Кадыркул Даутов

КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ

Кадыркул Даутов

Мында тизмеге түшкөндөрдүн баары эле элик менен кийиктен турбайт. Өрдөктүн өлүмү менен балыктын  тагдыры жөнүндө да сөз жүрөт. Булардын баарын адамдар кырып, жеп, жок кылат. Арстан, жолборс, илбирс, карышкыр менен чөөлөр кандай коркунучтуу жырткычтар болсо, адам бир эле элик, кийиктер үчүн эмес, ушул каардуу жырткычтардын өздөрү үчүн да артыкча коркунучтуу. Ок, дары, мылтык жаралганда жер жүзүндө  жашаган тирүү жандардын баарын жок кылчу ажал кошо бүткөн. Ал качан эле Памир тоолоруна жетип алган. Аркар, кулжалар менен эчки, текелер адамды көрүп, мылтыктын үнүн укканда таштан ташка секирип, сызып жөнөшөт. Не болорун айбандык инстинкт сезет. Өздөрүнчө үйрөнүп алышкан жашоо ыкмалары бар. Кайсы  маалда төмөндөп сууга түшүп келет, кайсы маалда жайылып чыгат, булардын баары белгилүү. Карабайсыңбы, карт теке кандай сак:

 

Коргошундун, адамдын жытын сезе,

Кыл чокудан айлананы тиктеп теше,

Үйүр эчки үстүнөн кожоюнсуп

Каржаят кароол болуп картаң теке.

Жамандыкты жакындан билип турат,

Кызыл көзү бал-бал жанып күйүп турат.

 

– – – – – – – – – – – – – – – – – –

 

Ага ок тийип кулап түшсө, эчкиси жаадай сызып жетип «суроо белги – мүйүздөрүн жерге төшөп» карт текени таштабай алыс жакка каякадыр алып кетет... Алардын да өзүнчө боор толгоосу, инстинкт жетелеген жакындыгы бар, сезишет. Бири-бирине болушат, жардам беришет, коргошот, каралашат.

Эмне болсо да  А д а м  деген  А д а м. Ошондой жапан мыкаачылык менен алкына алдырып койсо да, арасында кантип бир-экөөнүн мээри жибишип аяныч менен карай турган жандар таптакыр чыкпай калсын. Кантип эле «Тээ зоокадан бирден чубашып өтүп» жаткан кийиктердин жарашык келбетин бузгусу келбей, асылдык дүйнөнүн мемиреткен лаззатына батып турган кезде убактылуу болсо да жамандыктан шарт колун тартып алчулар чыкпасын. Мисалы, Анатай Өмүркановдун «Кийик качты» деген кыска жазылган ырында автор өз көзү менен көрүп, өз башынан өткөргөн бир окуя болуптур:

 

Кийик качты, бизди көрө дыргышып,

Жалама аскадан жаңырыктар жылбышып.

Мүйүздөрү күү жазылган нотадай

Желге урунуп күү калтырды жылжытып.

Карап калдык, аткан жокпуз сулатып,

Тээ зоокадан бирден өттү чубашып.

А машина ашуу жолун абайлап

Жыттагансып, жай келатты кыр ашып.

 

Болгону эки куплеттен турат экен. Маани-мазмуну, баш-аягы менен толук бүткөн ыр, бир чыгарма деп  койсок да болот. Темасы кандай, идея барбы, нагыз чындыктан алындыбы, мазмун формасын, форма мазмунун таптыбы, көркөм образ көз алдыга элестейби, колдонгон сөз каражаттарычы?

Бул суроо-талаптарды «Кийик качтынын» төрт кырынан кирип белгилейли. Эң биринчиси, бүтүндөй Памир тоолорун каптап жапайы жаныбарларды кырып жаткан учурдун дал өзүн эч кандай алымча-кошумчасыз дапдаана түшүрүп алган лентадан бир үзүндү, бир штрих. Жасалмасыз, кыялында ойлоп окшоткон эч нерсе таппайсың. Экинчиси, колдонгон көркөм сөздөр менен салыштыруулардын жаңылыгы (буга караштырып өткөн ырларынан да табасың). Мисалы, «Мүйүздөрү күү жазылган нотадай, желге урунуп күү калтырды жылжытып». Үчүнчүсү, ойлоо­нун оригиналдуулугу, өзүнүн көргөн, билгенин өзү гана айтууга жетишип келатышы. Төртүнчүсү – адабий түшүнүгү кеңейип баратышы. Ырларында көркөмдүк сапат жагы артылышы. Кыскалыкка аракет жасоо байкалат. Улам-улам кайталана берип тытылган теридей болуп ашмалтайы чыгып бүткөн темалар алыстап, сезондук сая­сый чакырыктардын үнү чыкпай калды. Күндөлүк турмушунда кандай кыйынчылыкты баштан өткөрүп, эмнеге ыраа­зы, эмнеге нааразы, кай чындыкты айтпай коюшка таптакыр болбойт деп санаса, сөзсүз түрдө ошону айтууга жарап келет. Эң жакшы жери: көздөгөнүнөн тайбастыгы, эрки бекемдиги анын таланты менен адамдык нарк-насилин да кошо ачылтып келет. Адамдардын баары эле байкуш кайберендерди чырылдатып канын куюлтуп жем кылып турган мээримсиз ач көздөрдү ушунчалык заардуу жек көрүп, атылган ок өз боорун тешип өткөндөй катуу ооруй бербейт. Акын жүрөгү башкачараак кабыл алат. Ишенбесең «Эчкинин улагы» деген дагы бир ырын окучу:

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.