Кадыркул Даутов
КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ
Памирде тоолор бийик, аска бийик,
Короо-короо кой мисал кулжа, кийик...
...сен аткан ок кадалбай боз улакка
Кадалсачы жүрөгүңө ташка тийип...
Жыпжылуу гильза ыргыды затворуңан
Адамдай ажал тапкан кас колунан –
Байкуш улак бир бакырып тыпырады
Түтүктөнүп ысык кан колтугунан.
Калдактап качты эчкилер, артын карап,
Бир эчки артта илкип араң барат.
Тыпыраган боз улагы элестелип
Сакалына жаш чубуруп тып-тып тамат.
Түшүндө ак улагы сүтүн эмет
Ойгонуп улагына кайра келет.
Улагы жок каңырсыган каны ташта
Убайымда кайтат да жашын төгөт.
Адам жалаң гана акыл менен эмгек куралын, тарыхы менен искусство түрлөрүн, же илим-билим жараткан жакшылыгынан башка да жер жүзүндөгү жырткычтардын жырткычы, ырайымсыз мерестердин мереси, чеги жок кыйраткычтын кыйраткычы, карды жарылгыча жесе да, көзү тойбос жутунгуч болсо, ага бир улактын бар-жогу эмне, баарына барат. Жан-жаныбарлар менен айбанаттарды мындай кой, Англиялык улуу философ
Т. Гоббс: – homo homini Lunus – человек человеку
волк, – адам адамга карышкыр – деп жөн эле бир кызыкчылык үчүн ойлонбой айта салбаса керек. Мында чындыктын өзөктүк сызыктарынын бири баштан аяк тартылып турбаса төрт жүз элүү жылдай убактан бери сакталып жүрмөк беле.
«Затвордон жыпжылуу гильза ыргыганда, касынан ажал тапкан адамдай байкуш улак бир бакырып тыпыраганда ысык кан колтугунан түтүктөнгөн» учурга ырастап ыкласыңды коюп, качан эчкилердин артынан бир эчкинин илкип баратканын деги эле элестетпей өтүп кете албайсың. Окко учкан улагын таштап салыш энеге өтө оор, калып калыш андан бешбетер кыйын, өзү атылат. Кетпеске таптакыр аргасы жок. Ошол үчүн алдан тайып, ич күйүтүн тартып араң баратат. Болбосо эмнеге «Сакалына жаш чубуруп тып-тып тамат?» Энелик инстинкт жапайы жаныбарларда өтө күчтүү өнүккөнүн өзүбүз деле көрүп жүрбөйбүзбү.
Эне жүрөгү улам улагын эстөө, зарлаган ый менен эле тынчып калбайт, сыздайт, таптакыр тынчы кетип эки жагын каранып издейт. Түнү да эркин уктай албайт, көзүнө улагын элестетет. Кокустан кирпиги кагылып кетсе:
Түшүндө ак улагы сүтүн эмет.
Ойгонуп улагына кайра келет.
Улагы жок каңырсыган кара ташта
Убайымда кайтат да жашын төгөт.
Суу жетпес тоо чөбүндөй үмүт солуп
Эчки жүрөт ичине күйүт толуп.
Мергенчинин эшигинде желге ыргалат
Ак улактын териси муштумдай чанач болуп.
Адам болобу, түрдүү айбанаттар болобу, ар жандын тагдыры өзүнчө чечилет тура. Ак улак мергенчинин колу менен атылды да, бир «чыр!» – этип алып, азуулуулардын алкына жутулуп кетти. Айтып бүткүс эң зор азапты улагын кантип жуткуртуп жибергенин эки көзү менен көрүп туруп, өз ыйы менен узаткан эчки-Эне тартып жатат. Ал таптакыр бөлөкчө жаралат окшобойбу. Башка аркар, кулжалар менен элик, текелер аралаш жүрүшсө да, улагынан айрылып артыкча убай тарткан эчки жалгыз калды. Калганда да кандай дейсиң. Баары бир тирүү кезде үмүт үзүлбөйт экен. Акын айтат:
Суу жетпес тоо чөбүндөй үмүт солуп,
Эчки жүрөт ичине күйүт толуп.
– – – – – – – – – – – – – – –
Мындан нары канчалык сыздап, кайгырбасын, канчалык көргүсү келип издебесин, улагынын маараган үнүн укпайт. Баары бүткөн, эмчеги эмилбейт, төгүлгөн мээри жетпейт. Деги ошол улактын бир белгиси калдыбы? Кыязы, көзгө урунуп, көңүл бургузары жалгыз гана ушул го дейм:
– – – – – – – – – – – – – – –
Мергенчинин эшигинде желге ыргалат
Ак улактын териси муштумдай чанач болуп.
Башка сөз ашыкча. Акын абдан оригиналдуу көркөм ыкма тапкан. Ырдын кантип бүтөрүн алдын ала айта коюш өтө кыйын. Жаңылануу аракетинде келет. Жашоонун бардык учурларына керектүү маселелер көтөрүлүүдө. Жалпысынан алганда изденүү жолуна түшүп жаткан жөндөмдүү акын катары да, агартуучу мугалим катары да, экология күйөрманы катары да, өзүн-өзү ачылтып киргени кадыресе окурман көңүлүн бургуза баштады.