Кадыркул Даутов

КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ

Кадыркул Даутов

Адам турмушу, адам табияты менен айбанаттар өмүр жолунун кайсы бир сызыктарында окшоштуктар да бар эмеспи. Акын ошол дүйнөнү ачып чыгышка аракет жасоого умтулат. Болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Эгерде байкуш эчки улагын эстей калса, сакалына жашы таамп, көзү жумула түшсө, түшүнө кирип, издесе табылбай, жок туруп бардай көрүнүп, бар десе жок чыгып, ачуу азап тартып жүргөн эчкинин күйүтүн чындап акын кошо күйбөсө, мындай көркөм асылдык сапаты жакшы, бирок, муңдуу мотивде бүткөн ыр кантип жазылып, кантип бүгүн да түп мааниси сакталып турмак.

Аңчылардын да өзүнчө чөйрөсү, ичтен жакындаштыгы менен атаандаштары болот. Ошол үчүн ууга бири уурданып жеке чыкса, айрымдары кошулуп чыгышат. Ар кимдин мүнөзү ар башка. Кез-кез жолу болгон учурларда баары ачылып бабырашып отуруп ташкордо бышканча реалдуу чындык менен фантазияны аралаштырып кызыктуу окуя­ларды айтышкан кездери болбоптурбу. Ошондой учурдун бир көрүнүшүн «Аңчылыкта» деген ыры жандуу кыймыл-аракеттин баарын алдыңа абдан сонун тартып берет:

 

Урчукту ууру булут калды басып,

Кийикчи ит тыңшайт сөздү түшүнчүдөй.

Жалын жалап кемегенин кара ташын

Жоолуктай көтөрүлүп, үзүлчүдөй.

 

Боорду карап коюп очоктогу

Бир чымчым насвай атып алакандап –

Берикбай кызып кетип насывайга

Бежирейт беш өрдөгү балапандап...

 

Мактанчаак мергенчилер «Мен, мен», – дешип

Сүйлөшөт кезек күтпөй жарыш менен.

Мампая малдаш уруп Мамырайым

Кулжанын мүйзүн ченейт карыш менен.

 

Айтышты тоодо жалгыз жаткандыгын,

Түтөкпөй далай ашуу ашкандыгын

Жанараак кулжа аткан куу аскадан

Качандыр картаң илбирс аткандыгын.

Асканы шуулдатпай шамал тынды,

Калптарын шуулдатпай алар тынды.

Мен уктап арсак Памир арасында

Түшүмдө көрүп жаттым Таласымды.

 

Ушунчалык узун ырды толук бойдон мисалга тартуунун зарылчылыгы бар беле? Сөзсүз бар, ал бир нече пункт­тан турат. Ошолорду конкрет белгилеп, конкрет көрсөтүп өтүүгө конкрет шарт түзүлүп калыптыр. Биринчиси: жалпылаштырып бүтүндөйүнөн алганда бул  циклди түзгөн ырлар менен мергенчилер дүйнөсүнүн дагы бир керектүү сызыгы толуп келатат. Бул жагынан акын өсүү жолунда. Лирикалык каармандардын жеке өзүнө таандык белгилерин, алардын мүнөзүн билдирчү көркөм деталь, штрихтер менен туйгузуп коюшка жетишчүдөй баскычка көтөрүлүп баратыптыр. Эң негизгиси, мында акындын табият байлыгына адамдын көрсөткөн  ашкере жырткычтыгына жасаган реакциясы же узакка уланып жаңылана берчү бүтпөс баасы берилип жатат деп билиш абзел.

Экинчиси: сөз менен сүрөт тартууга болгон табигый жөндөм бар экендиги. Мына ошондуктан, эл, жерге таандык болгон Памир колориттүүлүгү өз белгилерине көңүл бургузуп турат. Мындай жандуу элестүүлүк турмуш кубулуштарын өз көзү менен көрүп, алардын өз табигый сапат белгилерин сактап кагаз бетине таамай түшүрө алганы менен бааланат. Албетте, муну жансыз фото копия катары түшүнбөсүңө ишенерим бышык.

Үчүнчүсү: аңчылык же мергенчилик кесип кумары; ага түпсүз берилгендик, баш-оту менен кирип бар дүйнөсү ошол болуп жашап калуусу. Айтар сөзү, ырдай турган ыры, ойлой турган ойлору, алдыда көздөгөн мүдөөсү, аткарчу милдети, өмүр кызыкчылыгы, кыскасы, түшүнө чейин кирчү түк өзгөргүс тагдыры болуп калган уучулардын жеке мүнөздөрүн кошо ачып чыгууга жасалган иш-аракетке кадам ташталганы баамга урунат. Келтирген мисалдан карачы, канча түрдүү адам, канча түрдүү мүнөз, канча түрдүү кызыкчылык өкүм сүрүүдө.

...Бийик аскалуу тоо арасы. «Урчукту ууру булут калды басып». Жагылган отту тегеректеп аңчылар  отурушат. «Жалын жалап кемегенин кара ташын, жоолуктай көтөрүлүп, үзүлчүдөй» кетүүдө. Мергенчилер бирине бири сөз бербей жажакташып сүйлөшүүдө. Жакын аралыкта аңчы ит сөз түшүнчүдөй аларды тыңшап оту­рат. «Боорду карап коюп очоктогу, бир чымчым насвай атып алаканга» – кызып кеткенде Берикбай бежиреп беш өрдөгү балапандап...» кирет. Мактанчаактары – «Мен, Мен!» – бири бирине сөз беришпейт. Мамырайым мампая отуруп «кулжанын мүйүзүн ченейт карыш менен». Ал жаныбар тоодо жалгыз жаткан экен. Кайсы белдерди ашып келгенин, аны аткан куу аскадан «качандыр картаң илбирс аткандыгын айтышат». Булардын баарын мисалга тартып далилге өткөрүп турган ушул факты айтып берет. Сөз узакка созулуп кетти өңдөнөт. Тыянагын акындын өзүнө эле кайталатып алалычы:

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.