Кадыркул Даутов

КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ

Кадыркул Даутов

Бул темада оригиналдуу ыр жаратыш өтө кыйын. Себептери көп: канчалык даражада болгон чеберчилигиң менен кооз саптарды кынабын келтирип тизмектештирип чыкпа, ичинде жандуу сезим менен жүрөктүн оту болбосо, баары бир оригиналдуу ойлор да болбойт, табигый түрдө атылып чыкчу сөз да чыкпайт. Канчалык таланттуу болсо да, ысыбаган дүрмөт жанбайт. Өзүнчө өң-түс берип башка материалдан жасаган гүл эч качан табият тартуулаган жандуу гүл делбейт. Анын астында тамыр жая турган кыртыш жок. Суу ичпейт, аба жутпайт, күндүн жылуулугуна мемиребейт, ошол үчүн жытсыз, даамсыз, ширесиз, жансыз. Кыскасы, жалган пафостон бир уяда чогуусунан энесинен жем сурап баары окшош чыйпылдашкан жөжөлөрдүн үнүндөй окшош өлүмсаңки кыбыраган бирдемелер гана жаралышы мүмкүн.

Экинчиси: тууган жердин кан-жаның менен түбөлүк бир экендиги, сен сыйынып, сен ыйык санаган дүйнөнүн эң улуусу, ал болсо, өзүң да болуп, андан ажырасаң, жоголуп турчу тагдырың экендиги. Дал мына ушундай Ата Журт улуулугу менен ыйыктыгы кандай кымбат болорун А. Өмүрканов тээ алыс­кы Памир тоолорунун катаал шарттарында Мекен зарылчылыгы чакырган маанилүү иштерге кармалып жүрбөсө, кайдан келип мындай нагыз жылаңач чындыкты түп нускасында табиятын таанып билмек. Кайсы күч жүрөк, сезимге көрүнүп-көрүнбөй кирип алып, сагынычтан санаа тарттырып, анан ушундайча баа бердиртип жатат. Ал дүйнөнүн кызыктуулугу менен сүйкүмдүүлүгү, жагымдуулугу менен керемет көркү кандайча курула баштаганын акындын «Тууган жерге» деген ырынын ичине кирүү, туюу, баалай билүү ой-сезимдериңди кылдат сергитип алып тереңден тес­керип чыкканыбыздан жакшысы жок. Ыкласыңды коюп карай бер:

Алоологон мештеги от

Жалп деп өчөр өмүрдөй.

Жылытамбы көңүлүңдү

Үйдү ысыткан көмүрдөй

 

Жолдоруң ай, жолдоруң ай

Жоогазынга басамбы?!

Көңүлдү эзген көк тулаңга

Көмкөрөмдөн жатамбы?!

 

...Тынбай аккан тоо суусунун

Тынбагандай дабышы,

Тынбайт,

           тынбайт

                      сен тарапка

Ойлорумдун агышы...

 

Жаш акында бирөөлөрдү туурап же жазыш үчүн эле жазууга умтулуунун эч кандай жышааны баам-парасатыңа урунбайт. Түбү калың мөңгүдөн бардык убакта үзгүлтүксүз сызылып чыгып турчу тоо суусундай болуп жаз келгенден тереңдеп, кеңейип кете берчү туптунук тоо суусундай болгон акындын өмүрлүк жанбас урмат, сыйы реалдуу турмушунда кандай көрүнсө, ыр саптарында деле ошол бойдон жолугушат. Атайылап майдалап талдоо жүргүзүп чыкпасак деле акындын жүрөгүнөн жай таап, эми тил учунда турган сөзү айтылды. Экинчи, үчүнчү куплет – атайылап асты сызылган саптарда өзүнүн канчалык жылуу сезими уялап турат. Ушинтип, акындын чыгармачылык тажрыйбасында эртең дагы бир салаа пайда болоруна жарактуу урук ташталып, көктөп, тамырлап кетишке жол ачылды, анын жылышына, негизги сапаттык белгилерине көңүл бургуза кетели. Эмесе акындын ушул темада жазган ырларына атайылап кунт коюп окуп кирдик дейли. «Таласты сагынуу»:

 

«Жакшысың жаан жаар жайкы кечтей

Жагалданып жадымдан көркүң кетпей,

Ата-энемдей сагындым Талас сени

Аба жарып кыйкырсам үнүм жетпей.

 

Чынында Памир кыска, Памир бийик

Жүрөмүн көкүрөгүм көккө тийип.

Жүрөмүн бакма элик баласындай

Талас деген сөз уксам көзүм күйүп.

 

Памирди көрсөм ээ деп самап, самап

Келген соң, иштеген соң – атаганат!

Аргасыз асыранды аркар мисал

Талас деген сөз уксам жүрөк канап...

 

Кубарып куурай мисал өңдөн азып

Тултуюп кээ бир кечте эрте жатып.

Таласымдын табийгатын элестетсем.

Элжиреймин жүргөндөй анда басып.

– – – – – – – – – – – – – – – – –

 

Бул жалгандан жалынып жалбаруу, артистче роль аткаруу, болбосо тек гана көңүлүн алаксытып туруш үчүн жеңил-желпи жазылып калган куплеттер эмес. Мында жоктон бүткөн эч нерсе жок. Күтүүсүз чыккан күлкү менен көз жаштай табигый түрдө ичтен катмарланып келип кезеги жеткенде шарт жарылып жүрүп кеткен кар көчкүдөй күчкө салып бар табият тагдырын Ата Мекенге байлатып турган улуу күч – ага болгон сүйүүсү. Көрсө, жарыкчылыкта Адам баласына Ата Журтунан жакын, Ата Журтунан кымбат баалуулук болбойт экен. Алыскы Памир тоолору Анатай Өмүркановго ошол улуу чындыктын терең сырларын таанытып жатат.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.