Кадыркул Даутов

КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ

Кадыркул Даутов

 

Асканы шуулдатпай шамал тынды,

Калптарын шуулдатпай алар тынды.

Мен уктап арсак Памир арасында

Түшүмдө көрүп жаттым Таласымды...

 

Анатай Өмүрканов өзү табиятынан аңчылыктын артынан бекем түшүп, бар шык-жөндөмүн ошого жумшап жашап калчу жандардан эмес экендигин буга чейинки карап өткөн ырлардын бардыгынан эле көрбөдүкпү. Бийик Памирде уучулар арасында жашап жүрсө да, азырынча бул кесиптин ичине берилип сүңгүп кирип кеткенин көрө алган жокпуз. Башкалардын чакыруу­су боюнча ууга чыгыш ал үчүн сөзсүз түрдө аткарчу милдет делбейт.

Ал эртеңки тагдырын башкадан күтөт, башка өнөрдөн, –  табият-тагдыр каны менен кошо тартуулаган, – акындык талантынан күтүлүп калды. Анын өмүр бою эч качан жанбас кумары – ПОЭЗИЯ, эстетикалык асылдык дүйнө. Ансыз жашай албайт. Албетте, уйкашка салып эмне жазса ошонун баары эле ыр боло бербейт. Азыркы жүргүзүп жаткан мугалимдик, же агартуучулук кесибинен башка кесипке өтөм десе өтөт, таштайм десе таштап деле коёт. Ал эми табият-тагдыр каны менен, эне сүтү менен кошо тартуулаган тубаса акындык талантынан эч качан бөлүнүп кетиши мүмкүн эмес экендигине бекем ишенип калдык.

Дагы бир жагы: чөйрө башка, жүргүзчү иш-аракет башкага көздөлөт. Мергенчилик деле артыкча кызыктырып жибербейт. Тек гана көңүлүн алаксытып келүүгө жасалган бар-жогу билинип-билинбеген катардагы мааниси аз көрүнүштөрдүн бири деп койсок боло берет. Анын  самаганы, күтүлүп-күтүлбөй кыялында көзүнө элестей калып турган туулган жердин ыйык күчү. Дал ошол үчүн «Мен уктап арсак Памир арасында түшүмдө көрүп жаттым Таласымды» – деген эки сапта канча эңсөө, канча сагыныч, туулган жердин баа жеткис кымбаттыгы  сакталып турат.

Ушинтип, баятан берки жасаган иш-аракетибизден биз кайсы максатты көздөп келатканыбыз жакшы эле түшүнүктүү болуп калды өңдөнөт. Негизинен белгилүү бир аралыкта жазылган өзүнчө бир цикл ырлар аркылуу жаш акындын аң-сезиминде, көркөм образга салып ойлоо жөндөмүндө кандай өзгөрүштөр жүрүп жатканын  конкрет аңдаштырып, кандай жыйынтыктар чыгарылганын конкрет далил-мисалдар менен жетиштүү эле даражада көрсөтүп бердик го деп эсептесек болот.

Муну А. Өмүркановдун бүтүндөй чыгармачылык тажрыйбасынын абдан маанилүү кырларынын бири катары гана карап, түшүнүк алганыбыз оң. Же мындан да ачыгыраак, мындан да тагыраак айтсак, Адам менен Табияттын байланышы, адамдын жаратылышка жасаган оң-терс мамилеси, дагы кененирээк жана тереңирээк түшүнүп, билгибиз келсе,  э к о л о г и я л ы к  олуттуу маселелер тууралуу акындын ой жүгүртүүлөрүн, азырынча илимий-теориялык аныктамаларга көтөрүлүп кетпесе да, –  жапайы жан-жаныбарларга болгон боор толгоолорун, эликтин улагы атылып, аркар, кулжалар менен эчки, текелердин азайып баратышынан эртең болчу бир кооптуу нерселер – акындык интуиция менен сезип, туюп, ошого окурман журтчулугунун да көңүлүн буруп жатканына кадимкидей олуттуу ой жүгүртүп каласың.

Андай болсо бул сызыктагы ырларда эстетикалык асылдык дүйнө да, узун өмүрлүү идеялар да, «Кожожаштан» бери келаткан бүтпөс экология проблемалары да, буга окшогон чыгармалардын жаралыш зарылчылыгы да бар экен. Мындан элүү жыл мурда кандай окулса, бүгүн да ошондой эле окулат. Маани-мазмун сакталуу. Көркөм формасы эскире элек. Туюнтуу каражаттары жарактуу бойдон, колдонуудан чыгып калган жок. Анткени, булар сезондук партиялык саясый чакырык, сезондук пахта терим, кызылча казуу, кой кыркым, тамеки үзүү сыяктуу бүгүн бар, эртең жок кампаниялардын ыры эмес. Түпкү тамыры жок, сөз жүзүндө, кагаз бетинде гана жашаган жасалма махабат, жасалма достук, жасалма патриотизм да эмес. Акындын жеке өз сезими менен өз ой толгоолорунан табигый түрдө жарылып чыккан оригиналдуу ырлар. Баштан өткөргөн турмуш чындыгынын айтууга өтө зарыл бир кыры, же акын куруп жаткан поэтикалык менчик имаратынын жер пайынын бир капталы ушундай негизинен туура тургузулуп баратат. Эгерде фундамент төрт кырлуу болуп курулса, дагы үч кыры жөнүндө сөз жүрүш керек. Анда ошого өтпөйлүбү? Сөзсүз, абдан зарыл.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.