулугун тажатып тарпы чыгып бүткөн кодура саясый ойлор катышпайт. Улам жаңыдан пайда болгонун түп нускасын бузбай көрсөтүп, ачуу-таттуусу менен ысык-суугун башынан өткөртүп, ошондой албан кырдуу айлампалардан чыгуунун жолдорун издеп, балдардын эртеңине камылга көрүү башкы маселеси. Ырда ойлор логикалык жактан орундуу. Мазмун өзүнө ылайык келген формасын тапкан. Көркөм туюнтуу каражаттар да жакшы колдонулган. Эң негизгиси, медитативдик деңгээлге көтөрүлгөн саптар да окулат.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.